Былтыр октябрдан бери кескин курчуп кеткен Газа секторундагы кырдаал боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн пикири бир жерден чыгууда.
Ушундан улам жалпы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салууга, деги Израил менен палестиндердин ортосунда узактан бери уланып келе жаткан карама-каршылыкты токтотууга Борбор Азия салым кошо алабы деген талкуу жаралууда.
"Эки элге эки мамлекет" позициясын колдогон Кыргызстан
2023-жылы Газадагы согуш тутангандан бери андагы кырдаал эл аралык аянтчалардагы негизги темалардын бири болуп турат. Астанада Шанхай Кызматташтык Уюмунунун саммитинде да бул тема көтөрүлүп, анда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров палестин-израил жаңжалын тынчтык жол менен жөнгө салууну колдой турганын билдирди. Кыргызстан кырдаалды жөнгө салууга “эки элге эки мамлекет” принцибине таянган БУУнун резолюциясы негиз боло алат деп эсептейт.
“Тынчтык маселеси демекчи, Кыргыз Республикасы ошондой эле Газа секторундагы аскердик аракеттерди тез жана толук токтотуу жана гуманитардык кризисти чечүү боюнча дүйнөлүк коомчулуктун, биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук кеңешинин аракеттерине толук кошулат. Кыргызстан БУУнун резолюциясына ылайык “эки элге эки мамлекет” принцибинин негизинде палестин-израил жаңжалын тынчтык жол менен жөнгө салууну жана саясий диалогдун башталышын кубаттайт. Мында жайкын тургундардын жана жарандык инфратүзүмдү коргоого алган эл аралык гуманитардык укуктун принциптерди жана нормаларды сактоонун маанилүү экендигин белгилейбиз. Кыргыз Республикасы палестин элинин өзүн-өзү аныктоого, өз мамлекетин түзүүгө жана толук кандуу мүчө катары БУУга кирүүгө болгон ажыратылгыс укугун колдойт”.
Садыр Жапаров 2-июлда Чолпон-Ата шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушууда, 2023-жылы 9-ноябрда Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын саммитинде да ушундай өңүттөгү пикирин билдирген.
“Эки элге эки мамлекет” принцибин карманган Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы 1967-жылы алты күндүк согуштан кийин кабыл алынган. Ага ылайык, Израилди 1949-жылкы чек ара менен калтырып, ал согуш маалында көзөмөлүнө алган аймакта Палестина мамлекетин түзүү сунушталган.
Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Борбор Азия, анын ичинен Кыргызстан Газадагы кырдаал боюнча бир позицияны карманып турганын айтат. Ал Борбор Азия өлкөлөрү үчүн арачы түшүп, тараптарды элдештирүү миссиясы менен чыкканга негиз бар деген пикирде.
“Борбор Азия мамлекеттеринин Ооганстан боюнча позициясы деле бир болуп жатат. Акыркы мезгилде кошуна мамлекеттердин кызматташтыгы жакшы, бири-биринин кызыкчылыгын эске алган деңгээлге чыгып жатпайбы. Ушунун негизинде тышкы саясатта да макулдашылган, позицияларыбыз дал келген саясатты жылдырып жатабыз. Ошондуктан тараптарга элдешүү позициясын түзүү сунушунда жан бар. Израил-палестин боюнча да Борбор Азия өлкөлөрүнүн позициясы бир болуп турат. Азыркы согуш токтотулушу керек. Эл аралык коомчулуктун жардамы, гуманитардык акциялар уланышы керек. Үчүнчүдөн, чоң саясий оюнчулардан башка Борбор Азияга окшогон позициясы бир региондордун үнүн же сунушун да уга турган мезгил келди деп эсептейбиз”, - деди министрдин орун басары.
Негизи, 2023-жылы Газа тилкесинде согуш тутангандан бери "эки элге эки мамлекет" концепциясын жандандыруу чакырыктары көп айтылып келет.
Борбор Азия Газадагы кырдаалга таасир эте алабы?
Кыргызстан - Палестинаны өз алдынча мамлекет деп эсептеген БУУга мүчө 140тан ашуун мамлекеттин бири. Эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер 1995-жылы сентябрь айында түзүлгөн. 2023-жылы Бишкекте Палестинанын элчилиги ачыла турганы да айтылган эле.
Ал эми Израил менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилеси 1992-жылы башталган.
Газа тилкесин көзөмөлдөп келген ХАМАС радикал тобун АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган. Бирок Кыргызстандагы тыюу салынган уюмдардын тизмесинде ХАМАС жок.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Орозбек Молдалиев Кыргызстан эгемен болгондон кийин ислам мамлекеттери кирген бир нече уюмдарга мүчө болгонун, анын негизинде Палестинанын өз алдынчалыгын коргоп келгенин айтат:
“Кыргызстандын позициясы туура. Анткени экөөнү бөлүп, чектерин тактап бермейинче жаңжал токтобойт. Эми элдештирүү боюнча айтайын. Кыргызстан убагында Бириккен тажик оппозициясынын лидери Саид Абдулло Нури менен тажик президенти Эмомали Рахмонду элдештирген жайы бар. Бул жерде эки тарапты чакырып келип, анан маселени чечиш үчүн Израил менен дагы, Палестина менен дагы жакшы мамилебиз болушу керек да. Эми Палестинага боорубуз ооруп, аларды колдоп коёбуз. Израил менен деле нааразычылыгыбыз жок. Бир жакшы жери, Кыргызстанда эч убакта антисемитизм болгон эмес. Ошентсе да, бул тараптарды элдештириш үчүн азыраак болуп калат. Бирок андай аракеттерди Борбор Азия мамлекеттери баштаса болот”.
Орозбек Молдалиев Кыргызстан бир нече жолу ар кандай жаңжалдарга арачы түшкөнүн да мисал тартып жатат. Ошол эле Тажикстандагы жарандык согуштун токтошуна салым кошкон Эмомали Рахмон жана Бириккен тажик оппозициясынын лидери Саид Абдулло Нуринин 1997-жылы май айындагы Бишкектеги жолугушуусун, 1994-жылы 5-майда Тоолуу Карабак жаңжалын чечүү боюнча кабыл алынган Бишкек протоколун эске алды.
Буга чейин Газадагы согушту токтотуу боюнча египеттик жана катардык ортомчулардын катышуусунда бир нече сүйлөшүү өткөн. Мындай сүйлөшүүлөргө Түркия да аралашып жатканы айтылып келет. Бирок атышууну токтотууга болгон аракеттер ишке ашпай келет.
Израил АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС тобу барымтада кармап турган адамдарынын баарынын бошотулушун жана Газада эркин жүрө алышына кепилдикти талап кылууда. Ал эми ХАМАС радикал тобу израилдик аскерлердин Газадан чыгып кетишин, чабуулдардын токтотулушун айтып шарт коюуда.
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Борбор Азия Батыш менен Чыгыштын көңүл чордонунда турганын айтат:
“Борбор Азияда болуп аткан саясатты дүйнө жүзү дыкат карап турат. Ошол себептен биздин үнүбүздү, жакшы сунушубузду эске алышы мүмкүн. Анткени Борбор Азиядагы мусулман өлкөлөр катары позиция билдирсек болот. Дипломатияда жалаң күч эмес, интеллект, таасирдүү сөздөр да чоң мааниге ээ болот. Мына Казакстан, Өзбекстандын ролу чоңоюп, эл аралык мамиледе Кыргызстан да активдүү иштеп жатат. Андыктан Газадагы кырдаалга азыноолак болсо да таасир тийгизгенге мүмкүнчүлүк бар”.
Газадагы согуш 2023-жылы 7-октябрда ХАМАС радикал тобунун согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда башталган. Ошол күнү 1200дөй киши өлтүрүлгөн, 250дөй кишини согушкерлер Газага барымтага алып кеткен. Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматына караганда, ошондон бери Израилдин чабуулдарынан 38 миңдей кишинин өмүрү кыйылды, дагы көптөгөн киши уранды астында калган болушу ыктымал.