Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:20

Америкалык журналисттин Путин менен жагымпоз маанайдагы маеги


Владимир Путин менен Такер Карлсон. Монтаж. 06.2.2024.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен амери калык журналист Такер Карлсон. Монтаж. 06.2.2024.

Америкалык журналист Такер Карлсон Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки сааттай баарлашты. Бул маектин Евразия тарыхы жаатындагы оош-кыйыш жактары кандай? Тарыхчынын блогу.

Журналист Такер Карлсон жана “Fox News” каналы тууралуу эки ооз сөз

Америкалык белгилүү журналист Такер Суонсон Макнир Карлсон (Tucker Swanson McNear Carlson) азыр 54 жашта. Ал 1969-жылы 16-майда АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында туулган.

Аны мурдагы республикачы президент Доналд Трамптын ырааттуу жактоочусу катары билишет. Т.Карлсон 2016-жылдын 14-ноябрынан 2023-жылдын 21-апрелине чейин АКШдагы маалымат каналы болгон “Фокс-Ньюс-Чэннел” (кыскача Fox News же FNC) каналында “Такер Карлсон менен бир кечеде” аталган берүүнү алып барган.

Бул каналдын кожоюну – австралиялык жана америкалык медиа магнат Кит Руперт Мөрдок (Keith Rupert Murdoch) мырза 2023-жылы сентябрда “Фокс Корпорейшн” жана “Ньюс Корпорейшн” компанияларынын Башкармалыгынын төрагасы кызматынан кеткенин жарыялаган.

Журналист Такер Карлсон
Журналист Такер Карлсон мурдагы президент Доналд Трампты жактоо саясатында “өзүн гана күнөөкөр кылууга далаалат кылып жатышат” деп “Fox News” медиа тармагына каршы 2023-жылдын 12-июлунда доо арыз да жазган.

Такер Карлсондун “Fox News” каналынан кетээринен бир нече күн мурдараак эле бул канал канадалык “Доминион Вотинг Системз” (Dominion Voting Systems) деген компанияга 767 млн доллардан ашуун акча каражатын айып пул катары төлөп берүүгө аргасыз болгон. Себеби “Fox News” сыналгы каналы “Доминион Вотинг Системз” компаниясынын добуш санакта колдонулган жабдуулары 2020-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоолордо добуш бурмалоолорго көмөк кылды деген өзүнүн курулай жалаасын тастыктай албай калган.

Бул – АКШнын тарыхындагы ушак жана жалаа үчүн медиа каражаты төлөөгө аргасыз болгон эң ири көлөмдөгү айып пул болуп калды. (Ал эми “Доминион Вотинг Системз” компаниясы сотко чейинки териштирүүдө “Fox News” каналы 1,5 миллиард доллар айып пул төлөөсү керек деген талабын айткан. Акыры “Fox News” каналы өз берүүлөрүндө туура эмес маалымат кеткенин ачык моюнга алып, добуш санагын жүргүзгөн канадалык компанияга 767,5 млн доллар төлөп берген).

Такер Карлсон мырза дагы “Fox News” каналындагы шоу берүүсүндө “Доминион Вотинг Системз” компаниясынын добуш санак жабдууларын курулай жаманатты кылуу далаалаттары менен айырмалангандыгы белгилүү.

Журналисттин “жөн эле ооз ачып бергендей” туруму

Учурда Такер Карлсон мырзанын Орусиянын президенти Владимир Путин менен 2024-жылдын 7-февралындагы маеги бүйүр кызыткан талкууга жем болуп жаткан кез.

Албетте, ар ким өз баарлашуусун өз каалаганындай жүргүзө алат деңизчи.

Бирок Владимир Путин – жөн киши эмес. Ал 2000-жылдан бери Орусияда өзүнүн авторитардык бийлигин чыңдап, “түшпөс хан” болуп келе жаткан өкүмзор саясатчы. Дмитрий Медведевдин орто жолдогу “президенттиги” деле, иш жүзүндө, ал кездеги өкмөт башчы Владимир Путиндин кылдат нускоосу менен өткөн.

Эми, кийинки конституциялык реформалар аркылуу Владимир Путин (албетте, орусиялык шайлоочулар быйыл эле добуш берүү аркылуу “шыпырып ташташпаса”), дагы далай жылдар Орусия Федерациясын башкаруу үчүн акылуу болуп калды.

Андан тышкары Владимир Путиндин режими 2008-жылы Грузиянын айрым аймактарын каратып алды, 2014-жылдын башынан бери Украинанын Кырым жарым аралын жана Донбасстагы бир катар аймактарды мыйзамсыз түрдө убактылуу ээлеп келет.

Владимир Путиндин өкүмү адам укуктарын одоно бузуу, саясий атаандаштарын абакка салуу же айрымдарын (Борис Немцов ж.б.) өлтүрүү сыяктуу жагымсыз окуялар менен коштолуп келет.

Дароо айта кетелик, Путиндин режимин сындоо – Орусиянын элин сындоо эмес, анткени орусиялык прогрессчил күчтөр өздөрү В.Путиндин “түшпөс хан боло бербестен”, бийликтен кетишин талап кылып жатышат.

Дал ушул кырдаалда Батыштан келеби, Чыгыштан келеби, чет элдик калыс журналист “бул диктатор менен кандайча маек курушу мүмкүн, ага кандай ыңгайсыз суроолорду эл аралык коомчулуктун атынан бериши ыктымал?” деген суроо ар дайым көңүлдө тураары бышык.

Такер Карлсон президент Владимир Путинди тыңдоодо.
Журналист Такер Карлсон президент Владимир Путиндин жообун угууда. 2024.

Бул болжолдуу суроолордун бирин дагы Такер Карлсон мырза Владимир Путинге тикелей узата алган жок.

Ал түгүл айрым замандаштарыбыз Т.Карлсонду тек гана “В.Путиндин эркин микрофонуна айланды” деп келекелеп чыгышты.

Албетте, “кыйын болсоң, өзүң Путин менен ушундай маек курбайсыңбы?” деген доомат да айтылышы мүмкүн.

Арийне, эл аралык чөйрөдө белдүү болгон бир катар журналисттер В.Путинге жолугуп, аны менен маек куруу далаалаттары майнапсыз болуп жатканын айтышты.

Орусиянын бийликтери эгемен Украинага каршы улантылып келе жаткан согушту 2022-жылы 24-февралда кеңири өлчөмдө жүргүзө баштагандан берки маалда Владимир Путин "алгачкы жолу Батыштан келген журналистке кеңири маек курду", деп бапылдап айтканыбыз менен, чын-чынында, бул журналистти эми “Батыштан келген путинчил журналист” деп гана баалашыбыз мүмкүн.

Маек маалында кез-кезде Такер Карлсондун жүзүн да көрүүгө мүмкүн болуп турду. Ал көп нерсени жаңыдан гана үйрөнө баштаган биринчи курстун студентиндей аң-таң калган тейде өз маектешин “лам” дебестен карап жатты.

Ал эми АКШдагы сыналгы берүүлөрдө Т.Карлсон кээде өз маектешине кыргыйдай же ителгидей эле тийип турчу. Бул жолу ал коёндон да жоош турду.

Демек, журналист Батышта, Чыгышта, Антарктидада жайгашабы, эч айырмасы жок. Ал өз маектешине кандай суроолорду кантип узата алган кесипкөйлүгү менен мүнөздөлүүгө тийиш.

Ал эми В.Путинге тайманбастан суроо салган журналисттер арбын.

Бир мисал катары украин журналисти Роман Цимбалюктун (УНИАН) 2018-жылдын 20-декабрындагы маалымат жыйыны маалында президент Владимир Путинге тайманбастан жана таасын суроо узатканын айта кетелик.

Албетте, В.Путин Р.Цимбалюк узаткан бул суроолорго ойдолоктоп жооп берген. Ал күнөөнүн баарын “Киевдеги русофобдорго” шылтап койгон.

Учурда кесиптешибиз, “Азаттыктын” Татар-Башкыр кызматынын кызматкери Алсу Курмашева орусиялык абакта жазыксыз жатат. Ал былтыр ооруп калган энесинин ал-акыбалын суроо үчүн Татарстанга барган кезинде камакка алынган. Эгерде аны абакта кармабастан, Владимир Путин аны менен маек курчу болсо, анда татар, башкыр, англис, орус жана чех тилдерин мыкты билген Алсу Курмашева өтө тың суроолорду узата алмак деп ишенем.

Орусиянын өзүндө да В.Путинге ачык суроо жолдогон жарандар арбын. Алардын бири – оппозициячыл саясатчы, муниципалдык депутат Илья Яшин орус президентине 2021-жылы 30-июнда интернет аркылуу кайрылган.

Илья Яшин президент В.Путин бийликке келгенде, өзү 17 жашта эле болгонун, ал эми 2021-жылы 38ге чыккандыгын белгилеп, орусиялык калайыктын 20 миллиондой бөлүгү азыр өтө жакырчылыкта эптеп күн көрүп жаткандыгын жана башка бийликтер үчүн жагымсыз факттарды ачыктаган. Ал президент В.Путинди бийликтен ыктыяры менен кетип калууга чакырган.

Көз карандысыз пикирлери үчүн өз Атажуртунда “чет элдик агент” катары таанылган Илья Яшин 2022-жылы декабрда “Орусиянын Куралдуу күчтөрү тууралуу украиналык Буча шаарында кыргын уюштурган деп жалган маалымат таркаткан” деген доо боюнча 8,5 жылга абакка кесилди. Ал өзүнүн ак экендигин ырааттуу айтып келет.

Т.Карлсондун В.Путин менен курган маеги жөнүндө “Немис толкунунун” азили. 09.2.2024.
Т.Карлсондун В.Путин менен курган маеги жөнүндө “Немис толкуну” (DW) жарыялаган карикатурада калпты көп айткан “шыпыр” Карлсондун да бул баарлашууга көзгө көрүнбөй катышкандыгы азилденет. 09.2.2024.

Путиндин тарыхты бурмалоосу улантылууда

Орусиянын президенти Владимир Путин Чыгыш Европанын тарыхын каалашынча бурмалап айтып келет.

Бир ирет ал Украинанын жумурият катары түзүлүшүн “Владимир Лениндин белеги” катары сыпаттаган. Иш жүзүндө Украинанын демократтары В.Ленин өз бийлигин Орусиянын өзүндө да чыңдай элегинде көз карандысыз Украина жумуриятын негиздешкен.

2021-жылы В.Путиндин атынан жарыяланган “Орусиялыктар менен украиндердин тарыхый биримдиги тууралуу” деген чакан баянда украиндердин көп кылымдык улуттук тарыхын жокко чыгарууга далаалат жасалган жана бул баян 2022-жылдын башында Украинага кеңири деңгээлде кол салуу үчүн идеологиялык камылгалардын бири болуп калган.

Калыс серепчилер бул “тарыхый” баяндын артында эптеп Украинага каршы 2014-жылдан бери жүргүзүлүп жаткан баскынчыл согуштук аракеттерди актоо далаалаты турат деп жазып чыгышкан.

Кандай болсо да, Советтер Биримдиги ыдыраган соң Орусия Федерациясы өзүнө алган милдеттенмелердин бири – 1991-жылдагы чек араны көз карегиндей сактоо милдеттенмеси – Владимир Путиндин режими тарабынан 2014-жылдан тартып бузулуп келээри айдан ачык. Бул убадага турбоочулукту эч кандай мурдагы тарыхты бурмалоо далаалаттары жаап-жашырып кала албайт.

Такер Карлсон менен маегинде Владимир Путин 862-жылды “Орус мамлекетинин негизделишинин жылы” деп атады. Ал эми тарыхый факттарга негизденип, украиндер дагы дал ушул IX кылымдагы окуяларды Киевдик Рус деп таанылган өздөрүнүн бабаларынын мамлекети үчүн олуттуу бурулуш деп таанышат.

Ал эми Новгород жумуриятынын тарыхына келсек, дал ушул жумуриятты кийинчерээк тебелеп-тепселөө аркылуу Московия падышалыгы өсүп чыккан жана ал доордун башатында Московиянын өзү Алтын Ордо мамлекетине көз каранды болуп турган.

Украиндер Чыгыш Европага асмандан түшүп келген калк эмес. Алар Киевдик Рустан мурдарак эле өз мекенинде ырааттуу байырлап келген чыгыш славяндык улут.

Бирок Владимир Путин өз баскынчылыгын актоо үчүн украиндердин XX кылымдын башына чейинки тарыхын жокко чыгарууга далаалат кылып келет. Бул далаалатын ал Такер Карлсон менен маегинде андан ары жүзөгө ашырган. (Т.Карлсон болсо эч кандай башка көз караштын бар экендигин өз суроолоруна тепчий албастан, Путиндин бир тараптуу сөздөрүнө жөн гана аң-таң болуп отуруп берген).

Тарыхчы Сергей Радченко Би-Би-Сиге берген маегинде IX кылымдагы дал ушул саясий окуялардын өзүн Украинанын көз каранды эмес мамлекет катары башаты катары кароого да болот, деген оюн айткан.

Ал эми маркум чыгыш таануучу Омелйан (Омельян) Прицак болсо чыгыш славяндардын мамлекеттүүлүк тарыхынын башаттык доорлоруна Чыгыш Европадагы, Эдил боюндагы, Орол тоолорундагы жана Кырымдагы түрк каганаттарынын калктарынын да таасири тийгендигин баса белгилеген.

“Игордун кошууну жөнүндө сөз” баяны, Василий Никитиндин XV кылымдагы “Үч деңизден ары саякат” сапарнаамасы сыяктуу чыгыш славянча эмгектерде кыпчак жана башка түрк элдеринин далай сөздөрү камтылгандыгын, чыгыш европалык түрк айдыңдарынын чыгыш славяндарга өзгөчө таасири болгондугун кошумчалай кетсек болот.

Демек, Киевдик Рус дагы, Московия дагы көп этностуу мамлекеттер болушкан. Московияда слаяндар менен түрк тилдүү калктардан тышкары фин-угор тилдеринде сүйлөгөн этностор да жашашкан. “Москва” топоними да фин-угор элдерине таандык сөздөн келип чыккан.

Владимир Путин менен Валерий Зоркин. 22.5.2023.
Орус президенти Владимир Путин өлкөнүн Конституциялык сотунун төрагасы Валерий Зоркин (солдо) менен Кремлде эски тарыхый карта тууралуу талкуулашууда. 22.5.2023.

Путиндин Польша жана Украина тууралуу айткандары

В.Путин Т.Карлсон менен маеги маалында XVII кылымда Польша Украинанын айрым аймактарын картып алган кезинде “Украина” түшүнүгүн киргизген, деген ойду да айта кетти.

Чын-чынында, украиналыктар поляктардын таасири жок эле өздөрүн айырмалуу эл катары эсептешкен. Украиндер эгемендик үчүн поляктарга каршы да согуш жүргүзүшкөн. Ал доордо Батыш Европанын башка өлкөлөрүнүн карталарында деле “Украина” топоними катталган болчу.

Ал эми Кырым жарым аралына келсек, бул аймакта Московияга да баш ийбеген жана украиндерден да көз карандысыз болгон, бирок Осмон султандыгынын калкасы астында жашаган кубаттуу Кырым хандыгы өкүм сүрүп турган.

Маселен, бир жакынкы окуя эске түштү. Президент Владимир Путиндин өлкөнүн Конституциялык сотунун төрагасы Валерий Зоркин менен Кремлдеги жолугушуусунда эски тарыхый карта талкууланды. Орусиялык расмий медиа тарабынан 2023-жылдын 22-майында шардана кылынган бул жолугушууда В.Зоркин француз падышасы Людовик XIV бийлеген доордо (XVII к. акыры – XVIII к. башында) тартылган тарыхый картада “Украина жок” экен, деди. В.Путин ага дароо макул болду.
Бирок ушул эски картада “Украина” топоними Речь Посполитая мамлекетинин курамында даана жазылып турат. Болочокку Санкт-Петербургдун аймагы бул картада Швецияга таандык Ингрия жери катары, ал эми Кырым аймагы – эгемен Кырым хандыгы катары көрсөтүлгөн. Албетте, картанын андай аки-чүкүсүн бул маектештер айтышкан жок. Аларга “Украина – жок болчу” деген үгүт сөзү гана керек болду.

1) Вячеслав Молотов, Йоахим фон Риббентроп жана Иосиф Сталин. 23.8.1939. 2) Владимир Путин. Монтаж.
Солдо: СССРдин тышкы иштер министри Вячеслав Молотов менен нацисттик Германиянын тышкы иштер министри Йоахим фон Риббентроп бул режимдердин пактына кол коюп жатканда, аларды Иосиф Сталин колдоп турду. Кремль, 23.8.1939. Оңдо: Орусиянын азыркы президенти Владимир Путин. Монтаж.

Президент В.Путин дүйнө тарыхына байланыштуу дагы бир жалган сөздү айта кетти. Анын оюнча, Польша Гитлердин нацисттик режими менен кызматташкан имиш.

Тарыхый окуяларга келсек, 1939-жылы августта Кремлде кол коюлган Молотов жана Риббентроп пактынын жашыруун бөлүгүндөгү милдеттенмелерге ылайык, ошол жылы 1-сентябрда Гитлердин аскерлери эгемен Польшага батыштан жана түштүктөн капысынан кол салган.

Ал эми Сталиндин Кызыл аскерлери болсо өздөрүнүн нацист шериктеринен 17 күндөн кийин, б.а. 1939-жылы 17-сентябрда, эгемен Польшага чыгыш жактан басып кирген.

Польшадан каратылып алынган Брест шаарындагы нацисттик жана советтик аскерлердин достук парады. 22.9.1939.
Польшадан каратылып алынган Брест шаарындагы нацисттик жана советтик аскерлердин достук парады. Трибунада (солдон оңго): генерал-лейтенант Мориц фон Викторин, генерал Хайнц Гудериан жана бригада командири Семён Кривошеин. 22.9.1939.

Демек, 1939-жылы сентябрда Польшага каршы Гитлердин режими менен кайсы өлкө кызматташып жаткан болот? Албетте, Советтер Биримдиги, анын ичинде Советтик Орусия. Кайсы өлкөгө каршы? Эгемен Польшага каршы.

В.Путиндин оюна караганда, Данциг (Гданьск) шаарынын айланасындагы өткөөлдү поляктар жөн гана Гитлерге кармата бергиси келбегендиги үчүн "бечара" Адолф Гитлер Экинчи дүйнөлүк согушту баштап, Польшага кол салууга аргасыз болгон имиш.

Бул куру чечендик сөздүн артында СССРдеги Иосиф Сталиндин режиминин 1939-жылы Гитлерге ынтымакташ болгондугу гана жашырылып тим болбостон, 2014-жылдан тартып постсоветтик Орусия күчтүү мамлекет катары кол салганда, күчсүз постсоветтик Украина Кырымды жана Донбасстын бөлүгүн Путиндин режимине акыйлашпастан тынч гана өткөрүп берсе дурус болмок, деген кыйды ой да жаткан сыяктуу.

Күрмөктөн күрүч иргелиши керек

Дегиңкиси, В.Путин кээде чыгыштагы башка да коңшу өлкөлөрдүн тарыхына да “тийишип” сөз кылып келет. Бир ирет В.Путин эгемен Казакстанды чындап “мамлекет катары негиздеген – Нурсултан Абишович Назарбаев болчу” деп, мурдагы казак президентин “мактап” чыккан.

Н.Назарбаев болсо бул сөздүн артында эмне кыйды ой жаткандыгын дурус баамдап, ар тараптуу булак таануучулук ж.б. изилдөөлөрдүн коштоосунда Казак хандыгынын 550 жылдык мааракесин өткөрүүгө олуттуу акча каражатын бөлгөн.

Жалпысынан, журналист Такер Карлсондун бир гана пайдасы болду: ал Владимир Путиндин алдына микрофонду "бош таштап коюу" аркылуу бул авторитардык жетекчинин евразиялык тарыхка карата бурмалоочу турумун кеңири чагылдырууга мүмкүндүк ачты.

Эми тарыхчылар жана башка талдоочулар гана эмес, жалпы коомчулук да күрүчтөн күрмөктү ажыратып карашы керек.

P.S.

Азыркы тапта бир катар путинчил саясатчылар жана саясий технологдор Евразиядагы элдердин тарыхый окуяларын бурмалоо аркылуу бул элдерди бири-бирине кайраштырууга далаалат жасап келишет.

Алар жөнүндө алдыда дагы башка блогдор сунуштамакчыбыз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG