Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:39

Кыргызстанда балдардын тишин каптоо өнөктүгү жүрөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

20-мартта Ооз саламаттыгынын эл аралык күнүнө карата Кыргызстанда 6-14 жаштагы балдардын тиштерин каптоо (герметизациялоо) өнөктүгү жүрөт. Бул тууралуу өнөктүктү уюштуруучулардын бири Албина Закирова “Азаттыкка” билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, бул акция Кыргызстанда жеке клиникалардын катышуусунда бешинчи жылы катары менен өтүүдө. Быйыл акцияга ондогон мамлекеттик стоматологиялык ооруканалар да катышууда.

Акция күнү саат 9:00дөн 17:00гө чейин 6-14 жаштагы балдардын тишин герметизациялоо акысыз жүргүзүлөт. Буга катышуу үчүн эч кандай даярдык талап кылынбайт. Дарыгер алгач баланын тиштерин карап, герметизациялоого болуп-болбой турганын аныктайт. Мындан тышкары дарыгер баланын ата-энесине тишке кам көрүү жана тамактануу боюнча кеп-кеңештерди берет.

Эгер тиштер герметизация кылууга болбой турган абалда болсо, дарыгер тишти дарылоо боюнча кеңештерди берет. Акциянын алкагында тиштин кариесин дарылоо каралган эмес.

Фиссураларды герметизациялоо – бул азуулардын кариесинин алдын алуу ыкмасы, анда тиштин оюктары атайын герметик менен толтурулат. Өзгөчө коргоого муктаж болгон тиштер – бул баланын 6 жашында чыгып келген биринчи туруктуу азуулары. Адистердин айтымында, ата-энелер бул азууларды кийин түшө турган сүт тиштери деп ойлоп, көп маани беришпейт. (ST)

(

Шерине

XS
SM
MD
LG