Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Оштун мэри саат 22:00дө жарыгын өчүрбөгөн кафе-ресторандарды бир айга жабуу тапшырмасын берди


Оштун мэри түнкү рейд учурунда.
Оштун мэри түнкү рейд учурунда.

13-ноябрдын кечинде Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери кафе-ресторандар менен оюн-зоок жайларын текшерип, түнкү саат 22:00дөн кийин электр энергиясын өчүрүү талабын коюшту.

Эки шаардын мэриялары бул ишти кыш мезгилинде электр жарыгын үнөмдөө жана “Тынчтык жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткаруу менен байланыштырып жатышат.

Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев саат 22:00дө ишин токтотпогон жайлардын жарыгын бир айга өчүрүү тапшырмасын берди.

“Рейдде аныкталган кафе-ресторандардын баарын жаппасак болбойт. Эртең “мына, айтып кетти эле, кайра эле иштеп жатат” деген сөз болот. Бир айга жаап, тарбиялап коёбуз”, - деди ал.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясы борбордун тургундарынын тынчтыгын камсыз кылуу жана “Тынчтык жөнүндө” мыйзамды аткаруу деген негиз менен тамактануучу жайларды, түнкү клубдарды саат 22:00дө жабуу тууралуу буйрук чыгарды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 13-ноябрда элге кайрылуусунда “Тынчтык жөнүндө” мыйзам аткарылбай жатканын айтып, саат 22:00дөн таңкы 7:00гө чейин кафе-ресторандар менен оюн-зоок жайлары ишин токтотушу керектигин билдирип, жергиликтүү бийлик иштебей жатканын айткан. Атайын кызматтын жетекчиси президенттин облустардагы өкүлдөрүнө, мэрлерге, район акимдерине кайрылып, талапты аткарбагандардын жарыгын өчүрүп коюуга чакырган.

“Тынчтык жөнүндө” мыйзамда жумуш күндөрү саат 22:00дөн 7:00гө чейин, дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 9:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлинен ашууга жол берилбей турганы жазылган.

Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзамдын автору Дастан Бекешев мыйзамда кайсы бир жайларды жаап салуу тууралуу берене жок экенин, болгону добушка байланыштуу норма каралганын айтты. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG