Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

Газа: Израил операциясын улантууда, лагерлер качкындарга толду


Газа
Газа

Тел-Авив Палестина мамлекетин түзүүгө жол бербейт. Мындай билдирүүнү бейшембиде премьер Биньямин Нетаньяху жасады. Бир катар өлкөлөр БУУнун Башкы ассамблеясы учурунда Палестин мамлекетин таануу ниети жөнүндө буга чейин жарыялаган. Ал арада Израилдин армиясы Газа шаарында операциясын улантууда.

Гуманитардык уюмдар тилкедеги абал күн сайын начарлаганын айтып коңгуроо кагууда.

Деңиз боюндагы качкындар лагерлери Израил Газа шаарына жерден чабуул баштаганда агылган палестиналыктарга толуп калды. Көбү чатырлар тартыш, таза суу жетишсиз, медициналык жардам чектелгенин айтып, кайрадан бомбалардын астына кайтып барууга туура келет деп чочулашат. Рейтер агенттиги сөзгө тарткан Мохаммед аш-Шериф кооптуу аймактан көчүү көрсөтмөсү берилгенден кийин балдары, бир туугандары менен чогуу бул жерге келип, эки күн бою башкалкалоого жер таппай башка аймакка кетүүгө аргасыз болуп калды:

"Газанын түштүгүн коопсуз деп айтышканы менен андай эмес. Бош жер калбай калды. Коопсуз жай табуу аракетибиз жемиш берген жок. Израил айтып жаткан эч нерсе жок. Үйгө жетүү үчүн унаа табылбайт. Жашоо үчүн эң зарыл нерселер тартыш. Бардыгынан үмүт үзүп отурабыз".

Шериф үй-бүлөсү оокатын арабага жүктөп алып, Маваси шаарына бет алды.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) АКШ менен Европада террордук деп таанылган ХАМАС тобунун барымтасында калган адамдарды бошотуу үчүн өткөн айда Газа калаасына жерден чабуул коюп, ошондон бери операциясын кеңейткенин билдирген. Жергиликтүү элге гуманитардык тилке деп белгиленген Маваси шаарына чыгып кетүү эскертилген.

Тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси бейшембиде Газа калаасынын ар кайсы жеринде 11 киши, ал-Шати лагеринде 5 киши набыт болгонун маалымдады.

Августта шаарды ачарчылык тооруганын глобалдык мониторинг тобу расмий жарыялаган. БУУнун ал жерде иш алып барган топтору Израилдин Мавасиде гуманитардык зона түзүлгөн деген ырастоосун четке кагууда.

Ал арада Изарилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иерусалимдин чыгыш тарабында жөөт конуштарын куруу долбооруна кол койду. Ага ылайык, турак жайлар палестиналыктар бир күнү өз мамлекетинин пайдубалы болот деген тилкеде тургузулмакчы.

“Палестин мамлекети болбойт деп кесе айтып келдик жана муну кайталайбыз: Палестин мамлекети түзүлбөйт. Бул жер биздики. Биз өлкөбүзгө, мурасыбызга кам көрөбүз, коопсуздугубузду камсыздайбыз", - деп айтты Нетаньяху.

Жыйырма жылдан бери АКШнын мурдагы администрацияларынын кысымы менен сөз болгон план токтоп турган.

Газа шаарынан жер которууга аргасыз болгон палестиндер. Газа тилкеси, 9-сентябрь 2025-жыл
Газа шаарынан жер которууга аргасыз болгон палестиндер. Газа тилкеси, 9-сентябрь 2025-жыл

Өткөн айда Израилдин Пландоо боюнча жогорку комитети оккупацияланган Иордан дарыясынын батыш жээгинде конуштарды куруу долбоорун жактырган.

Эл аралык укук нормаларына ылайык, Израилдин палестиналык аймактардын оккупациясы мыйзамсыз деп эсептелет.

Британиянын тыншы иштер министри Дэвид Лэмми Х сайтындагы постунда долбоорду жактырууну айыптап, эл аралык укукту бузуу деп атады.

Буга чейин бир нече өлкө, арасында Австралия, Франция, Мальта БУУнун Башкы ассамблеясы учурунда Палестина мамлекетин расмий таанырын жарыялаган. Ассамблея 9-сентябрда өз ишин баштады.

Азыркы учурда Палестинанын БУУга мүчө болгон 193 өлкөнүн 147си, арасында Кыргызстан тааныган.

11-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Катардын борбору Дохадагы аба соккуларын айыптаган билдирүү таратты. Ошол эле маалда документте Израил аталган жок.

"Газада тынчтык орнотуу багытындагы сезимтал сүйлөшүүлөрдө алга жылуу байкалып жаткан маалда, негизги ортомчу өлкөнүн аймагына сокку уруу дипломатиялык, тынчтык аракеттерине атайылап бут тосуу, тынч элдин азап чегүүсүн создуктуруу катары каралат", - деп айтты Пакистандын БУУдагы элчиси Асим Ифтикар Ахмад.

Британия жана Франция даярдаган билдирүү кеңешке мүчө 15 мамлекеттин баарынын өкүлдөрү, анын ичинде АКШ менен кеңешилген.

Резолюцияда барымтадагылардын бошотулушу, АКШ менен Евробиримдикте террордук деп табылган палестиналык ХАМАС тобунун согушкерлери өлтүргөн туткундардын сөөктөрүн өткөрүп алуу, Газа секторунда согушту, азап чегүүлөрдү токтотуу БУУнун башкы максаты бойдон кала берери жазылган.

Израил буга чейин Катарга соккусун ХАМАСтын башчыларын жок кылуу максаты катары түшүндүргөн.

Радикал топ соккудан башчылары аман калганын, беш киши каза тапканын жарыялаган. Андан тышкары Катардын бир аскери курман болду. Доха Израилдин кадамын "мамлекеттик терроризм" деп атады.

11-сентябрда Катардын премьер-министри Шейх Мохаммед бин Абдулрахман ал Тани Дохага сокку уруу менен Нетаньяху Газада туткунда жаткандарды бошотуу үмүтүн жокко чыгарганын айтты.

Шерине

XS
SM
MD
LG