Президент Садыр Жапаров жетекчилер, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери электр энергиясын үнөмдөө жана “Тынчтык мыйзамын” камсыздоо боюнча тапшырманы ашкере аткарып, “бөрк ал десе баш алып” жатканын билдирди. Бул тууралуу президент 14-ноябрда Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.
“Элдин тынчтыгын бузуп, спирт ичимдиктерин ичип алып ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөөнү тапшырганбыз. Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер! Мындай кылбагыла, токтоткула андай аша чапканды!”, - деди мамлекет башчы.
Жапаров биринчи кезекте электр жарыгын үнөмдүү пайдаланбай, “мамлекет төлөйт да” деген кайдыгер жетекчилерди, түнү бою жарыгын күйгүзүп таштап кеткен мамлекеттик ишканалардын имараттарын көзөмөлгө алууга чакырды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 13-ноябрда элге кайрылуусунда “Тынчтык жөнүндө” мыйзам аткарылбай жатканын айтып, саат 22:00дөн таңкы 7:00гө чейин кафе-ресторандар менен оюн-зоок жайлары ишин токтотушу керектигин билдирип, жергиликтүү бийлик иштебей жатканын айткан. Атайын кызматтын жетекчиси президенттин облустардагы өкүлдөрүнө, мэрлерге, район акимдерине кайрылып, талапты аткарбагандардын жарыгын өчүрүп коюуга чакырган.
13-ноябрдын кечинде Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери кафе-ресторандар менен оюн-зоок жайларын текшерип, түнкү саат 22:00дөн кийин электр энергиясын өчүрүү талабын коюшту. Ушундай эле рейддер бир катар облустарда да жүрдү.
Эки шаардын мэриялары бул ишти кыш мезгилинде электр жарыгын үнөмдөө жана “Тынчтык жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткаруу менен байланыштырып жатышат.
Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев саат 22:00дө ишин токтотпогон жайлардын жарыгын, суусун бир айга өчүрүү тапшырмасын берген. Бул коомчулукта нааразылык жаратты.
“Тынчтык жөнүндө” мыйзамда жумуш күндөрү саат 22:00дөн 7:00гө чейин, дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 9:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлинен ашууга жол берилбей турганы жазылган.
Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзамдын автору Дастан Бекешев мыйзамда кайсы бир жайларды жаап салуу тууралуу берене жок экенин, болгону добушка байланыштуу норма каралганын айтты.
Быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз топтолуп, электр жарыгын колдонууга чектөөлөр коюлду.
Ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда бир нече саат бою электр кубатын берүү чектелип, “Акылдуу эсептегичтерде” эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.
6-ноябрда электр энергиясын сарамжал пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да киргизилген. Ага ылайык, бул мекемелер саат 18:00дөн 06:00 аралыгында жарыкты жана электр шаймандарын иштетүүнү чектейт. (BTo)
Шерине