Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

Бишкекте митингге тыюу салган чечимдин мөөнөтү дагы узарды


Бишкек. Архив сүрөт.
Бишкек. Архив сүрөт.

Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюунун мөөнөтү кайрадан узартылды. Шаардын негизги аянттарында акция өткөрүүгө тыюу салынганына үч жылдан ашты. Эмне үчүн чектөө кайра жаңыртылып жатат? Шайлоо өнөктүгү алдында мунун таасири кандай болот?

3,5 жылдан бери уланып келаткан чектөө

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” берген маалыматка ылайык, 30-сентябрда ушул эле райондун администрациясынын быйылкы жылдын 1-октябрынан 31-декабына чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизүү өтүнүчүн сот канааттандырган. Райондук администрация мындай чечим шаар тургундарынын арызынан улам кабыл алынганын билдирүүдө.

Биринчи май райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Адилет Бейшеке уулунун айтымында, сотко жөнөтүлгөн кайрылууда борбордук көчөлөрдө жашаган жарандардын көптөгөн арыздары көрсөтүлгөн:

"Анда шаар тургундары митингдеги ызы-чуу алардын эс алуу укугун бузуп, ыңгайсыздык жаратарын белгилешкен. Кыргыз Республикасынын тынч жыйындар тууралуу мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктуна таянуу менен муниципалитет Биринчи май районунун аймагында тынч жыйындарды өткөрүүнү чектөө чечимин кабыл алды. Чечим райондук сотко жөнөтүлүп, ал мыйзамдуу деп табылды."

Биринчи май районунун аймагында өлкөнүн негизги мамлекеттик мекемелери жайгашкан.

Райондук сот 2022-жылы март айында Бишкектин Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, Өкмөт үйүнүн алдында, Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салган. Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жанындагы жерлерде, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында да тынч жыйын өткөрүүгө чектөө киргизилген.

Ошентип, шаардын негизги аянттарында акция өткөрүүгө тыюу салынганына үч жылдан ашты.

Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.

Укук коргоочулар жана активисттер тынч жыйындарга соттун чечими менен тыюу салуу Баш мыйзамга туура келбей турганын айтып, ар бир адамдын укугу Конституция менен корголуп, ал өз оюн эркин айтууга укуктуу экенин белгилеп жатышат.

Баш мыйзамда кепилденген жарандык укук

Талдоочу Руслан Акматбек мындай акциялар бийлик элдин уга турган аянтчасы экенине көңүл бурууда:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

"Биринчиден, бул Конституцияда бекитилген ар бир жарандын укугу. Экинчиден, бул элдин үнүн жеткирүүнүн бирден-бир мыйзамдуу жолу. Үчүнчүдөн, мындай чектөө коомго да, бийликке да жакшылык алып келбейт. Себеби бийлик ушинтип элдин үнүн укпаса кантип сигнал алат? Эгер биз толугу менен көйгөйлөрдү чечип, бакубат жашаган өлкө болсок, бир жөн эле. Баарыбыз билгендей, Бишкек шаарында эле толтура социалдык көйгөйлөр бар".

Бул жолу Бишкектин борбордук аянтында митингге тыюу салуунун мөөнөтүн узартуу парламенттик шайлоонун алдына туш келди. Адатта шайлоолордо жарандардын саясий активдүүлүгү жогорулап, нааразы болгондор Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жана башка органдардын алдына барып акцияларды уюштуруп келген. Андай мүмкүнчүлүк бул жолу жок.

Бирок, талдоочу Руслан Акматбектин пикиринде, жарандардын өз оюн билдирүү укугун таптакыр чектеп салуу деген көрүнүш болбойт:

"Шайлоо таза өтөт деп өзүлөрү айтып жатышпайбы. Системаны, шайлоо ыкмаларын өзгөртүү деп, бардык ыкмаларды алып келдик деп жатышат. Анда эл эмнеге нааразы болуш керек? Шайлоодон кийин нааразылыгын билдиргендер, албетте, болот, бирок жарандардын укугун таптакыр чектеп салышпайт, менин оюмча. Себеби 30 жылдан бери Кыргызстанда өзүнүн оюн тынч митинг аркылуу билдирүү маданияты калыптанып калган”.

Муниципалитет, өз кезегинде, эгер шаар тургундары көйгөйлөрдү ачык айтып чыгуу укугу чектелип жатканы тууралуу кайрыла турган болсо, алардын дагы үнүн угууга даяр экенин билдирүүдө.

Өкмөттүн жаңы сунушу талкууда

Бул арада кыргыз өкмөтү өлкө аймагында массалык иш-чараларды даярдап-өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу тартибин бекитүү жөнүндөгү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Тагыраагы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иштеп чыккан долбоорго ылайык, өлкөдө кайсы бир массалык иш-чараны өткөрүү алдында макулдашуу талабын киргизүү сунушталууда.

Долбоордо "мекемелер ортосундагы координацияны чыңдап, иш-чаранын катышуучулары үчүн тобокелдиктерди азайтууга жана жарандардын укуктарын сактоого жардам берүү" максаты көздөлүп жатканы белгиленген. Эгер сунуш колдоо тапса, анда “Тынч чогулуштар жөнүндө” жана “Мамлекеттик күзөт жөнүндө” мыйзамдар менен жөнгө салынуучу иш-чаралардан тышкары маданий, спорттук, билим берүү, эс алуу же башка мүнөздө уюштурулган бардык иш-чаралар мына ошол тартипке ылайык уюштурулат.

Юристтер тынч жыйындарга соттун чечими менен тыюу салуу Баш мыйзамга туура келбей турганын кайталап келишет. Адистер ар бир адамдын укугу Конституция менен корголуп, ал өз оюн эркин айтууга укуктуу экенин белгилөөдө.

Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда адамдардын тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп жатканын кайталап келишет.

"Адам укуктарынын корголушу - эгемендиктин өзөгү"

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы сапары учурунда сүйлөп жатып Кыргызстанда туруктуулук орноп, акыркы үч жылда бир да митинг болбогонун айткан. Ал эми ошол эле жылдын 31-августунда Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасында ал Кыргызстанда авторитардык башкарууга жол бербей турганын айткан жана сөз эркиндиги, адам укуктарынын корголушу, мамлекеттин бүтүндүгү жана күчтүү экономика эгемендиктин өзөгүн түзө турганын белгилеген.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Азыр деле “Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып баратат” деген баш адаштырган азгырма жол менен кетүүнү таӊуулап жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө коопсуздукка суроо-талап болушунча өсүп жатканына күбө болуп келебиз. Азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарына адекваттуу башкаруу системасы гана тийиштүү деңгээлде жооп бере алат деп баса белгилеп айтар элем”, - деген Жапаров.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда 30-ноябрда өткөнү жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары 25-сентябрда парламентти кезексиз таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун бир добуштан колдогон.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (БШК) Тынчтыкбек Шайназаров “Азаттыкка” маек берип, эгерде Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, Боршайком ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG