Бүгүн 18-мартта "Азаттык" радиосунун обого чыкканына 72 жыл толду. СССР доорунда канчалык кыйын болсо да анын угармандары ар кандай айла-амал менен “Азаттыкты” угуп келген. Кыргызстан эгемендик алган жылдары уктуруулары кеңири коомчулуктун бардык катмарына жетти. Көпчүлүк “Азаттыкты” эгемендик менен киндиктеш деп билет. Жетимиш жыл ичинде “Азаттык” далай сыноону башынан өткөрдү. Бул жолу дагы кезектеги сыноого тушукту. Бирок Кыргызстандын өзүндө, дүйнөдө да аны сактап калуу чакырыктары айтылууда.
Мындан так 72 жыл мурда, ушул күнү азыркы “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын борборазиялык башка кызматтар сыяктуу кыргыз тилиндеги туңгуч берүүсү обого чыккан. Уктуруу 1953-жылдын 18-мартында кыргыз тилинде Азамат Алтайдын үнү менен башталган. Ал кезде ал Liberation же “Боштондук үналгысы” деп аталган.
Үналгынын Кыргызстандагы алгачкы кабарчысы Кадыралы Коңкобаев өз ишмердигин мындайча эскерет:
“Мен “Азаттык” үналгысынын расмий эмес кабарчысы болуп 1989-жылдын октябрь айынан 1991-жылдын апрель айынын баштарына чейин иштедим. Аким Өзгөн, Төлөмүш Жакып уулу айтып түшүндүрдү. “Бизге жардам бериңиз. Кыргызстан жөнүндөгү так маалыматтарды берсеңиз эле болду. Сизге эч кандай идеологиялык, тигиндей-мындай жумуштар жөнүндө суроо салбайбыз” деп айтышкан. А мен чынында эле “кайра куруу, ачыктык” (перестройка-гласность) болуп калган учурда Кыргызстандагы болгон өзгөрүүлөрдү, элдин ичиндеги жаңылыктарды, эл ичиндеги мыкты адамдар, маданияттын мыкты үлгүлөрү, окумуштуулар жөнүндө [жазып турдум]. Ошолордун ичинде Турдакун Усубалиев аксакал дагы куугунтукта калып, азыркы Алыкул Осмонов китепканасындагы эки бөлмөдө туруп калган экен, ошол кишиден интервью алып, үч-төрт жолу ал кишинин интервьюларын, кыргызга жасаган иштери жөнүндө так маалыматтарды берип тургам. Анан кийин, Кадыркул Какчекеев деген Кыргызстандын Москвадагы өкүлү – ал кишинин Исхак Раззаков жөнүндө айткандарын радио аркылуу берип тургам”.
Жетимиш эки жылда “Азаттыкты” Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу, Аким Өзгөн баштаган Кыргызстандагы илимий, маданий интеллегенциянын чыгаан өкүлдөрү жетектеп, бир нече муун журналисттер иштеди.
Алгачкы жолу 1953-жылы “темир көшөгө” артында обого чыккан “Азаттык” үналгысы ал кезде кылычы катуу репрессивдүү коммунисттик режимдерден далай куугунтук көргөн. Андан кийинки эгемендик жылдары элдин башына түшкөн окуялардын капшабы үналгыны да кыйгап өткөн жок .
Кыйынчылыктар Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков, азыркы бийлик тушунда да болуп келген. “Азаттыктын” берүүлөрү радио, телеканалдар тарабынан токтотулуп, элге жетпей, сотторго чакыруу алып, Бишкектеги бюросу жабылып калышы мүмкүн деген кооптуу кырдаал буга чейин далай жолу башынан өттү.
Эгемен Кыргызстандын жетекчилеринин бири, Акаев кезинде вице-президент, Бакиев тушунда премьер-министр, андан кийин депутат болуп эмгектенген Феликс Кулов “Азаттык” өз угармандарын ар дайым объективдүү маалымат менен камсыздап турганын, анысы үчүн бийликтен куугунтук жеп келгенин айтат:
“Биздин эгемендик доорубуз эми гана башталып келаткан мезгилде “Азаттык” үналгысы бүткүл калк зор ынтаа менен уккан эң башкы үналгы болуп турган. Ошондуктан биздеги эгемендик этабында өткөн процесстердеги “Азаттыктын” эмгеги талашсыз жогору. Муну эч ойлонбой туруп моюнга алыш керек. Үналгыга Акаевден да, Бакиевден да, андан кийин да кысымчылык болуп келди. Менимче, “Азаттык” мыйзамды бузгусу келген жетекчилердин чыныгы жүзүн ачып берүүдө өз милдетин аткарды. Мен түз айта алам – “Азаттык” эч качан эч бир берүүсүн жасалма даярдаган жок. Алар дайым фактыга жана конкреттүү күбөлөрдүн билдирүүлөрүнө гана негизденип жасап келишет. Бул объективдүү маалыматтар эле”.
Жетимиш жыл аша күрдөөлдүү иштеп келген “Азаттык” учурда дагы бир татаал сыноого туш болуп турат. Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын администрациясы дүйнөлүк медиа боюнча агенттиктин (USAGM) функцияларын эң минимумга чейин кыскартуу чечимин кабыл алды. Агенттикке караган бир катар эл аралык медиа уюмду каржылоо келишимин токтотору жарыяланды. Алардын арасында Кыргызстандагы “Азаттык” үналгысы да бар.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Стив Капус буга байланыштуу билдирүүсүндө "гранттык келишимди токтотуу – Американын душмандарына чоң белек болмоктугун" жарыялады.
"Иран, Кытай, Москва, Минскидеги автократ лидерлер 75 жылдыгын белгилөө алдында турган "Эркин Европа/Азаттык"радиосунун жабылышын чын дилинен майрамдашмак. Американын душмандарынын жеңиши аларды күчтөндүрүп, Кошмо Штаттарды алсыздандырат", - деп айтылат билдирүүдө.
Бул тушта Трамптын “Азаттык” үналгысы боюнча позициясына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун көз карашы да үндөшүп турат. Кыргыз президенти “Кабар” маалымат агенттигине атайын маек куруп, Трамп менен Масктын ал чечимдерин толугу менен колдой турганын билдирген.
Бул арада Европада “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын жабылып калуу коркунучу кабатырлануу менен талкууланып жатат. Кыргыз коомчулугунда да үналгынын алдындагы тобокелдиктер кызуу талкуунун темасы болуп турат.
Саясат талдоочу Айбек Теңизбай “Азаттыктын” эгемен Кыргызстандын демократиялык нукта өнүгүшүнө опол тоодой салым кошконун айтат. Ал учурда үналгынын алдында турган тобокелдик жалпы кыргызстандыктардын эркиндик маселесин өзүнө камтып турганын белгилейт:
“Башка өлкөлөрдө “Азаттык” радиосунун ишмердүүлүгү эффективдүү болбогондой сезилет мен үчүн. Бирок Кыргызстандагы “Азаттыктын” ишмердүүлүгү өтө эффективдүү, өтө максаттуу, өтө натыйжалуу болуп келген. Ошол себептен улам дагы мына 30 жыл ичинде Кыргызстан толук диктатурага, толук авторитардык башкарууга кирип кеткен жок. Анткени “Азаттык” ошого жол берген жок. Анан, жалпы эркин медиалардын башында авангард катары “Азаттык" медиасы турат. Азыркы айланасында болуп жаткан окуялар, иштер сөзсүз түрдө Кыргызстандагы жалпы эркиндик маселесине таасир этип, атворитардык башкаруунун бекемделишине, күчтөшүнө, жалпы элдин үнүнүн кесилишине, азайышына чоң түрткү болот. Ошол себептен, бул чоң тобокелчилик бир гана эле Американын кызыкчылыгын коргоодо эмес, бул эң биринчи кезекте кыргыз элинин, кыргызстандыктардын кызыкчылыгында”.
“Азаттык” өз тарыхында ондогон курч жана мазмундуу программаларды жана уктурууларды даярдап келди. Алардын арасынан азыркы учурда өлкөдөгү актуалдуу окуяларды талкуулаган “Эксперттер талдайт”, калктын социалдык-экономикалык турмушун чагылдырган “Данисте”, аялзатын алга сүрөгөн “Эже-сиңдилер”, дүйнө кабарларын сунуштаган “Биз жана дүйнө” программалары, курч журналисттик иликтөөлөрү аудиториясынын маалыматтык суроо-талабын канааттандырып турат.
Шерине