27 жаштагы Алексей Рожковдун ишин Екатеринбург шаарынын аскер соту карады. 2022-жылдын март айында ал Березовский шаарында аскер комиссариатына өрт койгон деген негизде активист терроризмге айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылды.
SotaVision сот залынан кабарлагандай, Рожков "террордук акт жасаган, террорчулукту актаган жана орус армиясы тууралуу фейк маалымат тараткан" деген айыптардын негизинде күнөөлүү деп табылды.
16 жылдык жаза мөөнөтүн ал түрмөдө, калганын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөмөй булду.
Прокуратура соттон Рожковду 19 жылга эркинен ажыратууну суранган. Ал эми адвокаты толук актап, сот залынан бошотууну соттон өтүндү.
Өрт коюу аракетинен келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү 1268 рубль деп эсептелген - аскер комиссариатынын имаратынын эшигинин пластик жерлери бир аз эрип калган.
Прокурор сотто өрт учурунда адамдын ден соолугуна коркунуч туудурган "көп күйүүчү заттар" бөлүнүп чыкканын билдирген.
Айыптоочу тарап Рожков мындай кадамга "бийлик органдарынын ишинин туруктуулугун бузуу, атайын аскердик операцияны (Орусия Украинага каршы ачкан согушун ушинтип атоодо - ред.) токтотуу тууралуу чечимдердин кабыл алынышына таасир этүү максатында" барган деген жүйөсүн келтирген. Ошол убакта Орусиянын аймагында аскердик комиссариаттардын имаратына өрт коюлган ушуну менен үчүнчү окуя катталган.
Орусиялык маалымат каражаттары сот отурумунда Алексей Рожков аскер комиссариатынын имаратына өрт чыгарганын моюнга алып, бирок тергөөнүн ага коюлган "терроризм" беренесине макул эместигин билдирди. Рожков бул кадамын Орусиянын Украинанын аймагына кеңири масштабдуу кол салуусуна каршы аракети катары түшүндүрдү.
Рожковдун "Мен кимдир бирөөнүн жабыркашын каалаган эмесмин, андан пайда да издеген жокмун. Мени эч ким жалдаган жок. Бул аракетим менен адамдык абийир жана принциптердин негизи менен согушка каршы экенимди билдирдим", - деген сөзүн "Медиазона" басылмасы жазды.
Ал ошондой эле соттогу акыркы сөзүндө "адамдарды жана өзүнүн өлкөсүн жакшы көрөрүн", бирок мындай мамилеси мамлекетке болгон көз карашын чагылдырбай турганын айтты.
"Абийириме таянып, жалпы адамзатка таандык болгон моралдык принциптерди тутуп, согушка каршылыгымды билдиргем. Бул протестимден эч ким жабыркаган жок", - деди активист.
Соттун өкүмү менен Рожковго интернеттеги сайттарга жана каналдарга администратор болууга тыюу салынганын, терроризмди актоо жана орус армиясы тууралуу фейк маалыматтарды таратуу жөнүндөгү айыптар ал Кыргызстанда жүргөн кезинде “Ходорковский LIVE” программасына курган маегинен кийин тагылганын "Медиазона" жазды.
Тергөөнүн материалдарында Рожков 2022-жылы 11-мартта "анархиялык көз караштарга таянып, "Молотов аралашмасы" куюлган бөтөлкөнү Березовский шаарынын аскердик комиссариатына ыргытып, өрттөөгө аракет кылганы" жазылган.
Бул үчүн ал дароо кармалып, "аскердик комиссариаттын кароолчусунун өмүрүнө коркунуч жараткан" деген айып менен тергөө абагына камакка алынган. Көп өтпөй коюлган айып бир аз жумшартылып, "өрттөөгө аракет жасоо" деп өзгөртүлгөн жана Рожков өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде абактан бошотулган.
Кыргызстандан экстрадициялоо
Кийин Рожков Кыргызстанга качып келген. Бишкекте жатаканадан орун таап, жергиликтүү рекламалык компанияга бейрасмий ишке кирген. Коопсуздугунан улам расмий иштөөдөн чочулап, укук коргоо органдарынын кылтагына илинип калам деп корккон. Бишкектин Москва менен жакын алакасынан улам Кыргызстанда өзүн коопсуз сезген эмес.
2023-жылы 30-майда Рожков убактылуу каттоосун узарткандын эртеси күнү ал жашаган жерге күч кызматкерлери барып кармаган. Аны адегенде атайын кызматка, андан ары аэропортко күчтөп алып барып, кайра Орусияга жөнөтүшкөнү маалымдалган.
"Тилектештик аймагы" ("Зона солидарности") кыймылынын мүчөсү, укук коргоочу Евгения Шамина активист Рожковдун Бишкекте кармалган жагдайын "Азаттыкка" айтып берип жатып:
"Аны Орусиянын талабы менен кармап, дароо эле УКМКнын бөлүмүнө алып барышыптыр. Ал жакта кыйноолор болгон, коркутушкан жана ал кошуна бөлмөдөн башка бирөөлөрдүн кыйкырганын дагы угуптур. Бул өтө тез болуп кетти. Ошондуктан Орусияда издөөдө жүргөндөр үчүн Кыргызстанда калуу коопсуз болбай калды", - деп билдирген.
Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети орусиялык активисттин кармалышы жана билдирүүлөрү боюнча комментарий беришкен эмес.
"Тилектештик аймагы" долбоорунун маалыматына караганда, Орусияда Рожков активисттердин арасынан алгачкылардан болуп согушка каршы чыккан.
Башында ага карата "Бейбаштык жана өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөчүлөрдүн айтымында, аскер комиссариатынын имаратында ошол учурда күзөтчү бар болгон жана бул тууралуу Рожков билген. Күзөтчү жабыркаган эмес, өрт өчүрүлгөн. Ошол эле маалда Рожковду кармаган полиция имаратта эч ким жок экенин билдирген. Кийин, жогоруда айтылгандай, Рожковго козголгон кылмыш ишиндеги берене өзгөртүлүп, ("Башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу аракети") активисттин бөгөт коргоо чарасы каралып, өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулган.
Орусияда согуш башталган 2022-жылы 77 жолу аскер комиссариатын өрттөө аракети болгон. Аскердик комиссариаттарды өрттөдү деген шек менен козголгон айрым иштерде мындай аракеттер мүлккө зыян келтирүү жана бейбаштык катары квалификацияланган. Кийин аскер комиссариатына өрт койгондор үчүн терроризм боюнча бир топ олуттуу беренеге алмаштыра башташты.
Укук коргоочулар согушка каршы мындай аракеттер терроризмге жатпайт деп эсептешет жана мунун саясий жүйөсү бар экенин белгилешет.
Орусия 2022-жылдын февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкан. Ошондон кийин мындай кол салууну айыптап чыккандардын баарын "орус аскерлерин жаманатты кылды", "фейк маалымат таратты" деген айып менен камакка алууда.
Шерине