Конго Демократиялык Республикасынын түндүк-батыш тарабында белгисиз оорудан 50дөн ашуун адам көз жумду. Бул тууралуу 24-февралда жергиликтүү дарыгерлер жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) билдирди.
Бикор шаардык ооруканасынын медициналык директору Серж Нгалебато Associated Press агенттигине айтканына караганда, бейтаптардын көбү оорунун белгилери байкалгандан 48 сааттын ичинде көз жумушкан.
"Бул эң кооптуу жагдай", - деди Нгалебато
Өлкөдө белгисиз оорунун жайылышы 21-январда башталган. Ушул күнгө чейин жалпы 419 бейтап катталып, алардын 53ү өлүм менен аяктады.
ДССУнун Африкадагы кеңсесинин маалыматына караганда, биринчи бейтап Болоко шаарында катталган. Үч бала жарганаттын этин жеп, 48 саат ичинде денеси ысып, кансырап каза болушкан.
Жапайы жаныбарларды тамак-аш катары колдонгон аймактарда оорулардын жаныбарлардан адамдарга жугушу боюнча тынчсыздануу күч.
Африкадагы мындай эпидемиялар акыркы он жылда 60% көбөйгөнүн ДССУ 2022-жылы билдирген.
Белгисиз оорунун экинчи очогу 9-февралда Бомат шаарында катталган. Дүйнөлүк уюм билдиргендей, 13 бейтаптан алынган анализдер Конгонун борбору Киншасадагы Улуттук биомедициналык изилдөө институтуна жөнөтүлдү.
Айрым бейтаптарда безгек (малярия) табылды.
Өткөн жылы Конгонун башка аймагында ондогон адамдардын өмүрүн алган белгисиз сасык тумоо сыяктуу оору катталып, ал акырында безгектин бир түрү болушу мүмкүн деп боолголонгон.
Шерине