Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Бишкекте туура эмес токтотулган чыгырыктар айып короосуна ташыла баштады


Туура эмес токтотулган чыгырыктарды айып короого ташып баратканда тартылган сүрөт.
Туура эмес токтотулган чыгырыктарды айып короого ташып баратканда тартылган сүрөт.

Бишкекте туура эмес жерге токтотулган 109 даана электр чыгырыгы айып короосуна ташылып кетти. Бул тууралуу Ленин райондук администрациясы 13-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, соңку убакта шаар тургундарынан чыгырыктардын туш келди токтотулуп, жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратканы тууралуу кайрылуулар көп түшө баштаган. Бул боюнча мэриянын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы менен акимиат чогуу иш алып барган.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө чыгырыктарды ижарага берген “Яндекс”, “San Rent”, “To Go” жана “Try Me” компанияларына айып салынган.

Башкармалык жарандарды чыгырыктарды атайын белгиленген жайларга токтотууга чакырган.

Бишкек мэриясы электр чыгырыктарын колдонуу боюнча кошумча чектөөлөр киргенин октябрда билдирген. Мындай талап жөө жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн кабыл алынганын түшүндүргөн. Ага ылайык, чыгырыкты ар кайсы жерге токтотууга болбойт жана мындай учурда муниципалдык кызматкерлер аны айып короосуна алып кетет.

Бишкек шаарынын Кайгуул-күзөт кызматынын быйыл июлдагы маалыматына караганда, Бишкекте алты айда чыгырыктын айынан 179 кырсык катталган. Андан 192 адам жаракат алган. Сентябрда бул каражатты колдонууга тыюу салуу үчүн кол чогултуу жүрүп, аны 7 миңдей киши колдогон. Анда Бишкектеги шарт чыгырык колдонууга даяр эмес экени, мунун айынан жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаралып жатканы айтылган.

Соңку бир-эки жылда Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте электр чыгырыктарды көчө боюна коюп, каалоочуларга ижарага берген чакан компаниялар көбөйдү. Алар кардар менен түздөн-түз байланышпайт, ижара акысын кардардын чөнтөк телефонундагы атайын мобилдик тиркеме аркылуу алып турат.

Шерине

XS
SM
MD
LG