Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:00

Израил-Иран жаңжалы: Араб өлкөлөрүн чочулаткан жагдай


АКШ Израил-Иран куралдуу жаңжалына түздөн-түз кийлигишсе, анын арты кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн? Рейтер жана AP сөзгө тарткан эксперттер уруш америкалык базалар жайгашкан Перс булуңдагы өлкөлөргө жайылып кетиши ыктымал экенин, дүйнөлүк экономикага чоң сокку уруларын болжолдошот. 

АКШнын Израил-Иран жаңжалына тикелей кийлигишүүсүнөн стратегиялык Ормуз кысыгы блокадада калып, глобалдык экономика үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Мындай ою менен брюсселдик саясий аналитик Элижа Манье бөлүштү. Анын пикиринде, Израилдин чабуулдарды улантуу дарамети Вашингтондун колдоосуна көз каранды.

“Израил акчаны Кошмо Штаттардан алгандыктан, экономикалык жана аскердик колдоого ээ. Кошмо Штаттар Израилди жетиштүү көлөмдөгү курал-жарак менен камсыздап келет. Аны токтотуп койсо, Израил согуша албай калат. Бул иш жүзүндө Жакынкы Чыгыш үчүн абдан опурталдуу учур болуп калды. БУУга мүчө мамлекеттери жаңжалга азыркыдай кыйыр эмес, түз катышса, Иран Ормуз кысыгын жаап салат. Муну менен дүйнөлүк экономика үзгүлтүккө учурап, катуу жапа чегет. Бардыгы токтоп, эл дүрбөлөң түшөт. Дүйнө экономикасында кризис жаралат”.

Ал эми Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактарды жөнгө салуу иштерине катышкан эксперт, Женевадагы Коопсуздук саясаты борборунун кызматкери Номи Бар-Яаков Вашингтондун ишараттарына карабай, Трамп Иранга каршы согушка тартылгысы келбейт деп эсептейт:

"Менимче, ал Кошмо Штаттардын чабуулдарга активдүү катышуусун каалабайт. Перс булуңундагы бардык мамлекеттер ал жакта жайгашкан америкалык базаларды бул максатта колдоно албайт деп эскертишти. Бул алар белгилеген кызыл сызык экени 100% айдан ачык деп ойлойм. Катар, Сауд Арабиясы жана Оман Израилди согушту токтоттурууга көндүрсүн деп Трампка кысым жасашууда. Менимче, ошол басым-кысым күчөп жатат. Ал Катардын эмири Тамим ибн Хамад Ал Тани, Сауд Арабиясынын мураскер ханзадасы Мухаммед бин Салман жана Омандын султаны менен жакшы мамилелерди сактап калууга кызыкдар. Перс булуңундагы бардык мамилелер ал үчүн маанилүү деп ойлойм. Трамп бардык нерселерге ишкердик көз караш менен кароого аракеттенет. Иран менен тынчтык маселесине келгенде да ошондой позицияны ээлейт. Ал өлкөнүн эбегейсиз жаратылыш ресурстарына жетүүнү каалайт. Дал ушул себептен Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи ага тирүү керек. Дал ушул себептен Израилден аны жок кылбоону талап кылууда. Себеби, Израил аны пландагандай өлтүрсө, сүйлөшүү жүргүзө албай калат. Менимче, экөөнү тең жакшы билгендиктен, алар бири-бири менен тил табыша алат деп ойлойм”.

Эксперт туңгуюктан кантип чыгыш керек деген маселеге да токтолду. Анын айтымында, Иран уран байытуудан баш тартпаса, кооптуу кырдаал түзүлүшү мүмкүн.

Бар-Яаков дипломатиялык аракеттерди күч алдырып, көп учурдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген, чөлкөмдү жакшы билген, Тегерандын кандай чегинүүлөргө барарын же барбасын жакшы таразалаган адистерди тартуу керектигин белгилейт.

Ал ошондой эле Трамп Нобел тынчтык сыйлыгын алууга умтулганын, бирок Иранга каршы согушка аралашса, аны албай каларын жакшы түшүнөрүн кошумчалады.

“Иран менен тынчтыкка келүү абдан татаал маселе. Америкалык президент ага жетиш үчүн консультацияларды жүргүзүп, тынчтык орнотуу жолдорун билбеген кыймылсыз мүлк тармагындагы магнат Стив Уиткоффтон тышкары арачыларды дайындашы керек. Украина-Орусия, Израил, Палестина, ХАМАС жана Иран менен сүйлөшүүлөргө бир эле ортомчуну дайындаганы натыйжага алып келбейт. Согушту токтотуу, Нобел сыйлыгын алуу аракети үчүн Иран жана АКШ менен жакшы мамилени күткөн Перс булуңундагы мамлекеттерге кулак салуу зарыл. Алардан үлгү алса, уруш аякташы мүмкүн”.

Вашинтондогу Quincy институтунун аткаруучу вице-президенти, Иран боюнча аналитик Трита Парси Трамптын Иранга багынуу талабын койгону согуш отуна май тамызат жана дүйнө ушу тапта олуттуу эскалациянын босогосунда турат деген пикирде.

Ал АКШ президентинин соңку билдирүүлөрүн дипломатияга мүмкүнчүлүк берүү ишараты эмес деп эсептейт.

“Ирандын ядролук программасы болбошу керек деген сөздөрдү АКШ буга чейин эле айтып келген. Бул маселени чечүүгө алып келбейт, туңгуюкка гана такайт. Ошондой кырдаал жаралары менен израилдиктер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Иран (сүйлөшүүлөрдөгү) позициясын жумшартсын деп сокку урду. Мындай кадам кризиске алып келерин, акыр-аягында ага АКШ кийлигишерин жакшы түшүнүшкөн.

Иран Израилди алыс аралыкка учкан ракеталар менен аткылаганын, ал эми америкалык базаларды бутага алса, орто жана жакын аралыкка учкандарды пайдаланарын жакшы түшүнүү керек. Андай ракеталардын арсеналы Иранда көп. Анын үстүнө аларды Израилге каршы колдонгон жок. Базаларды аткыласа, алар жайгашкан Катар, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабия өңдүү өлкөлөрдү да бутага алган болот. Анын арты согуштун жайылышына алып келиши ажеп эмес. Ушул себептен улам араб өлкөлөрүнүн көбү жаңжалдын курчушуна, өз аймактарына тарашына каршы болууда”.

Израилдин армиясы шаршембиге караган түнү Ирандын аскердик объектилерине жана курал-жарак заводуна сокку урду. Иран өз кезегинде Израилдин аймагына ракеталарды учурду. Эки өлкөнүн тең карапайым тургундары коопсуз жерлерге чыгып кетүүгө аракет кылууда.

18-июнда Ирандын Саламаттык сактоо министрлигиндеги булак соккулар башталган 13-июндан бери 585 кишинин өмүрү кыйылганын, 1326 киши жараат алганын билдирди. Израилдин чукул кырдаалдар департаментинин ошол эле күнкү маалыматында, Ирандын аткылоосунан 26 тургун каза таап, 1300дөн ашууну жарадар болгон.

АКШ Иран-Израил чатагына аралашууну караштырууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:22 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG