Литванын маданият министри Игнотас Адомавичюс отставкага кетип жатканын билдирди. Бул тууралуу Литванын улуттук телерадио корпорациясы маалымдады. Ал бул кызматка бир жумадай мурун, 25-сентябрда бекитилген.
Маалыматка караганда, жаңы министр интервью берип жатып «Крым кимге таандык?» деген суроого жооп бере алган эмес.
Адомавичюс соболду чагымчыл деп баалап, мекеменин ишине тиешеси болбогондуктан аны козгоонун кереги жоктугун айткан.
Өкмөт башчы Инга Ругинене министрдин Украинанын аннексияланган жарым аралы боюнча айткандары кабыл алынгыс, ал отставкага кетүүгө тийиш деген ою менен бөлүштү. Көп узабай Адомавичюс кызматтан кетүү арызын жазды жана өзүнө, үй-бүлөсүнө кысым болгонун билдирди.
Министрликти жетектөөгө дайындалгыча ал макарон чыгарган компаниянын коммерциялык директору болчу. Анын Маданият министрлигине келиши нааразылык жаратып, Вильнюста жүздөгөн киши акцияга чыккан.
Шерине