Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:33

"Элиме ишенем". Эрдоганга атаандаш саналган Имамоглуну полиция кармап кетти


Стамбулдун мэри Экрем Имамоглунун жактоочулары
Стамбулдун мэри Экрем Имамоглунун жактоочулары

Түркиянын бийлиги оппозициялык саясатчы, Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуну кармап кетти. Маалымат каражаттары жазганындай ага "коррупция жана террордук топко көмөктөшкөн" деген айып тагылууда. Оппозициялык Республикалык элдик партия (CHP) муну “болочок президентке каршы кутум” деп баалады.

Мэр эмки президенттик шайлоодо мамлекет башчы Режеп Таип Эрдоганга атаандаш болуп чыгат деп күтүлгөн. Полициянын баш кеңсеси алдына саясатчыны колдогондор чогулду. Бийлик Имамоглунун ишинин артында саясат турат деген кинени четке кагып, сот системасы көз карандысыз чечим кабыл алат деп билдирди.

Түрк медиасынын кабарларына ылайык, Имамоглудан тышкары анын басма сөз катчысы жана мэриянын 100 чакты кызматкери кармалды.

Ага чейин мэрдин үйүндө тинтүү жүрдү. Саясатчыга эки башка иш боюнча айып тагылышы мүмкүн. Атап айтканда, кылмыштуу уюмду жетектөө, паракорлук жана тендер өткөрүүдө көз боемочулукка баруу.

Мэрдин жубайы Дилек Имамоглу күйөөсүн кармап кетишкенден кийин ага каршы тагылган айыптар күлкү келтирерин айтты:

"Террордук уюмдар менен байланышы болушу мүмкүн эмес. Бул күлкүлүү айып. Жалган маалымат көп тарап кетти. Биз баарыбыз социалдык тармактарга байкоо салып турабыз. 20 күндүн ичинде бир нече киши канча жалаа таратып, чакчелекей салып жиберди. Бул абдан жаман нерсе. Баары бир чындык бир күнү ачыкка чыгат".

Полициянын баш кеңсеси жанына чогулган 100 чакты киши мэрди кармоону “Түркиянын демократиясына каршы кутум” деп баалашты. Алар өкмөткө каршы ураан чакырып турушту.

Полициянын имаратына кеткен жолго ОМОН жана суу бүрккөн машиналар бөгөт койду. Стамбулдун губернатору Имамоглу кармалгандан кийин митинг-демонстрацияларга тыюу салды.

Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу
Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу

Х социалдык тармагына жайгаштырган видеодо мэр кысымга моюн сунбай турганын, багынып бербесин билдирген:

"Элибиздин эркин узурпация кылууга аракеттенген бир ууч киши мен сыйлаган полицияны, коопсуздук күчтөрүн мындай кыянаттык үчүн курал катары пайдаланганы жана жүздөгөн тартип коргоочуну босогомо, Стамбулдун 16 миллион жашоочусунун эшигинин алдына чогултканы өкүнүчтүү. Биз эбегесйиз зулумчулдукка туш болдук, бирок менин багынбай турганымды билгиле. Баарыңарды жакшы көрөм. Элиме ишенем. Элим менин тикемен тик турарымды билсин".

Саясатчы 2028-жылкы президенттик шайлоодо оппозициянын негизги талапкери жана мамлекет башчы, өлкөнү 20 жылдан ашуун башкарып келаткан Режеп Таип Эрдоганга атаандаш болот деп күтүлгөн.

Оппозициялык Республикалык элдик партияcынын (CHP) өкүлү Имамоглу Стамбулду экинчи мөөнөт башкарып келатат.

Дүйшөмбү күнү Стамбул университети анын жогорку билим тууралуу дипломун жокко чыгарган. Мунун алдында Башкы прокуратура ал документтин мыйзамдуулугунан күмөн санаган.

Университеттин билдирүүсүндө айтылгандай, катарына Имамоглу кирген 38 киши 1990-жылы англис тилдүү менежмент факультетине мыйзам бузуу менен которулган, 10 кишинин которулганы жокко чыгарылган. Калган 28 кишинин дипломдору Жогорку билим тууралуу кеңештин жоболоруна ылайык “жараксыз” деп табылды.

Мэрдин адвокаты "Рейтер" агенттигине дипломго байланыштуу эч кандай мыйзам бузуу болбогонун жана окуу жайдын оң чечимин күткөнүн айткан.

Республикалык элдик партияcынын (CHP) төрагасы Өзгүр Өзел университеттин чечимин сындап, Имамоглуну президенттик шайлоодо талапкер кылып көрсөтөрүн билдирген.

Түрк конституциясында президенттикке талапкер жогорку билимдүү болуш керек деп жазылган.

"Рейтер" агенттиги Netblocks компаниясына шилтеме менен мэр кармалгандан кийин бийлик YouTube, Instagram, TikTok өңдүү социалдык түйүндөрдү чектегенин маалымдады.

Түркиянын бийлиги мэрдин ишинин артында саясат турат деген кинени четке кагып, сот системасы көз карандысыз чечим кабыл алган орган деп айтууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG