Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

"Үч жашка чейинкилер баары алсын". Өкмөттүн жөлөкпул системасын өзгөртүү демилгеси


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов үч жашка чейинки балдардын баарына жөлөкпул берүү системасын киргизүүнү сунуштады. Ал 11-июлда өкмөттө жакырчылыкты азайтууга арналган жыйында колу жука үй-бүлөлөрдүн балдарынын 21% гана жөлөкпул аларын чоң көйгөй катары сыпаттаган.

Анын ырасташынча, өлкөдө бир миллиондой, башкача айтканда, ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт. Буга чейин өкмөт калкты жакырчылыктан чыгаруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр ишкердик кылышы үчүн 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берип жаткан. Мындай аракет менен алдыдагы он жылда жакырчылыктан чыгууга мүмкүн экени айтылган.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2024-жылдагы жакырчылыктын деңгээли 29,8 пайыздан 25,7 пайызга чейин төмөндөдү. Бул 1 миллион 871 кишини түзөт. Анын 33,1 пайызы же 954 миңи жашы жете элек балдар.

Жакырчылыктагы балдардын саны чоңдорго караганда кыйла көп жана аларга таасири өтө курч болгондуктан республикалык аткаминерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышкан жыйында балдарды коргоонун маселеси көбүрөөк айтылды.

Мамлекет жакырчылыктагы балдардын 21% гана колдоо көрсөтүүдө

Ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмүнөн алып карасак, “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулунун бюджети барган сайын азаюуда (2022-жылы 0,53% болсо, 2024-жылы 0,37% түзгөн). Бул бир жагынан ИДПнын өсүп жатканын билдирсе, экинчи жагынан жөлөкпулдун бюджетинин азайышын көрсөтөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги соңку үч жылда “Социалдык келишим” программасына катышкан 31 миң 342 үй-бүлө, анын ичинде 91 миң 764 бала жөлөкпул алуучулардын тизмесинен чыгарылганын кабарлады.

Министрдин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова экономиканын өсүп жатышына карабастан жакыр катмарга берилүүчү жөлөкпулдун көлөмү азайып, кепилденген минималдуу каражат өзгөрүүсүз бойдон калып келатканын билдирди:

Ализа Солтонбекова
Ализа Солтонбекова

“2024-жылы балдардын жалпы саны 2 миллион 692 миң 194тү түзгөн. Ал эми жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган 16 жашка чейинки балдардын саны 927 миң 689 гана деп көрсөтүлгөн. Анын ичинен жөлөкпул менен 194 миң 754 гана бала же 21% гана камтылган. Калктын олуттуу бөлүгү формалдуу эмес тармакта иштегендиктен жөлөкпулду дайындоодо алардын реалдуу кирешесин аныктоо кыйынга туруп, бул себептен жөлөкпулдун даректүүлүгүн камсыздоо маселесин жаратып жатат. Учурда азык-түлүк баасынын жана тарифтердин жогорулашы байкалууда. Демек, жашоо минимумунун, жакырчылыктын жана өтө жакырчылыктын чегинин наркы өсүүдө. Ал эми кепилденген эң төмөнкү кирешенин 1 миң сом жана “Үй-бүлөгө көмөктүн” 1 миң 200 сомду түзгөн өлчөмү бүгүнкү күнгө чейин төмөн деңгээлде өзгөрүүсүз калып турат”.

Быйылдан тарта жакыр үй-бүлөлөргө багытталган “Социалдык келишим” долбоору боюнча бериле турган жардамдын суммасы 150 миң сомго чыгып, үч жылдык мөөнөткө 200 миң сом пайызсыз насыя берүү каралган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жакырчылыкта жашаган балдардын 21% гана жөлөкпулга жетишип, калганы сыртта калып жатканы бардык мекемелерге коңгуроо экенин айтты. Ал муктаж балдардын бардыгын мамлекеттик колдоо менен камсыздоо үчүн жасалма тоскоолдуктарды жоюп, балдарды текши каржылоо зарыл деген пикирин билдирди:

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

“Бул деген “улуттук скандал” да. Эмнеге биз өзүбүздүн көмөгүбүздү 21 эле пайызга көрсөтүп жатабыз? Мен, мисалы, макул эмесмин. Мына, мен өкмөт башчынын орун басары болсом дагы билем, бизде ушул жөлөкпулга келгенде байлар алат, чириген күркүлдөр эки кабат үйдө жашайт дагы жөлөкпул алат деп, баланын акчасын аяп жатабыз. А менимче, чындап муктаж болгон бир бала албай калганча жүз киши ашыкча алсын. Биз ошол жерде отуруп алып, аны айлап-айлап, жылдап-жылдап “документиң керек, корооңдо чириген “Москвичиңди” сат, дагы башкаңды кыл” деп тоскоолдуктарды коюп жатабыз”.

Байсалов, мындан улам, жакыр балдар деп терип-тепчип отурбай, өлкө боюнча үч жашка чейинки бардык балдарга жөлөкпул чегерүү туура болорун айтты. Ал мындай колдоо келерки жылы болбосо да андан кийинки жылдан тартып иштеп башташы мүмкүндүгүн билдирди.

"Жакырчылыктын деңгээли кайра өсүп кетүү коркунучу бар"

Улуттук банк инфляция май айында былтыркы ушул мезгилге салыштырганда 8% жеткенин кабарлаган. Экономика жана коммерция министрлиги курулуштун күчөшү, жаңы ишканалардын ачылышы жана жумуш орундарынын көбөйүшү инфляцияны өстүрүп жатканын билдирүүдө.

Министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов экономикадагы мындай ашкере активдешүү жалпы экономика жана бардар адамдар үчүн жакшы жышаан болгону менен, жакыр катмардын ындынын андан бетер курутуп жатканын айтты.

Ал соңку жылдары байлар дагы да байып, колунда жоктордун кирешеси азайып бараткан чакта акчанын агымы белгилүү бир катмардын колуна чогулуп, алар каражатын кыймылсыз мүлк, мал-жандык, алтын өңдүү эң өтүмдүү товарларга салып жатканын, бул жагдай жакырлардын мүмкүнчүлүгүн андан бетер чектеп коёрун белгилөөдө:

Чоро Сейитов
Чоро Сейитов

“Экономикада кандайдыр бир “ашыкча ысып кетүү” байкалып жатат. Бул маянанын жогорулашы менен да, калктын эмгек рыногуна чыгышы менен да шартталууда. Ошондуктан, жакынкы мезгилдерде биз инфляцияны кармап жана экономикабыздын “ашыкча ысып кетишине” жол бербегендей иш-аракеттерди көрүшүбүз зарыл. Эгерде биз бүгүн бир катар иш-чараларды аткарбасак, инфляция өсүп кетет. Бул, тилекке каршы, жакырчылыкка таасир кылат. Инфляцияны майдан майга карата 8% деп жатабыз. Бул 2025-жылдын соңуна карата жакырчылыктын көрсөкүчү кайра өсүп кетүү тобокелдиги бар дегенди билдирет. Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, биз өзүбүз дагы байкап жатабыз – экономиканын кайсы бир тармактары, көбүнчө курулуш жана тейлөө тармагы “ашыкча ысып чыкканы” байкалууда. Кыймылсыз мүлк менен жер тилкелер абдан кымбаттап жатканын көрүп турабыз”.

Бийик тоолуу аймактарда бала санын 30-40% көбөйтүү аракети

Ал тапта кыргыз өкмөтү өлкөдөгү демографиялык абалды жакшыртуу максатында келерки жылдан тартып "Бала Береке" аттуу жаңы программасын ишке ашырганга белсенип турат. 1-январдан тартып үчүнчү баласынан кийин дагы төрөгөндөргө 100 миң сомдон 2 миллион сомго чейинки өлчөмдө каражат бөлүнүп берилет.

Төртүнчү перзенттүү болгон үй-бүлөгө 100 миң, бешинчи балага 600 миң, алтынчыга 800 миң, жетинчи бала үчүн 1 миллион, сегизинчи балага 1 миллион 200 миң, тогузунчу бала үчүн 1 миллион 500 миң, ал эми онунчу жана андан кийинки балдарга 2 миллион сом каралууда.

Төлөм бала бир жашка чыкканда аймактык коэффициентке карабастан бөлүнүп берилет.

Өкмөттүн сайтындагы 20-июлдагы маалыматта аталган программа "төрөлүүнү стимулдаштырууга жана өлкөнүн жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу аймактарында жашаган көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган" деп жазылды.

Өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов программанын ишке кириши менен 2026-жылы бийик тоолуу аймактарда жаңы төрөлгөн балдар саны 30-40% көбөйүшү мүмкүн деген ишенимин билдирди. Ал "Бала Береке" Кыргызстандын келечегине, үй-бүлө институтун бекемдөөгө жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө стратегиялык инвестиция экенин айтты. Байсалов өзгөчө алыскы жана тоолуу аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо мамлекеттик социалдык саясаттын маанилүү багыты болуп кала берерин кошумчалады. Мындай максаттуу чаралар, ал белгилегендей, жарандар үчүн системалуу кам көрүү болуп эсептелет.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин соңку маалыматына караганда, быйыл кирешесин көбөйтүп, жакырчылыктан чыгуу аракетин көрүп жаткан жарандарга жардам иретинде аз камсыз болгон 13 миңден ашуун үй-бүлөгө социалдык келишим иретинде 150 миң сомдон бөлүнүп берилди. Социалдык контракт үй-бүлөлөргө жеке өзүнүн бизнесин ачууга, көмөкчү чарбасын өнүктүрүүгө, ишке орношуу үчүн жабдуу жана шайман сатып алуусуна багытталган. Келишимге ылайык, жарандар чарбасын туруктуу башкаруу жана кирешесин жогорулатуу үчүн колдоо ала алышат, алар үчүн атайын тренингдер уюштурулат.

1-июлга карата, мекеме билдиргендей, республикада 1 миң 286 социалдык келишим түзүлдү, үй-бүлөлөр киреше алып келүүчү долбоорлор үчүн алган каражатын колдоно башташты. Социалдык контрактты ишке ашыруу жакырчылыкты кыскартуу жана жарандардын өз алдынча иш менен камсыз болушун колдоо боюнча иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналары белгиленди.

Соңку бир жылдан бери социалдык контракттын негизинде социалдык колдоо программаларынын катышуучуларына ишкердикти өнүктүрүү үчүн пайызсыз насыялар берилип келет. 1-июлга карата өлкө боюнча 149 жаран үстөксүз насыя алган.

ЮНИСЕФ уюмунун маалыматына таянсак, Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала материалдык жакырчылыкта, ал эми ар экинчи бала көп өлчөмдүү жакырчылыкта же кайсы бир социалдык керектөөдөн куржалак калган абалда жашап келет.

Соңку жылдары социалдык блокко жумшалган чыгымдын мамлекеттик бюджеттеги үлүшү бир кыйла азайып келет. Муну эл аралык уюмдар да белгилеп жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG