Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:48

Фолкер Түрктүн Бишкек сапары: БУУ сөз эркиндиги, адам укугунун абалына кабатыр


БУУнун комиссары Фолкер Түрк президент Садыр Жапаров менен, 19-март, 2025-жыл
БУУнун комиссары Фолкер Түрк президент Садыр Жапаров менен, 19-март, 2025-жыл

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк Бишкектеги маалымат жыйында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына камтамачылыгын билдирди. Ал өлкөдө топ активисттердин жана журналисттердин камалганын, айрым медиаларга чектөөлөр болгонун айыптады.

КомиссарТүрк президент Садыр Жапаров менен кездешүүдө да ушул эле маселелерге токтолгон. Фолкер Түрктүн бул сапары жана билдирүүлөрү журналист Канышай Мамыркулова кармалган учурга туш келди.

“Жарандык коомду чектеген кадамдар жасалды"

Кыргызстанга келген Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк менен президент Садыр Жапаров 19-мартта жолугушту.

Президенттин администрациясы билдиргендей, жолугушууда адам укуктарын коргоо жана илгерилетүү, сөз эркиндигин камсыз кылуу, демократиялык институттарды чыңдоо, ошондой эле адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын башкармалыгы менен кызматташуу маселелери талкууланды.

Фолкер Түрк менен Садыр Жапаровдун жолугушуусу. 19-март, 2025-жыл.
Фолкер Түрк менен Садыр Жапаровдун жолугушуусу. 19-март, 2025-жыл.

Жапаров Кыргызстанда демократиялык башкаруу формасын чыңдоо, укуктук мамлекетти куруу, улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү, сот жана укук коргоо системасын реформалоо процесстери ырааттуу жүргүзүлүп жатканын айткан. Ал ошондой эле соңку төрт жылдан бери мыйзамдарды инвентаризациялоо жүрүп жатканын маалымдаган.

“Бул иш-чаралар өлкөнүн мыйзамдык базасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, анын ичинде жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында аткарылууда. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети кылмыш-жаза мыйзамдарын гуманизациялоо боюнча ырааттуу иш алып барууда”, – деген анда Садыр Жапаров.

Президент Кыргызстан бул жаатта өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарып жатканын кошумчалаган. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары, бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамдар коомчулуктун катышуусунда кабыл алынып жатканын билдирген.

Фолкер Түрк Кыргызстандан социалдык-экономикалык өнүгүү, Борбор Азия аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча иштер тууралуу маалымат алып жатканын белгилеп, Кыргызстанды Тажикстан менен чек араны тактоону аякташы менен куттуктады. Ал коомдогу көйгөйлөрдү жана чакырыктарды талкуулоого жарандык коомдун катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары мындан башка да аткаминерлер менен кездешип, жарандык коомдун жана дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Жогорку комиссар 20-мартта БУУнун Бишкектеги үйүндө басма сөз жыйынын өткөрүп, сапарынын учкай отчётун берди. Анда ал адам укуктары боюнча тараптардын үнүн угуп, бийликке өз позициясын жеткиргенин билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк Бишкекте журналисттер менен жолугушуусу. 20-март, 2025-жыл.
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк Бишкекте журналисттер менен жолугушуусу. 20-март, 2025-жыл.

Фолкер Түрк Кыргызстанда адам укуктары бузулган жана сөз эркиндиги кысымга алынган фактылар бар экенин белгилеп, ага бир нече активисттин жана журналисттердин камалганын, айрым медиаларга чектөөлөр болгонун мисал тартты.

"Мен Кыргызстан өткөөл мезгилде турганын түшүндүм. Акыркы жылдары көз карандысыз жарандык коомдун ишин чектеген бир катар кадамдар жасалды. Биз жарандык коом жана эркин журналистика негизсиз чектөөлөргө жана кабылып, коркуу жана өзүн-өзү чектөө атмосферасы пайда болуп жаткандыгынын белгилерин байкап жатабыз. Мен жөн гана пикирин айтканы үчүн сотко чейин камалган же кылмыш жоопкерчилигине тартылган журналисттердин, блогерлердин, укук коргоочулардын, социалдык тармактардын колдонуучуларын санын көбөйүп жатканына камтама болуп жатам", – деди БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары.

Кабарчылардын камакка алынган саясатчылардын, активисттердин, журналисттердин иши боюнча деталдуу суроосуна Фолкер Түрк ал иштер боюнча маалымат алганын айтып, бирок деталдуу комментарийлей албай турганын билдирди.

Башканы айтпай, негизгилерин эстегенде деле соңку төрт-беш жылда “Кемпир-Абад” иши боюнча камалып чыккан 30дай саясатчы-активисттердин камалып чыкканы, Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун 11 журналистинин жапырт кармалганы көп чуу жараткан. Алардын жетөө акталып, эки журналист абакка кесилсе, дагы экөө пробациялык сыноо менен бошотулду.

Аталган долбоорлордун негиздөөчүсү Болот Темиров өлкөдөн мажбурлап чыгарылып, укук коргоочу Азиза Абдирасулова коопсуздугунан улам чет жакка чыгып кетүүгө аргасыз болду. Мындан сырткары "чет өлкөлүк өкүл" сыяктуу мыйзамдар кабыл алынып, аны жарандык коом өкүлдөрү чектөө катары сыпаттап келет.

Kaktus.Media, Kloop.kg сыяктуу медиаларга түрдүү маселелерден улам иш козголуп, бир канча убакытка сайттары бөгөттөлгөн. 24.kg басылмасынын кеңсеси бийликке жакын адамдардын колуна өтсө, Kloop.kg порталы биротоло бөгөттөлүп, ишмердиги токтотулду. "Азаттык" радиосунун сайты бөгөттөлүп, кийин ачылган.

“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашуун жарандын ишин тизмектеген. Kloop.kg басылмасы болсо пикири үчүн соңку төрт жылда 140 киши камалып же куугунтукка алынганын эсептеп чыкты (анын ичинде 38 активист, 34 саясатчы, 21 журналист, 20 соцтармактардын колдонуучусу бар).

Канышай Мамыркулова
Канышай Мамыркулова

Акыркылардан – так ошол БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары журналисттер менен жолугушуу өткөргөн күнү журналист жана активист Канышай Мамыркулова кармалып, 48 саатка камалып олтурат.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек комиссардын сапарына тушташ катталган бул окуянын өзүн Кыргызстанда адам укуктарын сактоодогу реалдуу абалдын көрсөткүчү катары мүнөздөөдө:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Адам укугу биздин өлкө үчүн эгемендик алгандан бери көйгөй болуп келатат. Акаевдин тушунда “Кыргызстан демократиянын аралчасы аталып”, бизде адам укуктары сакталат деп жар салып, ал тургай бир жылды “адам укуктарын сактоо жылы” деп жарыялап жибергенбиз. Бирок ага карабай бизде адам укуктары толук сакталбай келди жана анын бузулушу Кыргызстанды эл аралык уюмдардын алдында жер караткан маселе болуп келди. Келген эле бийлик өз бийлигин бекемдеш үчүн оппозицияны, журналисттерди, активисттерди куугунтуктап, адам укуктарын чектеп, айтор, илгертен бери ушундай болуп келатат. Акыркы жылдары деле ошол темп уланууда. Алдыга жылган жок, тескерисинче абал начарлады. Ошол эле маалда биз бир нерсени түшүнүп алышыбыз керек – адам укуктары бул эл аралык уюмдар үчүн эмес эң ириде биз, өзүбүз үчүн керек. “Жок, бизде адам укугу чектелген жок, бизди сындабагыла” деп чычалап жатып калабыз. Бирок аны сактабасак, өзүбүзгө эле зыян. Ошону түшүнбөй, ушу кезге чейин адамды, адамдын баалуулуктарын, анын укуктарын эч качан биринчи орунга койбой келатабыз. Биз дайыма бийликтин башындагы гана адамды биринчи орунга коюп келгенбиз. Көйгөйүбүздүн баары мына ушунда. Ошондуктан биздин мамлекет, бул маселени эл аралык уюмдардын баа бериши үчүн эмес, өзүнө керектүү нерсе катары кабыл алып, ошого жараша саясат күтпөсө, бизде адам укуктары жаатында абал эч качан өзгөрбөйт”.

Башка уюмдар да маселе көтөргөн...

Былтыр жыл соңунда Европа парламенти Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына байланыштуу резолюция кабыл алып, анда өлкө демократия жолунан тайганын белгилеген.

Европарламенттин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган делегация быйыл февралда Кыргызстанга келип, президент Садыр Жапаров, жергиликтүү депутаттар, чет мамлекеттердин элчилери, укук коргоочулар, журналисттер менен жолугуп кеткен.

Иш-сапарынын жыйынтыгында Мунир Сатури “Азаттыкка” да учкай маек куруп, буларга токтолгон эле:

Мунир Сатури
Мунир Сатури

“Биз Кыргызстандын адам укуктары боюнча жетишкендиктери менен сыймыктанып келгенбиз. Сиздер эгемендикти алгандан бери адам укуктарын коргоодо чындап эле оң жылыштарга жетишкенсиздер. Бирок кайра артка кадам таштадыңар. Кээ бир нерселер туура эмес болуп калды. Биз саясий лидерлердин “туруктуулук керек” деп айткандарын толук түшүнөбүз, бирок, биздин көз карашыбызда, мыйзамдын үстөмдүгү жана адам укуктары туруктуулукка кедерги болбойт”, – деген Европарламенттин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури.

Freedom House (FH) эл аралык уюму быйыл февралда жарыялаган жаңы баяндамасында Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен “эркин эмес” мамлекеттердин катарында калтырды. Буга себеп катары кыргыз өкмөтү пикирин билдиргендерди куугунтуктоону жана чектөөлөрдү күчөткөнү көрсөтүлдү.

“Журналисттерди коргоо комитети” (The Committee to Protect Journalists - CPJ), Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) да активисттерге жана журналисттерге козголгон кылмыш иштерин айыптаган билдирүү таратышкан. Human Rights Watch (HRW), CIVICUS Monitor жана башка уюмдар да Кыргызстанда адам укуктарынын абалы начарлап кеткенин, саясатчы, активист, укук коргоочу жана журналисттерге куугунтук күчөп жатканын эскертип келишкен.

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү өлкөдө сөз эркиндигин, адам укугун чектөө жок экенин билдирип келишет. Алар кармалган жана камалган адамдардын ар биринин ишин өзүнчө кароо керектигин айтып, айыптоолордо тиешелүү далилдер бар экенин белгилеп жүрөт.

Президент Садыр Жапаров 26-февралда Европа парламентинин делегациясы менен жолугушууда буларга токтолгон:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Бизде дин эркиндиги да, сөз эркиндиги да бар, адам укугу да сакталат, демократия да бар. Сиздер биздин коңшу өлкөлөр менен эле салыштырып айтып жатасыздар, мен керек болсо Европадагы айрым өлкөлөргө салыштырмалуу да бизде демократия жана сөз эркиндиги жакшы деп айта алам. Журналисттер өз укуктарын жетишинче колдонушат”.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк Бишкектеги сапарынын жыйынтыгын чыгарып жатып, Бишкекте тынч жыйындарды өткөрүүгө киргизилген чектөөлөрдү да айыптап өттү.

Борбор калаанын бир катар жерлеринде жана айрым облус борборлорунда тынч жыйындарды өткөрүүгө 2022-жылы сот аркылуу чектөө киргизилип, ал улам узартылып келе жатат. Баш калаада Горький эс алуу багында гана митинг өткөрүүгө уруксат берилген.

Мындай чектөөгө дээрлик үч жыл болду жана чечим ушул күндөрү да күчүндө. Аймактарда, бир нече райондордо да ушундай чечим бар. Бул жагдай да көчөдөгү сөз эркиндигине чектөө катары каралып келет.


  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG