Киев менен Москва "175-175" формуласы боюнча туткундарды айырбаштады. Бул тууралуу маалымат каражаттары Орусиянын Коргоо министрлигине таянып жазышты. Украинанын президенти Владимир Зеленский билдиргендей, бул туткун алмашуу боюнча эң ири жараяндардын бири болду.
"Биздин жоокерлер, сержанттар жана офицерлер кайтып келишти. Алар Украинанын куралдуу күчтөрүнүн, деңиз күчтөрүнүн, Улуттук гвардиянын, аймактык коргонуу күчтөрүнүн жана чек ара кызматтарынын катарындагы жоокерлер. Алар Мариуполдо, "Азовсталь" заводунда, Донецк, Луганск, Херсон, ошондой эле Харьков, Николаев, Запорожье, Сумы жана Курск облустарында Украинаны коргошту", – деп жазды Зеленский.
Маалыматка караганда, Украинага "жакшы ниеттин белгиси катары" чукул медициналык жардамга муктаж 22 украиналык аскер да өткөрүлүп берилди.
Орусиянын Коргоо министрлиги бардык орус аскерлери азыр Беларус аймагында экенин билдирди. Аларга психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүп, үй-бүлөлөрү менен байланышууга мүмкүнчүлүк берилди. Мекеме билдиргендей, кийинчерээк алар Орусияга жеткирилип, дарыланып, реабилитациядан өтүшөт.
Туткун алмашуу маселеси 18-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп менен Владимир Путиндин сүйлөшүүсүндө да көтөрүлгөн. Бул жараянга Бириккен Араб Эмираттары жардам берген.
Шерине