Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:36

Израилге коңшу Палестина мамлекети түзүлөбү?


Палестиналык жеткинчектер
Палестиналык жеткинчектер

22-майда Норвегия, Ирландия жана Испания Палестинаны мамлекет катары таануу жөнүндө билдирүү таратышты. Бул кадамды Израил дароо сынга алды, газалыктар кубатташты. Кыргызстан Палестинаны мамлекет катары 1995-жылы тааныган.

Норвегиянын өкмөт башчысы Йонас Гар Стере "Палестина мамлекет катары таанылбаса, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу мүмкүн болбой турганын" билдирди. Маалыматка караганда, чечим 28-майдан баштап күчүнө кирет.

Бул өлкөнүн тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде Израилде да, Палестинада да тынчтык орнотуу эки мамлекет түзүү чечими аркылуу гана мүмкүн болорун белгиледи.

Израилдин тышкы иштер министри Ирландия менен Норвегиядагы элчилерин кеңешүү үчүн деген негизде токтоосуз чакыртты.

Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен Гвир Палестинанын мамлекеттүүлүгүн таануу "адам өлтүргүч кылмышкерлерди кубаттоого тете" деп сындады.

"Палестинаны мамлекет катары тааныган өлкөлөр ХАМАСтын тандалма күчтөрүн, адам өлтүргүч канкорлорду кубаттап жатышат. Кудай ал күндүн бетин ары кылсын. Андай мамлекетти түзүү декларациясына жол бербейбиз. ХАМАСты түп тамыры менен жок кылуу үчүн Рафахка киришибиз керек", - деди Израилдин министри.

Учурда Европа мамлекеттеринин арасынан Палестинанын көз карандысыздыгын Болгария, Венгрия, Кипр, Мальта, Польша, Румыния, Швеция, Словакия жана Чехия тааныйт. Жалпысынан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 193 мамлекеттин 143ү Палестинаны өз алдынча мамлекет деп эсептейт. Бишкек Палестинаны мамлекет катары 1995-жылы тааныган.

Буга чейин АКШ президенти Жо Байден да палестин мамлекетин түзүү сунушун колдогон.

"Эки мамлекетти түзүү - палестин жана израил калктарынын коопсуздугун узак мөөнөткө камсыздоонун жалгыз жолу экени айдан ачык", - деп билдирген ал.

2012-жылдан бери Палестина БУУда байкоочу мамлекет макамына ээ. Быйыл 10-майда уюмдун Башкы ассамблеясы Палестинанын укуктарын кеңейтүү боюнча добуш берген.

“Эки элге эки мамлекет” концепциясы согуш шартында кайрадан козголууда

Газадагы согуш тутангандан бери "эки элге эки мамлекет" концепциясын жандандыруу чакырыктары көбөйдү. Дүйнө лидерлери азыркы жаңжал тараптарды дипломатия жолуна кайтууга түртөт деп үмүттөнүшөт.

Өткөн айда Испания, Ирландия, Мальта жана Словения палестин мамлекетин таануу багытында биргелешип иш алып барышарын жарыялашкан. Израил мындай демилге "терроризмди кубаттоого" тете болот деп сындады.

9-апрелде Австралиянын тышкы иштер министри Канберра Палестинанын мамлекеттүүлүгүн таануу планын караштырып жатканын билдирди.

Былтыр күзүндө Жапония кызыкдар өлкөлөр менен кызматташтыкта "эки мамлекет" принцибин ишке ашырууда лидерликти өзүнө алууну көздөгөнүн айтып келген.

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерондун пикиринде, эки тарапка тең “үмүт, ар-намыс жана тынчтык” тартуулоо үчүн эки мамлекет түзүү чечимин табуу керек, ал үчүн “кайсы бир учурда” Палестинаны мамлекет катары таануу зарыл болмокчу.

Мындай билдирүүлөрдүн бардыгы АКШ жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган ХАМАС радикал тобуна каршы Израил жүргүзгөн согушту токтотуу аракеттери жүрүп жатканда жаңырууда.

Газадагы кандуу уруш эки мамлекет концепциясын кайрадан көңүл чордонуна алып чыкты. Көптөгөн өлкөлөлөр узак жылдардан бери аны Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салууга өбөлгө түзүүчү чечим деп санаганы менен, бул жараян кечеңдеп жатат.

АКШ жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган ХАМАСтын кол салуусунан кийин тутанган согушка үч ай болгондо Вашингтон Израилдин коопсуздук маселелерин чечүү жана Газа тилкесин кайра куруу палестин мамлекетисиз мүмкүн болбосун белгилеген.

Бирок Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху согуш башталгандан бери Палестинанын көз карандысыздыгына каршылыгын билдирип келет.

Эки мамлекет чечими көз карандысыз Израилге катарлаш палестин мамлекетин түзүүнү көздөйт. Муну менен эки эл тең өз мамлекеттерине ээ болмокчу.

23-январда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш эки тараптын тең умтуулуусун канааттандыруунун жалгыз жолу эки мамлекет түзүү чечими болорун белгилеген жана “израил өкмөтүнүн жогорку жетекчилеринин ал чечимди ачыктан ачык, улам-улам четке какканын” сындаган.

“Палестин элинин мамлекеттүүлүккө болгон укугун тануу глобалдык тынчтыкка жана коопсуздукка олуттуу коркунуч жараткан жаңжалды белгисиз мөөнөктө создуктурат”, - деген Гутерриш.

Эки мамлекет концепциясы кайдан келип чыккан?

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал Британия башкарып турган Палестинага көчүп келген жөөттөр менен арабдардын чыр-чатактарынан башталган.

Эки мамлекет идеясы 1937-жылы Британиянын палестин комиссиясы тарабынан козголгон. Докладда Палестинаны жөөт жана араб мамлекеттерине бөлүү сунуш кылынган.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, 1947-жылы Британия Палестинаны тескөө мандатынан баш тартып, ошол эле жылы 29-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 181-резолюцияны кабыл алган. Ага ылайык, Палестинада араб жана жөөт мамлекеттери түзүлмөк. Иерусалим шаары эл аралык көзөмөлгө алынмак. Бирок арабдар бул план калкынын көпчүлүгү үчүн жагымсыз деп четке какканда, демилге ишке ашпай калган. Ошондон кийин аймактагы зордук-зомбулук курчуган.

Израил эгемендигин 1948-жылы 14-майда жарыялаган. Эртеси палестин фракциялары менен бириккен араб коалициясы жөөт күчтөрүнө чабуул койгон. Биринчи уруштун жыйынтыгында Израил мурдагыдан да чоң аймакты өз көзөмөлүнө алууга жетишкен. Бирок Иордан дарыясынын батыш жээги менен Газа тилкеси анын ичине кирген эмес.

700 миңдей палестиналык өз жеринен качкан же сүрүлүп чыккан. "Накба" же "калаба" деп атаган ошол күндү алар жыл сайын белгилешет.

1948-жыл декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы "өз үйлөрүнө кайтууну, кошуналар менен тынч жашоону каалаган палестин элине андай укук берилүүгө тийиш" деген резолюцияны кабыл алганы менен, Израил андай демилгени өзүнүн мамлекеттүлүгүнө коркунуч катары четке каккан.

"Эки мамлекет" формуласы күн тартибине 1980-жылы, Европанын экономикалык шаркети (азыркы Евробиримдик) палестиналыктарга өз келечегин аныктоо укугу берилиши керек деген идеяны колдогондон кийин кайра коюлган. Бирок 20 жыл өткөндөн кийин гана БУУнун Коопсуздук кеңеши документтеринде бул терминди колдоно баштаган.

1988-жылы Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму ага чейинки максатынан баш тартып, Израил 1967-жылы оккупациялаган аймактарда палестин мамлекетин түзүүнү көздөө менен иш жүзүндө Израилди тааныган.

Өз мамлекети жок палестиналыктардын бир тобу Израилдин оккупациясы астында же кошуна өлкөлөрдөгү качкындар лагерлеринде күн көрүп келет. Жөөт мамлекети түзүлгөндөн кийин ал жерде калгандардын урпактары Израилдин жарандыгын алышкан.

Палестин мамлекети түзүлсө ал кандай болот эле?

Эки мамлекет концепциясынын жактоочулары Газа тилкеси жана Иордан дарыясынын батыш жээгинде жайгашкан Палестинанын эки бөлүгү Израилди аралап өткөн коридор аркылуу байланышарын айтат.

Мындан 20 жыл илгери эки тараптын делегациялары Женева макулдашуусу деген ат менен белгилүү долбоорду сунуш кылган. Ага ылайык, Иерусалимдин жөөт кварталдары Израилдин борбору деп таанылмак. Араб кварталдары палестин борбору болмок. Андан тышкары палестин мамлекетинин демилитаризациясы каралган.

Израил ири конуштарды өзүнө кошуп алып, анын ордуна жерлерди бермек, Палестинанын эгемен аймактарындагы жөөт конуштарын көчүрүп кетмек.

Эл аралык күчтөр палестин коопсуздук күчтөрү менен биргеликте Палестинанын Иордания жана Египет ортосундагы чек ара өткөөлдөрүн, аэропортторду жана деңиз портторун көзөмөлдөп турмак.

Палестин автономиясынын жетекчиси Махмуд Аббас демилитаризацияны четке кагып, кабыл алган эмес.

ХАМАС (АКШ жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган) бул идеяга каршы чыгууда.

Эки мамлекет идеясын ишке ашыруудагы негизги тоскоолдуктар

Эң чоң кыйынчылык болочок Палестина мамлекетинин чек араларын белгилөөгө барып такалат. Палестиналыктардын көбү алар 1967-жылкы алты күндүк согушка чейинкидей болууга тийиш деп айтышат.

Ошол урушта Израил Чыгыш Иерусалимди, Иордан дарыясынын батыш жээгин жана Газаны оккупациялап алган. Ошондон бери батыш жээкке жөөт конуштары орнотулуп, оккупацияланган Чыгыш Иерусалимде 600 миңдей израилдик отурукташкан.

Конуштарды эл аралык мыйзамдар тааныбаганы менен, ал жерлерди палестиналык деп атоо кыйын.

Тоскоолдуктар барган сайын көбөйүүдө.

Израил 2005-жылы Газадагы конуштарды жана аскерлерди алып чыгып кетсе да, башка жактарда конуштары кеңейүүдө. Палестиналыктар муну менен алардын жашап кетүүгө кудуреттүү мамлекет түзүү мүмкүнчүлүгүнө көлөкө түшүп жатканын айтышат.

Өткөн сентябрда израилдик “Тынчтык бүгүн” уюму билдиргендей, жөөт конуштарында жашагандардын саны Иордан дарыясынын батыш жээгинде жана Чыгыш Иерусалимде 1992-жылы 250 миң киши болсо, 30 жылдан кийин 695 миңге жетти.

Израил палестиналыктардын кол салууларын токтотуу үчүн деп тосмолорду салган, палестиналыктар муну жер басып алуу аракети деп сыпатташат.

Буга кошумча саясий кыймыл-аракеттер да бир топ кыйынчылыктарды жаратууда.

Нетаньяхунун азыркы өкмөтү Израилдин тарыхындагы эң оңчул кабинет болуп калды. Анын курамындагы диний улутчулдарды палестин жерлеринде отурукташкан жөөттөр колдошот. Өткөн жылы финансы министри Безалел Смотрич атүгүл "Палестина эли деген түшүнүк жок" деп айткан.

2006-жылы шайлоодо жеңген, АКШ жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган ХАМАС тобу андан кийинки жылы Аббасты колдогон күчтөрдү Газа тилкесинен сүрүп чыгып, палестиналыктардын бөлүнүп-жарылуусуна алып келген. Радикал топ Израилди тааныбайт жана аны жок кылуу максатын көздөйт. "Хамасчылардын" лидерлери Израил 1967-жылы оккупациялаган аймакта палестин мамлекетин түзүү үчүн узак мөөнөттүү жарашууну сунуш кылган жайы бар. Бирок Израил аны амалкөйлүк деп ишенбейт.

Эки мамлекет концепциясынан тышкары башка альтернатива барбы?

Эки мамлекет чечими туңгуюкка такалгандан бери бир мамлекет түзүү тууралуу көбүрөөк айтыла баштады. Палестиналыктардын айрымдары Израил эч качан суверенитетке жол бербейт деп эки улуттан турган унитардык мамлекет түптөө укугу үчүн күрөш баштоо зарылдыгын айтышат. Ал формулага ылайык, Израилдин жана 1967-жылы оккупацияланган аймактардын курамында пайда болгон мамлекетте израилдиктер жана палестиналыктар бирдей укуктарга ээ болушат. Мындай жолду бир нече жыл бою Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму сунуш кылып келген. Бирок ага израилдик айрым жөөттөр да, палестиналыктардын бир бөлүгү да каршы чыгууда.

Нетаньяху жактаган палестин мамлекеттүүлүгүнөн баш тартуу вариантында палестиналыктарга кеңири өзүн өзү башкаруу укугун берүү каралууда. Буга кошумча Израилдин аскерлери Иордан дарыясынын батыш жээгинде туруктуу жайгашмакчы. Палестин тарап мындай сунушту такыр четке кагууда.

Мындан тышкары конфедерация же “үч мамлекет” формуласы да айтылып келет.

Дагы бир вариант катары Израилдин аскерлерин Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги оккупацияланган айрым аймактардан чыгарып кетүү каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG