Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:07

Эркин журналист Канышай Мамыркулова 48 саатка камалды


Канышай Мамыркулова Бишкектеги нааразылык акциясында, 9-декабрь, 2023-жыл.
Канышай Мамыркулова Бишкектеги нааразылык акциясында, 9-декабрь, 2023-жыл.

20-мартта сот Канышай Мамыркулованы 48 саатка камакка алды. ИИМ журналист Мамыркулова соцтармактагы билдирүүлөрүнө экспертиза жасалгандан кийин "массалык башамаландыкка чакырыкка" жана "улут аралык кастыкка" шектелип кармалганын билдирди.

Журналисттин адвокаты Нурбек Сыдыков Мамыркуловага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ("Массалык баш аламандыктар", "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча иш козголгонун "Азаттыкка" айтты:

"48 саатка убактылуу кармалды. Эртең же бүрсүгүнү баш коргоо чарасы каралат. [Соцтармактагы] постторуна экспертиза жүргүзүлгөн экен. Ошонун жыйынтыгы менен иш козголуптур. Мен чек ара маселесине байланыштуу деп түшүндүм.

Бейшембинин кечинде Бишкек шаардык милициясы журналист Канышай Мамыркулова "массалык башамаландыкка чакырыкка" жана "улут аралык кастыкка" шектелип кармалганын билдирди. Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта “соцтармактарда мониторинг жүргүзүү учурунда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен өлкө аймагында массалык башаламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, коңшу өлкөлөрдүн жана кыргыз жарандарынын ортосунда улуттар аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган «Канышай Мамыркулова» аттуу колдонуучу аныкталган” деп айтылат.

ИИМ соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыкканын кошумчалаган. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине ылайык ("Массалык баш аламандыктар") иш козголуп, Мамыркулова Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына камалганын кабарлаган.

Милиция Мамыркулова буга чейин кыргыз-өзбек чек арасын тактоо маалында "коомдук-саясий абалды курчутканы үчүн" жоопкерчилиги каралганын белгилеген.

"Кардарга айланган" милиция кызматкерлери

Журналисттин кызы Айжамалдын айтымында, алар Туңгуч кичирайонунда жайгашкан батирин сатыкка коюшкан. 20-март күнү болжол менен 15:30дар чамасында апасы “үйгө кардар келиптир, жолугуп келейин” деп короого чыгып кеткен.

“Үй сатып аткан болчубуз. Кардар сыяктанып келип, 5-6 киши кармап кетиптир. Мен үйдү жыйнап жаткан болчумун. “Кардар келиптир” деп эле чыгып кеткен болчу. Үй башкаруучу эле көрүп калыптыр, ал келип мага айтты. Кайда алып кетишкенин билбей, издеп жатабыз”.

Жарандык активист Аманбол Бабакулов Мамыркулованы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү кармап келишкени такталганын видео билдирүүсүндө айтты.

Журналисттин жакын санаалашы Жаркын Ибраева Мамыркулова батирин сатып, ден-соолугуна байланыштуу башка жактан жер там сатып алууну ойлоп жүргөнүн айтат.

Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” укуктук гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган.

Соңку 3-4-жылдан бери ал коомдо болуп жаткан саясий процесстер, адам укуктары жана мамлекеттик башкаруудагы кемчиликтер тууралуу өз ой-пикирин ачык айтып жүрөт. Көбүнчө социалдык медиага бийликти сындап жазып турчу.

Мамыркулова аны белгисиз бирөөлөр кармап кетерден бир сааттай мурун Фейсбуктагы баракчасына парламент депутаттарынын Министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө жасаган мамилеси тууралуу пост жазган.

Мурунку президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин тушунда Мамыркулова куугунтукка кабылып, аткаминерлер менен соттошуп, белгисиз бирөөлөрдөн зомбулук көргөн учурлары да болгон.

Мамыркулова тууралуу азыркы бийликти жактагандар менен фейк-фабрикалар социалдык тармактарда ар кандай каралаган постторду жазып келишет. Ошол эле маалда, коомдогу ар кандай көрүнүштөргө калыс пикир айтканын жактагандардын катары да калың.

Ачык сөздүн акысы

Укук коргоочулар социалдык тармакта пикир билдиргени үчүн жоопко тарткан учурлар көбөйүп жатканын айтып, бул адам укугуна, эл аралык келишимдерге каршы келерин белгилешет. Бирок бийликтегилер мындай дооматтарды четке кагып, өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталап келет.

“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашуун жаранды аныктады.

Кармалгандар арасында 70 жаштагы байбиче жана 21 жаштагы студент да болгон.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “массалык башаламандык”, "бийликти күч менен басып алууга чакырыктар", "расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу", “экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренелери менен иш козголгон.

"Ачык сөздүн акысы"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00

Жарандык коомдун реакциясы

Адвокат Акмат Алагушев бул тизмедеги жарандык активисттердин, блогерлердин айрымдарынын сот иштерине катышып, алардын укуктарын коргоп жүрөт. Юрист белгилегендей, мындай саясий беренелер менен иш козголгон учурда тергөө органдары көбүнесе соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна таянат. Ал эми экспертизанын жыйынтыгы боюнча адвокаттардын суроолору көп.

"Анткени Кылмыш-жаза кодексинин бул беренелери менен айыптоо сотко барганда шектүүнүн бөгөт чарасы "камакка алуу" менен аныкталат деген тергөөчүлөрдүн ишеничин бекемдейт. Өзүңүздөр көрүп жүргөндөй, бул беренелер боюнча шектүү адамдардын ичинен эркиндигинен ажыратылганы да, пробациялык көзөмөл менен жаза аткаруудан бошотулганы, ошондой эле акталган жарандар да бар. Бирок "жапырт башаламандыкка чакырган" деген берене менен бир эле кишини айыптоо мүмкүн эместигин белгилей кетүү керек. Ошол эле учурда эгер массалык башаламандык болбосо, "бийликти күч менен басып алууга чакыруу" беренесин колдонуу мүмкүн эмес. Бул беренелер боюнча козголуп, каралып, аягына чыккан бир дагы иште айыптоодо көрсөтүлгөндөй жапырт башаламандык тургай, митинг да болгон эмес", - дейт Алагушев.

“Медиа полиси” уюмунун юристи Нурбек Сыдыков азыркы беренелер туура эмес колдонулуп жатканын белгилейт. Беренелер массалык башаламандык болуп жаткан учурда чакырык болсо коюлушу керек.

"Жок, токтобогула, алдыга жылгыла, талкалагыла!" деген чакырыктар болсо гана ушул беренелер колдонушулу керек эле. Ошон үчүн мунун жазасы да өтө оор көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, аталган беренелер азыркы күндө туура эмес коюлуп жатат деп ойлойбуз", - деди Сыдыков.

“Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова пикирин ачык айтып, мыйзамсыз иштерди ачыкка чыгаргандар жоопко тартыла берсе, өлкөдө "маалыматтык вакуум" пайда болуп, анын кесепети оор болорун айтат.

"Маалыматтык вакуум" деп коет, эгер "жакшы, жакшы" дей берсек, чыныгы маселелер айтылбай калат. Эгер мен чындап эле көйгөйдү көрүп, бирок айтпай койсом, башкасы айтпайт, үчүнчү киши дагы айтпайт. Ошентип ал көйгөй топтоло берип, чечилбейт. Мындан "бизге көңүл бурбайт экен" деп, бийликке элдин ишеними кетет", - дейт Абдирасулова.

Саясат талдоочу Эмил Жороев жаркын келечекке умтулган мамлекет өз жарандарын чектебей, экономикалык кирешелер менен жубатпай, алардын бекем ишенимин жаратышы зарыл деп эсептейт.

“Түбөлүктүү, туруктуу, узакка умтулган мамлекет куруу идеясында, менимче, адамдардын көз карашы, баалуулуктары өтө чоң мааниге ээ. Аны экономикалык жетишкендиктер же элдин бир ооздон бийликтин башындагыларды колдоп туруусу менен өлчөп-ченөө өтө кыйын. Күчтүү мамлекет куруу үчүн адамдардын эркин ойлонуусу, өздөрүн эркин сезгени, ишеним менен берилүүсү өтө зарыл”.

Кыргыз бийлигинин жообу

Кыргыз бийлиги өлкөдө эч кандай саясий куугунтук жок экенин билдирип, ар бир ишти андагы коюлган айыптар боюнча гана талдоого чакырат. Бийлик өкүлдөрү жарандык эркиндиктин чектелишин "туруктуулукту камсыз кылуу", "тартипти орнотуу", "жоопкерчиликти күчөтүү" сыяктуу жүйөлөр менен түшүндүрүп келет.

Президент Садыр Жапаров 17-декабрда журналисттерге берилген “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу иш-чарасында сүйлөгөндө: “Коррупция болсо иликтеңиздер, биздин кемчилик болсо жиликтеңиздер, ачыкка чыгара бергиле. Коомчулуктан жашыра турган эч нерсебиз жок. Бирок “…дейт, Алмакан эжем айтып атпайбы”… дебей материалдарыңардын жок дегенде 90% далилдерди чогултуп алып чыгарсаңыздар, мага да жардам болот эле”, - деп билдирген.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанда сөз эркиндиги бардыгын белгилеп, ошол эле маалда жарандардын жоопкерчилигине токтолгон.

“Биринчи жоопкерчилик болуш керек. Кайсы бир сырттагы уюмдардан каржылангандар Кыргызстандын стабилдүүлүгүнө, өсүп жаткан экономикасына терс таасирин тийгизбей койбойт. Журналистикага жамынган, өздөрүн журналист деп эсептеген блогерлердин ээн ооздугунан өлкөдө ар кандай пикирлер бар. Бизде сөз эркиндиги бар. Ким эмне кааласа айта алат, дей алат”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте туруп, сөз эркиндиги тууралуу суроого мындай жооп берген:

“Кыргызстанда журналисттердин эркиндиги жокпу? Кайсы журналист эмнени кааласа, кандай кааласа жазса болот. Бирок акыркы жылдары алардан талап кылып жатабыз. Калп нерсени жазып, мамлекеттик тынчтыкка бүлүк салууга аракет кылган адамдарды жазага тартышыбыз керек. Ошондо гана мамлекетибизде тынчтык болот”.

2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган сайтты соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет. Бийлик койгон доомат эске алынбаса, анда басылманын ишин токтотуу чарасы көрүлүшү мүмкүн.

2023-жылдын апрелинде президент Жапаров “Чет элдик өкүл” мыйзамына кол койду. Мыйзам чет өлкөдөн каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдардын Кыргызстандагы саясий процесстерге аралашуусуна чектөөлөрдү коёт. Арийне, жарандык коомдун өкүлдөрүн мыйзамда каралган “саясий ишмердик” деген тизме нааразы кылып келет. Ал тизмедеги иштерге аралашкан уюм “чет элдик өкүлдөрдүн” реестрине катталууга милдеттендирилген.

2024-жылдын этегинде Жогорку Кеңеш интернетте, жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга, мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна президент кол койсо, эми мазактоо жана жалаа жабуу боюнча арыздарды Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Эгер ал далилденсе, жалган маалымат тараткан адамга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиага 65 миң сом айып пул салынат. Бул мыйзам долбооруна бир катар укук коргоочулар, эл аралык уюмдар камтамачылыгын билдирип келишет.

Эл аралык уюмдардын баасы

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга дуушар болгонун белгилеген.

2024-жылы 11-декабрда Human Rights Watch уюму 10-декабрь - Адам укугунун эл аралык күнүнө карата билдирүү жасап, анда Кыргызстандын бийлигин адам укуктарын сактабаганы үчүн сындаган.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун 2024-жылкы баяндамасында 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстан сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде 120-орунду ээледи. Баяндаманын авторлору өлкөдө сөз эркиндиги кысымга кабылып, Баш мыйзамдагы талаптар аткарылбай жатканын, журналисттер, активист, блогерлер саясий басым алдында калганын белгилешкен.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жанн Кавелье "жалпысынан кырдаал Чыгыш Европада жана Борбор Азияда начарлап кетти, былтыр Кыргызстандын рейтинги кескин төмөндөп кеткен, быйыл деле эч кандай жакшы жылыш болгон жок” деп айткан.

Баш кеңсеси Венада жайгашкан Freedom for Eurasia уюмунун жетекчиси Лейла Назгүл Сейитбек:

«Жарандардын укуктары менен эркиндиги ашкере чектөөгө туш болгондо жана адамдарга адилеттикти бербей койсо, көпчүлүк эл радикалдашып кетет. Бул өлкөнүн өнүгүү перспективасы үчүн абдан кооптуу. Анткени киши адилеттикти таба албаса, ал аны убада кылган башка жерден, башка топтордон издей баштайт. Аны болтурбоо үчүн куугунтуктоо же репрессиялар эмес, өз элине мыйзамдуу жана адилет мамиле жасоо зарыл”, - деп айткан.


Шерине

XS
SM
MD
LG