Газадагы согуштан улам пайда болгон бийлик вакууму зордук-зомбулуктун жана терроризмдин андан ары дагы күчөшүнө алып келиши мүмкүн.
Автор: Жозеп Боррел, Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү.
Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
Мен жакында Жакынкы Чыгышта беш күн жүрүп келдим. Украина менен катар эле Жакынкы Чыгыш дагы бейстабилдүү аймактардын бирине айланды. Кээде тынчтык орнойт, бул абалдын жакшырып баратканындай таасир калтырышы мүмкүн.
Бирок Израил менен Палестинанын ортосундагы жаңжал болуп көрбөгөндөй курч бойдон кала берүүдө. Эки эл үчүн эки мамлекет концепциясын сөз жүзүндө колдоп, жаңжалды ушуну менен жайгарса болот деген үмүт менен анын андан ары күчөшүнө жол берген саясий жактан кыска ойлонууну токтотушубуз керек. Эгерде биз гумандуулукка, адилеттүүлүккө жана адеп-ахлактуулукка негизденген кырдаалды азыр оңдобосок, анда бул жаңжал карапайым элдин жер которуусуна, анын ичинде Европага чейин качкын болуп баруусун, терроризм коркунучун жана жамааттар аралык тирешүүнү күчөтүшү мүмкүн.
Бул аймакты кайрадан жарааттар жана каардануу каптап жатат. Израилдиктер 7-октябрда 1500дөн ашуун адамдын өмүрүн алып, 200дөн ашуун кишини барымтага алган кандуу кыргынга кайгырууда.
Палестиналыктар Газа тилкесинде гуманитардык кризиске кабылып, 13 миңден ашуун адам, негизинен аялдар менен балдар курмандыкка айланган кыргынды баштан өткөрүштү. Ошондой эле Иордан дарыясынын оккупацияланган Батыш жээгинде жана Чыгыш Иерусалимде отурукташкан израилдиктердин кол салууларына кабылып жатышат.
Өткөн жума күнү ок атышууну убактылуу токтотуу жана барымтадагылардын айрымдарын бошотуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Бул бардык барымтадагыларды бошотууга жана согуштук аракеттерди токтотууга өбөлгөн болчу оң динамика жаратат деп ишенем.
ХАМАС жана башка экстремистик топтор жасаган үрөй учурган иштер Палестинанын кызыкчылыктарына зыян келтирүүдө. Мен Рамаллада жолуккан лидерлер бул фактыны моюнга алышат. Бирок бул лидерлер үчүн негизги көйгөй Израилдин оккупациясы болууда. Бул лидерлер өздөрүнүн шайлоочуларына эмне үчүн алардын эки жакка чыгуу эркиндиги чектелгенин, ошол эле учурда жерди мыйзамсыз ээлеп алуу күчөп, келгиндердин эмне үчүн ээн-эркин кол салып жатканынын себептерин түшүндүрүүдө кыйынчылык көрүп жатышат. Бул лидерлер оккупацияланган Батыш жээкте коопсуздукту да камсыздай алышпайт. Ошол эле учурда Израил Палестина автономиясынын атынан Палестинага тиешелүү салыктык кирешелерди кармап калууда.
Бир жамандык экинчисин актабайт. Ошондой болсо эки тарап тең трагедиянын өз тарабын гана, кечээги окуяны же бүгүн болуп жаткан окуяларды гана көрүп жатат. Бирок эки тарап тең эртеңки күндө эмне болорун алдын-ала көрө албай турат. Израилдиктер өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ХАМАСты жок кылуу керек деп эсептешет.
Палестиналыктар Газадагы гуманитардык апаатты токтотууну жана ал жакка көчүп келгендердин провокациясын токтотууну башкы орунга коюшат.
Бул кыйынчылыктарга карабастан, биз тынчтык үчүн мүмкүнчүлүктөрдү сактоого тийишпиз. Аймакка жакында болгон сапарым Израилдин коопсуздугу үчүн эң жакшы кепилдик - бул Палестина мамлекетин түзүү экенине ишенимимди бекемдеди. Жакынкы келечекте биз Палестина бийлигин алсыратууга жол бербешибиз керек. Табиятта да, саясатта да вакуум болбошу керек.
Эгер ХАМАС да, Израил да Газаны башкара албаса, бийликтин вакуумун бат эле көзөмөлгө баш ийбөөчү күчтөр ээлеп, Газаны бат эле көйгөйлүү аймакка айлантып, зордук-зомбулук менен терроризмдин жаңы айлампасын башташы мүмкүн. Гоббстун доорунан бери эле биз Левиафан-мамлекет болбосо (күчтүү мамлекет деген мааниде – котормочунун эскертүүсү), коом зордук-зомбулукка жана башаламандыкка дуушар болорун билебиз.
Мындай жагдайлар кандайча башталарын биз буга чейин көп жолу көргөнбүз. Биз Сирия жаңжалынан качып Ливанга, Иорданияга жана Түркияга барып баш калкалаган качкындарды көрдүк. Бул өлкөлөр эми палестиналык качкындардын келишине туруштук бере алышпайт. Өткөн аптада маектештеримдин бири айткандай, биз дагы бир жолку Накбага туруштук бере албайбыз. Европа өлкөлөрү жана эл аралык коомчулук палестиналыктардын дагы бир жолу аргасыз массалык жер которуусун каалабайт жана ага жол бергиси келбейт.
Газа секторунун аймагы коңшу аймакты, анын ичинде Израилди да дестабилдештирүүсү мүмкүн болгон көзөмөлдөнбөөчү куралдуу топтордун колуна өтүп кетпеши үчүн өз элинен турган мамлекет тарабынан башкарылышы керек. Израилдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Газада жана оккупацияланган Батыш жээкте, анын ичинде Чыгыш Иерусалимде Палестина мамлекети түзүлүшү зарыл.
Буга кантип жана качан жетерибиз биздин баарыбызга көз каранды. Бир нерсе түшүнүктүү болду: менин араб өлкөлөрүндөгү бардык маектештерим Израилдин бар экендигин таанышат жана аны менен кызматташкысы келет. Алар ынтымактуу коңшулук, трансчегаралык кызматташтык жана аймактагы экономикалык кыймылдаткыч катары Израилдин потенциалдуу ролу зор мүмкүнчүлүктөрдү берерин моюнга алышат. Алардын баары араб-израил кызматташтыгы Палестина маселеси чечилгенде ишке ашарын моюнга алышат. Ансыз эч нерсе мүмкүн эмес.
Алдыга жылуу үчүн биз адилеттүүлүккө жана эки элдин тең укуктуулугуна негизделген чечимге умтулушубуз керек. Бул үчүн баарыдан мурда бүткүл региондо жана жаңжалдын кесепеттерине түздөн-түз дуушарланып жаткан Европада коопсуздукту камсыз кылуу зарыл.
Коңшулар катары биз Израилдин, палестиналыктардын жана бүткүл региондун бакубаттыгы үчүн жашоого жөндөмдүү, бекем саясий жөнгө салууга жетишүү үчүн аймактагы жана дүйнөдөгү өнөктөштөр менен күчтөрдү бириктиришибиз керек. Бул өзүбүздүн кызыкчылыгыбызга да туура келет.
Евробиримдик кээ бир араб өлкөлөрү менен биргелешип бул максатка жетүү үчүн сентябрь айында, жаңжал башталардан бир аз мурда БУУда Тынчтык күнүн өткөрүүнү демилгелеген. Биз бул максатка жетүү үчүн ишти мындан ары да улантууга ишенимди бекемдейбиз.