Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:40

8-март: Аялдардын токтобогон революциясынын символу


Иранда кыз-келинди хижабчан жүрүүгө мажбурлоо, Ооганстандагы аялдардын тебеленген укуктары, Украинада согуш учурунда сексуалдык ыдык көргөндөр, Босния жана Герцеговинадагы фемицид фактылары. Аялдардын татыктуу, дискриминациясыз жашоосу үчүн күрөш мурда болуп көрбөгөндөй зарыл болуп турат.

8-март бирөөлөр үчүн салттуу гүл менен белек-бечкек болсо, башкалары үчүн өз үнүн жеткирүү күнү.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчылары Эл аралык аялдар күнүнүн маани-маңызын, 8-март алар үчүн эмнени билдирерин кыз-келиндерден сурады.

Аялдардын эл аралык күнүнүн мааниси ар кайсы жерде ар кандай. Ал эми Ооганстанда мааниси деле калган жок. “Талибан” кыймылы 2021-жылы бийликке кайтып келгиче ооган аялдары 8-мартта жетишкендиктерин, көйгөйлөрүн талкуулап, эркектер болсо аялдарына же апаларына гүл тартуулашчу.

Кабулдагы гүл саткан дүкөндүн кожоюну Каташ эми бардыгы өзгөргөнүн, экономикалык абал начарлаганын, соодасы жүрбөй калганын айтат.

Кыз-келиндердин көйгөйлөрүн же ийгиликтерин да эл алдында кеп кылбай калышты. Кандагардын тургуну айткандай, оогандык аялдар 8-март эмнеси менен маанилүү экенин түшүнбөй калышты.

“Теле же радиодон бул аялдардын эл аралык күнү экенин билебиз. Аялзаттын абалы жакшы эмес. Андыктан 8-мартты белгилей алышпайт. Ооганстанда жакырчылык өкүм сүрүүдө, жашоо өзгөчө аялдар үчүн кыйындады. Аялдардын абалы жакшырат деп үмүттөнөм”, - деп айтат коопсуздуктан улам атын атабаган оогандык аял.

“Бул жерде аял болуп жаралуунун өзү кылмыш”, - деп айтат ирандык аял.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун соңку баяндамасында айтылгандай, Ислам жумуриятынын бийлиги кыз-келиндерди хижабчан жүрүүгө мажбурлоо аракеттерин күч алдырды. Коомдук жайларда башы-бетин чүмкөбөгөн аялдарды куугунуктоо уланууда.

Согуш жана куугунтук

Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, он жылдын ичинде эле куралдуу жаңжалдан 50 чакырым алыс жашаган аялдардын саны 50% өсүп, 612 миллионго жетти.

Арасында украиналык кыз-келиндер да бар. 2014-жылдан бери уланып келаткан уруш көбүнүн жашоосунда так калтырды.

Донецк шаарында туулуп-өскөн Людмила Хусейнова 2019-жылы Украинанын таламын талашкан ишмердикке айыпталып, орусиялык коопсуздук органдары тарабынан камакка алынган. Абакта ал зомбулукка туш болгон.

Людмила Хусейнова
Людмила Хусейнова

“Кыз-келиндер кандай гана кырдаалга туш болбосун, алар жалгыз эмес деген үмүт беришибиз керек”, - деп айтат Людмила.

Орусиялык Лидия Прудовская Украинага каршы согушту сындаган постторунан кийин асырап алган баласын тартып алабыз деген коркутууларга туш болуп, өлкөсүнөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Азыр ал Францияда жашайт.

“Жаз ар дайым жаңылануу алып келгендей эле 8-март мен үчүн кыштан аман чыктык, алдыда жакшы маанай, бакыт гана күтүп турат дегенди туюнтат”, - деп бөлүшкөн Лидия аялзат өкүлдөрүнө эркин болууну, бийликтегилер, кесиптештери, жакындары урматтап-сыйлаган жашоону кааларын айтат.

Лидия Прудовская
Лидия Прудовская

Лидиядай болуп Настя Базар да өз мекенинен кетүүгө аргасыз болгон.

Укук коргоочу активист, эки кыздын энеси Беларустан Украинага чыгып кетип, согуш башталгандан кийин Польшага жер которгон. Ал жакта үй-бүлөлүк зомбулуктан жана сексуалдык ыдыктан жапа чеккен аялдарга колдоо көрсөтүп келет.

“Бул күнү жетишкендиктерибизди, ишибиздеги ийгиликти, эже-сиңдилер тилектештигинин күчүн майрамдайбыз”, -дейт Настя. Анын айтымында, кыздарга айланадагыларга кам көрүү биринчи орунда туруш керек дегендей үйрөтүп келишкен, бирок алардын өздөрүн ойлоого убакыт келди.

Настя Базар
Настя Базар

Зомбулук жана стигма

БУУнун эсебинде дүйнөдөгү ар бир үчүнчү аял зомбулукка кабылса, ар он мүнөт сайын бир аял жакындарынын колунан каза табат. Мыйзам үстөмдүгү өкүм сүргөн жана аялдарды коргоо системасы орногон өлкөлөрдө да бул багытта абал анча жакшы эмес.

Бернадет Ороштун жүзүн Венгрияда калың эл жакшы таанып калды. 2019-жылы анын мурдагы күйөөсүнөн катуу таяк жегенден кийин сүрөтү социалдык тармактарга чыккан.

“Бүгүн гана эмес, күн сайын аялдардын тең укуктарын жайылтуу жана дискриминацияга, зомбулукка каршы күрөшүү маанилүү”, - деп айтат үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге жардам берип жүргөн Бернадет.

Бернадет Орош
Бернадет Орош

"Бул күндө өзүмө жана бардык аялзатына жакшылык каалайт элем. Аялдарга кордук, зомбулук көрсөтүү токтосун. Алар бактылуу болсун, көз жашы акпасын, бейкүнөө темир тор артына отурбасын деп тилейм”.

Кыргызстандык блогер Батмакан Жолболдуева эки жыл мурда Баткенде милициянын убактылуу кармоочу жайында отурган кезде зордуктоого кабылганын жакында гана айтып чыккан. Бул үчүн ал изолятордун жетекчилигин айыптаган. Фейсбуктагы баракчасы аркылуу 2024-жылы 25-декабрда түз эфирде жасаган видеокайрылуусунда ал 2022-жылы зордук-зомбулук көргөнүн билдирген.

Башкы прокуратура Жолболдуеванын абакта кармалып турганда “зомбулук көрдүм” деген билдирүүсү тууралуу 30-январда маалымат берген. Мекеме текшерүү жүргөнүн, анын жыйынтыгында Жолболдуева менен ал “зордуктады” деп айткан Н.С. аттуу жаран бир учурда бир жабык жайда кармалбаганы аныкталганын билдирген.

Батмакан Жолболдуева жана Севда Кадич
Батмакан Жолболдуева жана Севда Кадич

Ал эми Босния жана Герцеговинанын тургуну Севда Кадич бул күндү кызы менен өткөрө албайт. Алма 2021-жылы мурдагы сүйлөшкөн жигитинин колунан каза тапкан. Ага чейин кол көтөргөндө 100 чакты жолу полицияга арызданган.

“Аялдарга өзүңөрдү ойлогула жана ким менен мамиле курганыңарга этият болгула, үн чыгарбай, чыдап отурбагыла деп айтат элем”, - деген кеңешин берет Севда.

Жалгыз бой энелердин укуктарын коргогон Косоводогу уюмдун жетекчиси Арьета Гаши балдарын жалгыз баккан аялдар кабылган кыйынчылыктар, алардын көйгөйлөрү көп учурда көз жаздымда каларын айтат:

“Бул күн мага биздин күрөштү, башкалар байкабаган чакан жеңиштерибизди эске салат. Алдыга умтулуу менен биз татыктуу болгон нерселерди талап кылышыбыз керек деген чакырык таштоо күнү деп билем”.

Арьета Гаши
Арьета Гаши

Активист ар бир аялдын өз жашоосун тоскоолдуксуз курууга, татыктуу өмүр сүрүүгө укуктуу экенин кошумчалайт.

Сара Вуисич Монтенегродогу университетте окуп жүргөндө сексуалдык асылууга кабылганын ачык айтып чыкканда көптөгөн кишиге андай терс тажрыйбаны башынан кечиргенин жашырбоого шыкак берерин элестеткен эмес.

Сара Вуисич
Сара Вуисич

“8-март мен үчүн гүл, белек-бечкек, куттуктоонун күнү эмес. Бул – алдыда дагы көп иш жасалууга тийиш экенин эске салган күн, кыз-келиндердин токтобогон революциясынын символу”, - деп айтат Сара.

Шерине

XS
SM
MD
LG