Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:09

Чехия: Шайлоодо Украинага жардамды азайтууну жактаган партия жеңиши мүмкүн


Шайлоо алдындагы жарнак. Прага, 26-сентябрь 2025-жыл
Шайлоо алдындагы жарнак. Прага, 26-сентябрь 2025-жыл

Чехияда парламенттик шайлоо башталды. Добуш берүүгө чейинки сурамжылоолор борборчул-оңчул өкмөттүн ордуна популист Андрей Бабиштин кыймылынын бийликке кайтып келүү ыктымалдыгын көргөзүүдө. Бирок өкмөт түзүү үчүн ага башка партиялар менен коалиция курууга туура келчүдөй.

Миллиардер маяналарды көтөрүүгө, экономиканы өнүктүрүүгө убада берип, Украинага жардамды азайтарын айтып келет.

Байкоочулар Бабиштин кайтып келүүсү менен Чыгыш Европада мигранттарга каршы лагерь кеңейерин белгилешет.

Коронавирус пандемиясынан кийин жана Орусия Украинага кол салгандан бери Чехияда инфляция кескин күчөп, калктын реалдуу кирешеси азайды.

Мунун бардыгы премьер-министр Петр Фиаланын коалициялык өкмөтүнүн популярдуулугуна терс таасир тийгизди.

Бабиш орусиялык позициясы менен белгилүү Венгриянын премьери Виктор Орбандын Европарламенттеги тобунун өнөктөшү. Шайлоонун алдында ал Украинаны ок-дары менен камсыздоо программасына чекит коерун, акчаны чех элине жумшоону көздөй турганы айтып келди.

Экс-премьер 15 жыл мурун Еврошаркеттен алган субсидияларга байланыштуу көз боёмочулукка айыпталууда. Бабиш дооматтарды четке кагып жүрөт.

Добушканалар ишембиде түштөн кийин жабылып, алгачкы жыйынтыктар ошол эле күнү белгилүү болмокчу.


Шерине

XS
SM
MD
LG