Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Министр Базарбаев Кыргызстанда жумушчулар жетишсиз экенин айтты


Тигүү ишканасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Тигүү ишканасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2022-жылы жумушсуздуктун деңгээли 5,3% түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 1,7% төмөндөгөн. Ушул тапта 142 миңден ашуун адам расмий түрдө жумушсуз деп катталган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 16-мартта журналисттер менен жолуккан учурда Кыргызстанда жумуш орундары жетиштүү экенин, тескерисинче жумушчулар жетишпей жатканын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө биздин өлкөбүзгө жумушчулар жетишпей жатат. Жаңы жумуш орундары даяр, бирок жумушчулар жетишсиз", - деди министр.

Базарбаев айрыкча тигүү цехтери жумушчуларга муктаж экенин белгиледи. Мындай таңкыстык Бишкек, Ош жана Ысык-Көлдө жогору экенин кошумчалады.

2021-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 104 миң адам жумушсуз катары катталган. Өткөн жылы жумушсуздардын саны салыштырмалуу 3,4% өскөнү айтылган.

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын социалдык абалы тууралуу былтыр жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар (59%) эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен.

Кыргызстанда жумушсуздук - негизги социалдык-экономикалык маселелердин бири. Жети миллиондон ашуун калктын миллионго чукулу Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG