Президент Садыр Жапаров 19-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк менен жолугушту. Президенттин администрациясы билдиргендей, жолугушууда адам укуктарын коргоо жана илгерилетүү, сөз эркиндигин камсыз кылуу, демократиялык институттарды чыңдоо, ошондой эле адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын башкармалыгы менен кызматташуу маселелери талкууланды.
Жапаров Кыргызстанда демократиялык башкаруу формасын чыңдоо, укуктук мамлекетти куруу, улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү, сот жана укук коргоо системасын реформалоо процесстери ырааттуу жүргүзүлүп жатканын айткан. Ал ошондой эле соңку төрт жылдан бери мыйзамдарды инвентаризациялоо жүрүп жатканын маалымдаган.
“Бул иш-чаралар өлкөнүн мыйзамдык базасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, анын ичинде жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында аткарылууда. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети кылмыш-жаза мыйзамдарын гуманизациялоо боюнча ырааттуу иш алып барууда”, - деди Жапаров.
Президент Кыргызстан бул жаатта өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарып жатканын кошумчалаган. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары, бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамдар коомчулуктун катышуусунда кабыл алынып жатканын билдирген.
Волкер Түрк Кыргызстандан социалдык-экономикалык өнүгүү, Борбор Азия аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча иштер тууралуу маалымат алып жатканын белгилеп, Кыргызстанды Тажикстан менен чек араны тактоону аякташы менен куттуктады. Ал коомдогу көйгөйлөрдү жана чакырыктарды талкуулоого жарандык коомдун катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Freedom House (FH) эл аралык уюмунун 26-февралда жарыяланган баяндамасында Кыргызстан быйыл да, бешинчи жыл катары менен “эркин эмес” мамлекет аталган.
26-февралда Европарламенттин Адам укуктары боюнча комитетинин депутаттары Бишкекке келип, президент баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолугушкан. Комитеттин төрагасы Мунир Сатури Кыргызстанда жарандык коом жана сөз эркиндиги чектелип жатканына тынчсыздануусун билдирген.
Президент Садыр Жапаров бул маселеде Кыргызстан бир жактуу жана субъективдүү мамилеге туш болуп жатканын, бул өзгөчө Европарламенттин Кыргызстандагы кырдаал боюнча кабыл алган резолюцияларында ачык көрүнүп турарын белгилеген.
Былтыр жыл аягында Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу резолюция кабыл алып, анда өлкө демократия жолунан тайганы жазылган. Расмий Бишкек бул дооматтарды четке каккан.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги, демократиялык баалуулуктар бар экенин жана алар сактала турганын билдирип келет.
Шерине