Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

"Үч жыл иштейбиз". Тигүү цехтери Бангладештен жумушчу тартууда


Bangladesg-Bishkek-Migrant-19.02.2024
Bangladesg-Bishkek-Migrant-19.02.2024

Кыргызстандын өз жарандары тышка иш издеп кетип жаткан чакта башка өлкөлөрдөн Ала Тоого арбын акча табууну көздөп келген мигранттардын агымы көбөйүүдө. Алардын көбү Пакистан, Бангладеш, Шри-Ланка жана Филиппинден келүүдө.

Тигүү тармагына жаңылык киргизген бангладештиктер

Бангладештиктер менен Бишкектеги ири базарлардын биринин жанындагы фабрикадан жолуктук. Ал жерде жыйырмадай бангладештик бар экен. Бишкекке былтыр жай айларынын этегинде келишкенин, андан бери айрымдары кыргызча үйрөнүүгө аракет кылып жатканын айтып беришти. Анткени жумуш берүүчүлөр менен сүйлөшүү үчүн зарылдык болду дейт алар.

Алардын бири Мустафа Ахмет кыргыз тилинде иши тууралуу айтып берди.

Мустафа Ахмед
Мустафа Ахмед

“Бул жакка келгениме алты ай болду. Азыр тигүү цехинде иштеп жатам. Жакшы компанияга туш болдук. Бул жакта 11 саат иштейбиз. Алты күн иштеп, бир күн эс алабыз”.

Бангладештиктер бенгал тилинде сүйлөшөт. Арасында айрымдары гана англис тилин азыноолак билет. Алардын айтымында, чет тилин мектеп программасынан бир аз окуганы болбосо тереңдеп үйрөнүшкөн эмес. Хуссеин Дидар терең болбосо да ошол билими азыркы ишине жардамын берип жатканын айтты:

“Кийим тиккенди 15 жашымда үйрөнгөм. Менден үч жаш улуу агам бар. Ал дагы тикмечи. Ошол агам мага билгендерин үйдөн көрсөтүп берчү. Кийин мектепти бүткөндөн кийин эки жыл кийим тигүү курсунда окудум. Биздин өлкөдө тигүүчүлөр көп. Жумуш берүүчүлөр аларды атайын сынак менен жумушка алат. Атаандаштык курч. Сенин башкалардан айырмаланган талантың болушу керек. Мисалы мен бат кыймылдайм. Тапшырманы мөөнөтүнөн мурда бүтүрөм. Ушул сыяктуу артыкчылыгың болушу керек. Болбосо Бангладештеги тигүү цехтеринде иштөө кыйын”. “

Хуссеин Дидар
Хуссеин Дидар

Кийим тигүүчү цехтин жетекчисинин Нуржамал Толубаеванын айтымында, бангладештиктер тажрыйбалуу тигүүчү болушат. Өз өлкөлөрүндө атайын окуу жайлардан тигүүчүлүк кесипке ээ болгондон кийин чет өлкөлөргө иштөөгө уруксат берилет. Мындан тышкары тигүү тармагындагы жаңы ыкмаларды колдонушат.

Нуржамал Толубаева
Нуржамал Толубаева

“Булардын өздөрүндө технолог, заклепщик сыяктуу тигүү тармагына керектүү кесип ээлери бүт бар экен. Керек болсо кийим тиккен машинелерди да оңдогон механиктери да болот экен. Андан тышкары булар конвейер системасы менен иштеп жатат. Бул ыкманы биз тигүү тармагына киргизе албай жүргөнбүз. Бенгалдар аябай аракетчил экен".

23 жаштагы үтүкчү Ислам Седир Бангладеште жашаган ата-энесине жана бир туугандарына жардам берүү үчүн Бишкекте иштеп жатканын айтууда. Ал айлыгынын чып-чыргасын коротпой ата-энесине жөнөтүп турат.

Ислам Седр
Ислам Седр

“Мен бул жакта кийим үтүктөйм. Жумушум оор эмес. Бангладеште жумушчу орундар жетишсиз. Элдин көбү жумушсуз. Жумуш болсо да айлыгы өтө аз. Жашоого жетпейт. Мен Банладештин борбору Даккада тигүү цехинде иштегем. 150 доллар айлык алчумун. Бул жактагы айлыгым мен үчүн аябай жакшы. Кыргызстанга виза бир жылга ачылган. Бирок аны узартса болот дешти. Кыргызстанда үч жыл иштейм деген оюм бар. Бул жактагы негизги жумуш убактыбыз бүткөндөн кийин дагы эки саатка калабыз. Көбүрөк иштегенибиз үчүн кошумча акча алабыз. Ушундай тартипте иштөөнү өзүбүз сурандык. Анткени бул жакка акча табууну көздөп келгенден кийин мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп алалы да. Анын үстүнө Бишкекте башка иштериң жок. Саат сегизде жумуш бүтөт. Андан кийин деле эс алууга убактың жетет. Кечке тикеден-тике туруп, белим ооруп кетет. Андайда бир аз эс алып, анан ишимди уланта берем. Мен үчүн башкалардын иши токтоп калбашы керек да”.

Мигранттардын кечки жашоосу

Кечки саат сегизде бангладештик мигранттардын иш убактысы аяктайт. Алар цехтин короосундагы үйдө жашайт. Келишим боюнча аларды иш берген тарап, жатакана менен камсыздаган. Ал эми тамак-ашы өз эсебинен болот.

Арифул Ислам бенгал ашканасынын “мас-токари” деп аталган күрүч жана балык кошулган тамакты жасоодо.

Арифул Ислам
Арифул Ислам

“Мен азыр улуттук тамакты жасап жатам. Кээде тоок менен кээде балык менен жасалат. Балыкка кошулган атайын татымалдарды Бангладештен ала келгенбиз. Биз ачуу татымал менен тамактарды көп жасайбыз. Ошого көнүп калганбыз. Бул жакта 15 киши жашайбыз. Тамакты кезектешип жасайбыз. Бүгүн Атаур экөөбүздүн кезегибиз. Бангладеште негизи аялдар тамак жасайт. Алар ооруса, же кыйналып, жардамга муктаж болгондо гана эркектер аларга жардам берет. Мен тамак жасаганды бул жакка келип үйрөндүм”.

Мигранттар күнү бою жумушта болуп кечкурун үйлөрүнө телефон чалып, кабар алышат.

Бангладештик мигрант
Бангладештик мигрант

“Бангладеште үй-бүлөм калды. Аялым боюнда бар кезинде мен Кыргызстанга жумушка кетип калдым. Эки ай мурда көз жарды. Мага окшош экен деп айтышты. Аябай көргүм келет. Бирок айла жок, иштейм деп кеткенден кийин артка кайтпашым керек. Биз ата-энем менен чогуу турабыз. Эки балам бар. Аялым иштебейт. Аялым экөөбүз өзүнчө там сатып алалы деп ниет кылып жатканбыз. Тилегибиз ишке ашса, мен бул жактан чогултуп барган акча жетет деп ойлойм. Бирок дагы үч жыл иштешим керек”, - деди Мустафа Ахмет аттуу жумушчу.

Четтен мигрант ташыган Бишкектеги агенттиктер

Бишкекте чет өлкөдөн жумушчуларды алып келип, аларды ишке орноштуруу менен алектенген бир нече агенттик бар. Аларга кайрылгандардын басымдуусу тигүү цехтери жана тейлөө тармагындагы ишкерлер.

Ушундай агенттиктердин биринин жетекчиси Нурислам Бангладештеги окуу жайлардын биринде “тил илимдери жана Ислам динин таануу” боюнча 10 жыл окуп келген экен. Азыр ал бенгал, урду, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

Нурислам Камбаров
Нурислам Камбаров

“Төрт айдын ичинде 250дөй бангладештикке виза ачтырдык. Бирок анын 50сүн гана Кыргызстанга алып келгенге жетиштик. Себеби, Бангладештен чыгып кетүү жеңил эмес. Кыргызстандан аларга чакыруу барып, визага берилгенде да алардын мыйзамдарына ылайык, окуудан өтүп, тийиштүү документтерин алышы оңой эмес”.

Кыргызстанда жумушсуздук күч болгону менен жергиликтүүлөр тигүү жана тейлөө тармагына дайыма эле туруктуу иштей бербейт. Нурислам Камбаров мындан улам чет өлкөлүк мигрантарга муктаждык бар экенин айтты.

“Азыр кайсы цехке барба, тигүүчүлөр керек экени жазылып турат. Бишкектеги цехтер жумушчу күчкө муктаж. Кыргыз кыздар көп иштечү эле. Бирок алар жумушка туруксуз болот экен. Ошондуктан цехтин жетекчилери туруктуулук үчүн чет өлкөлүк жарандарды жумушка алууга аракет кылып калды”.

Кыргызстандагы түштүк азиялык мигранттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:56 0:00

Кыргызстандын миллиондон ашык жараны чет мамлекеттерде мигрант болуп жүрөт, алардын көбү Орусия менен Казакстанда. Акыркы жылдары Орусиядагы мигранттардын көбү Батышка, Азия өлкөлөрүнө, АКШга ооп жатат.

Эксперттер мигранттардын эң чоң үлүшү өнүккөн өлкөлөргө туура келерин белгилешүүдө. Ошентсе дагы Кыргызстан сыяктуу экономикасы чакан өлкөлөргө дагы миграциянын агымы бурулууда. Салыштырмалуу алардын саны көп деле эмес. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдагы маалыматында, 17 миңге чукул чет өлкөлүк жаранга Кыргызстанда иштөөгө уруксат берилген. Анын алты миңден ашууну кытай жарандары, 1500дөй түркиялык, 500дөн ашык пакистандык мигранттар.

Мындан тышкары Түштүк Корея, Индия жана вьетнамдан келгендер да бар. Ошол эле кезде мыйзамсыз иштеп жүргөндөр тууралуу дагы айтылып жүрөт. Бирок алардын санын тактоо кыйын, анткени бул тууралуу расмий маалыматтар да жок.

XS
SM
MD
LG