Караколдо окуучу сабалган окуяны бийлик териштирет
Караколдо классташ кызына кол көтөргөн окуучунун окуясы боюнча териштирүү башталганын Ысык-Көлдүн жетекчилиги билдирди. Ал эми окуя болгон №2 Байсары уулу Кыдыр аке атындагы орто мектептин директоруна, класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусуна жана социалдык педагогуна сөгүш берилди. Коомдо талкуу жараткан бул окуядан кийин бала индивидуалдык окууга өткөрүлүп, ал ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү экени да айтылды. Билим берүү тармагындагы адистер маселе инклюзивдик билим берүү маселесин көтөргөнүн белгилеп жатат.
Шерине