Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:45

Наристе өмүрү кыйылган жол кырсыгы, Ош мэринин билдирүүсү


15-мартта Жалал-Абад шаарында тротуарда бараткан үй-бүлөнү сүзүп, качып кеткен айдоочу эки айга камака алынды. Жол кырсыгында төрт жашар кыздын өмүрү кыйылып, үч жаштагы наристе ооруканага түштү.

Бул окуяга катыштыгы бар автоунаа Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин уулуна таандык экени тууралуу видеолор соцтармактарга жарыяланып, талкуу күчөгөндөн кийин Токторбаев Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. Ал унаанын айдоочусу тууганы экенин тактады.

15-марттын кечинде Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн биринде жол кырсыгы катталып, төрт жашар кыздын өмүрү кыйылды. Жолдун четиндеги жөө адам баскан тротуарда эки баласы менен бараткан аялды катуу ылдамдыкта келген BMW үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Наристелердин апасы окуя тууралуу буларды айтып берди.

“Биз үйдүн жанында эле болчубуз. Жолго чейин ортодо бир линия жана лоток бар эле. Бир эле кадам алдымда болчу балдарым. Билбей деле калдым, секундда эле келип калды. Машина аябай катуу чыкты, бир кадам алдымда турган балдарым көз алдымда ушундай болуп кетти”.

Кырсыктан бир бүлөнүн 2020-жылы туулган кызы окуя болгон жерде каза тапты, 2022-жылы туулган баласы жараат алып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылды.

Балдардын атасынын айтымында, унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткенден кийин ал милицияга арыз менен кайрылды:

“Мен ал учурда башка жакта болчумун. Аялым чалып, ушундай болуп кетти деп кабарлады. Мен ооруканага бардым. Азыр эми эмне деп айтууну деле билбей турам. Өзүмө келе албай турам. Ачыгын айтсам, ушунчалык ичим күйүп, эмне дешти деле билбей жатам. Балам жакшы болуп кетсе экен деп эле тилеп отурам азыр. Аталары үйгө барышты Токторбаевдердин үкасынин баласы экен деп жатышат”.



Айрым интернет колдонуучулар жол кырсыгы тууралуу видеолорду социалдык тармактарга жарыялап, алардын айрымдары унаа Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин уулуна таандык экенин, аны өзү айдап баратканын жазышты.

Бирок Токторбаев өзү Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, төрт жашар кыздын өмүрүн алган жол кырсыгында унаанын айдоочусу анын тууганы болгонун айтты.

“BMW үлгүсүндөгү В5500ВА номурлуу унаанын айдоочусу менин балам Баястан Токторбаев болгон эмес жана унаа Нурислам аттуу баланын атына катталган. Бирок кырсыкка кабылган бала менин бир тууган инимдин баласы 2000-жылы туулган Ш.З болуп чыкты”, - деп жазды Токторбаев.

Кырсыкка кабылган бир тууган наристелердин аман калганы Жалал-Абад балдар ооруканасында жатат. Аталган оорукананын директорунун орун басары Айдай Сапарбаева наристенин абалы тууралуу маалымат берди:

“Бала учурда бизде травматология бөлүмүндө жатат. Биринчи келген күнү жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, анткени баланын абалы оор болчу. Азыркы күндө абалы туруктуу оор болуп турат. Учурда палатага которулган. Көзөмөлдө. Кечээ күнү башына КТ жасалган, анда баш сөөктө бир аз сынык жана жарака бар экени көрүндү. Учурда өзүн жакшы сезип сүйлөп жатат”.



Жалал-Абад шаардык милициясы бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголгонун, шектүү камакка алынганын билдирди.

Шектүү катары Сузак районунун 2000-жылы туулган Ш.З. аттуу тургуну кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жалал-Абад шаардык соту анын бөгөт чарасын карап, камакка алуу чечимин чыгарды.

Машина жөө жүргүнчүлөр жүргөн тротурага чыгып кетип, балдарды сүзгөн кырсыктардын бир нечеси буга чейин да катталган. Былтыр 23-октябрда Талас шаарында мектептин жанында автоунаа жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, кырсыктан 31 жаштагы келин жана анын алты жашар кызы, төрт жашар уулу каза болгон.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, 2024-жылы 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакыны жаракат алган.

Шерине

XS
SM
MD
LG