Гуманоид же адам түспөлүндөгү роботтордун кеңири колдонууга киришине беш жылдан да аз убакыт калды. Бул тууралуу Nvidia компаниясынын башкы директору Женсен Хуанг билдирди.
Хуанг 18-мартта Калифорниянын Сан-Хосе шаарында өткөн компаниянын жылдык жыйынында сүйлөп жатып, гуманоид роботтордун айлана-чөйрөнү оңой түшүнүүсүнө жардам бере турган жаңы программалар менен тааныштырды.
Андан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: "Ачыгын айтканда, гуманоид роботтор айланада беш жылдын ичинде эмес, бир нече жылдын ичинде басып калышы мүмкүн", - деди.
Ал кошумчалагандай, гуманоид роботторду биринчи болуп өндүрүш тармагы кабыл алышы мүмкүн. Анткени ал жерде роботтор аткара ала турган так тапшырмалар бар.
"Менимче, алар биринчи кезекте фабрикаларга барууга тийиш. Анткени ал чөйрө жакшы көзөмөлдөнөт жана колдонуу максаты абдан так", – деди Хуанг.
Nvidia – АКШдагы ири технологиялык компания, негизинен графикалык процессорлорду (чиптерди) жана жасалма интеллект технологияларын иштеп чыгат. Ал 1993-жылы негизделген.
Nvidia оюн индустриясында гана эмес, жасалма интеллект, медицина, автономдуу унаалар жана маалымат борборлору сыяктуу тармактарда да чоң роль ойнойт.
Компания учурда дүйнөдөгү инновациялык жана тез өсүп жаткан технологиялык корпорациялардын бири болуп эсептелет.
Шерине