Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

“Жылаңач сүрөтүмдү таратам деп коркутту”. Абактагыларга алданган кыздар


Кыргызстанда темир тор артында отуруп, кыздар менен телефон аркылуу байланышып, мамиле түзүп, кийин ири суммада акчасын алып, алдап кеткендер бар. Түрмөдөгү шылуундар ишенимге кирип, кыздардын интимдик сүрөтүн алып, аны "жарыялап салам" деп коркутушат. Кыздар мындай “сүйүүгө” кантип алданып калууда?

Абактагы балага алданган кыздардын бири Асыл (аты өзгөртүлгөн - ред.). Ал социалдык түйүндөр аркылуу түрмөдө жазасын өтөп жаткан адам менен таанышып, кантип азгырылганын аңдабай калган.

Түрмөдөгү бала Асыл менен алгач телефон аркылуу байланышып, күнүгө жагымдуу сөздөрдү жазып, темир тордо отурганын жашырууга аракет кылган. Анын аяр мамилесине Асыл тез эле көнө түшкөн. Бир нече айдан кийин ал баланын түрмөдө отурганын билип калса дагы мамилесин үзгөн эмес. Уурулук, шылуундук, адам уурдоо сыяктуу 3 берене менен кесилген бала Асылга “мени алдап кетишти” деген жүйөнү айтып, ишендирүүгө аракет кылган.

Телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүшүп, бир нече айдан кийин Асыл абакка каттай баштаган. Көп узабай экөөнүн мамилеси өтө эле ынак болуп кеткен.

“"Атайын кабинетке барсаң, өздөрү билет, мен айтып койдум" деди. Барсам, паспортумду сурашты, анан мен кезиге турган адамдын аты жазылган кагаз беришти. 1967-жылкы кишинин аты жазылыптыр. Анын аты-жөнү эсимде калбаптыр. Кирип эле таң калып “эмнеге ушундай?” деп сурасам, “бизге чектелген эле жолугушуу берилет, эгер менин атыма кирсең, бул айда мамам кире албай калат" деди. Анан жарым жыл аралыгында ошону менен эле кирип жүрдүм. Эки сааттык жолугушуулар болчу. Бир ай телефон менен сүйлөшүп, кийинкилери интимдик маанайда өтө баштады”.

Биздин каарман түрмөгө айына бир нече жолу каттап, куру кол барчу эмес. Азык-түлүк, таттууларды тынымсыз ташып турганын айтат:

“Башында өзүм "эмне ала барайын?" деп сурачумун. Түрмөдө отурса таттуу жегиси келет деп ойлочумун. Ал мага "аны ала кел, тигини ала кел" деп арзан эмес нерселерди айтчу. Кийин насыя алып бер деп суранды. Мен бул түрмөдө отурса, кантип төлөп бермек эле, мен өзүм төлөй албайм деп ойлонуп, макул болбой койгом”.

Асыл акчалай жардам бербей койгондо экөөнүн мамилеси кескин сууп кеткен.

“Мени карабай, чалсам, жооп бербей, коюп салып, алыстай баштады. Менден эч нерсе чыкпаганын билип, ошол аркылуу бүтүрөйүн деп ойлогон окшойт да”.

Абактагы жигитке сезимдери пайда болуп, байланып калган Асылга ал баланын мамилеси катуу тийген. Көп узабай анын никелешкен аялы бар экенин билип калган.

“Телефондон кырылыша баштадык. Мен аялына чалам, аялы тигиге чалат, тигил мага чалат. Прессага чыгарам дегенде мени коркута баштады. Ал менин интимдик сүрөттөрүмдү сактап жүрүптүр. “Эгерде токтобосоң, ушунун баарын чыгарам” деди. Анан чындыгында корктум. Менин да ата-энем, туугандарым, тааныштарым бар. Репутацияма аябай катуу тиймек. Анткени туугандар, тааныштар арасында жакшы, ыймандуу, түз жүргөн кызмын. Ошондон корктум”.

Коркутуулардан кийин Асыл байланышты толугу менен үзүп, башка шаарга көчүп кетип кутулган. Ал жигитке кантип алданып калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнө албай турганын айтат.

Дал ушундай кырдаалга кептелген кыздарга жардам берип келген психолог Наргиз Субаналиева түрмөдө отурган айрым соттолгондор кыздарды террористтик уюмдарга дагы тартып кеткен учурлар кездешерин билдирди:

Наргиз Субаналиева
Наргиз Субаналиева

“Негизинен бизде андай окуялар көп эле. Мен бир окуяны мисал катары айтсам, өңү-түсү келишкен 22 жаштагы жаш эле кыз социалдык тармактардан жигит менен таанышат. Аны менен көпкө чейин байланышып, жазышып, чалышып жүрөт. Кийин кыз түрмөдө отурган ал жигитке турмушка чыгам деп, онлайн эле нике кыйдырышат. Ал жигитти издеп, согуш болуп жаткан өлкөгө кетип калган. Бизде мындай мисалдар көп. Көбүнчө жаш кыздар алданышат”.

Бегайым Жамалбекова
Бегайым Жамалбекова

“Дагы бир кыз телеграм аркылуу жигит менен таанышып, экөө жакшы мамиле куруп, бир нече ай өткөндөн кийин үйлөнүшөт. Башында жубайлар жакшы эле жашап, бир нече ай өткөндөн кийин келинге зордук-зомбулук көрсөтүп, уруп-сого баштайт. Эң кызыктуусу, ал кыз бала түрмөгө отуруп чыкканын, түрмөдө жатып аны менен сүйлөшүп жүргөнүн экөө үйлөнгөндөн кийин гана билген экен”, - дейт “ОАЗИС” фондунун өкүлү Бегайым Жамалбекова.

Ракыя Рахматова
Ракыя Рахматова

“Дагы бир келин келди. Мурда турмуштан ажырашкан, кичинекей балдары бар экен. Ага дагы түрмөдө отурган бала телефон чалып, экөө жакшы сүйлөшө баштайт. Башында келин акча сурай турган болсоң, сүйлөшпөй эле коёлу деп эскертет. Ал бала анын интимдик сүрөттөрүн сактап жүргөн экен. Бир жолу акча сураганда бербей койсо, ошол сүрөттөрүңдү интернетке жарыялайм, тууган, тааныштарыңдын баары көрүшөт деп коркутканын айтып, мага кайрылган. Милицияга арыз жазалы, ал баланы телефон аркылуу табабыз десем, ал келин "менин балдарым, ата-энем бар, өз ара арыз жазбай эле бүтүргөнгө аракет кылам" деди”, - дейт юрист Ракыя Рахматова.

Түрмөдө отурган айрым шылуундардын колуна кээде тааныш-билиштер деле салып берип коюшу мүмкүн экен дейт кийинки каарманыбыз. Кыял (аты өзгөртүлгөн - ред.) - кесиби боюнча юрист, бизнеси бар, капчыктуу айым. Анын түрмөгө түшүп калган классташы номерин түрмөдөгү балага берип, экөөнү байланыштырып койгонун айтат:

“Классташ балам кээде түрмөдөн чалып калчу. “Жанымда жакшы бала бар, сенин сүрөтүңдү көрүп алып, телефон номериңди сурап жатат” деди. Мен макул болбой койгом. Анан бир номерден эле “Кутман таң! Кутман кеч!” деген смстер тынбай келе баштады. Башында көңүл бөлчү эмесмин. Бир күнү маанайым жакшы болуп сүйлөшүп койдум. Мага алданып калгам деп айтты. Үйүмө гүл, таттууларды заказ менен жөнөтүп турду. Анан мен ага көнө баштадым”.

Бир жылдай алар телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүшкөн. Кыялдын капчыктуу экенин байкаган жигит түрмөдөн чыккандан кийин ага үйлөнүп, ишенимине кирип, келиндин жакын-тааныштарынан ири суммадагы акчаны карызга алып, бизнесин саттырып, 50 миң доллар топтолгондо качып кеткен.

Көп узабай Кыялдын күйөөсү экинчи ирет түрмөгө түшкөн. Дал ошол маалда анын сүйлөшүп жүргөн дагы далай кыздары бар экенин билген.

“Улам бир кызды алдаганын билип калам. Көп кыздар алдап кетти деп чала башташты. Кайра экинчи жолу түрмөгө түшкөндө ага 10дон ашык кыз барып жүрүптүр. Ичинен 8 кызды так-даана билип калдым. Түрмөдө отургандардын ошол жерде баскан-турганынан бери бүт акча. Акчасыз алар жашай албайт. Же алар иштеши, бирөөнүн кийимин жуушу керек болот. Эшикте кандай болсо, ичкериде дагы ошондой акча сарпташат. Ал жакта акчаң болсо, кишисиң. Ошон үчүн алар бир эле эмес, жок дегенде 20 кыз менен сүйлөшүшөт”.

Албетте, жогоруда айтылган окуялар бир эле түрмөдө болгон эмес. Белгилей кетсек, жабык жайларда соттолуучуларга телефон алып жүрүүгө тыюу салынган. Ошентсе дагы абактарда телефон табылган учурлар катталып келет.

Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү кырдаал азыр кандай? Биз мисал катары Бишкектен бир сааттык аралыкта жайгашкан 8-түзөтүү мекемесиндеги абал менен таанышууга уруксат алдык.

8-түзөтүү мекемеси
8-түзөтүү мекемеси

8-түзөтүү мекемесинин кадрлар жана тарбия иштер боюнча кызматкери Изат Акылбек уулу соттолуучулар телефон колдонгон учурда кандай чара көрүлөрүн айтып берди:

Изат Акылбек уулу
Изат Акылбек уулу

- Ушул декабрда тарбиялык иш-чараларды жүргүзүп, анын негизинде соттолгондор өз ыктыяры менен 400дөн ашык уюлдук байланыш телефонун тапшырып беришти.
- Кандай максатта колдонуп жүрүшүптүр?
- Ар кандай максатта. Эгерде жакшы жагын алсак, туугандары, үй-бүлөсү менен байланышкан. Айрымдары шылуундук максатында колдонушкан.
- Ошол телефонду колдонуп жүргөндөргө кандай чара көрүлдү?
- Өз ыктыяры менен бизге тапшырып бергенине байланыштуу эч кандай тартиптик жаза чарасын колдонгон эмеспиз.
- Эгерде өз ыктыяры менен тапшырбай, бирок силер таап калган учурда кандай чара көрөсүңөр?
- Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 118-беренесинде көргөзүлгөндөй, айып изоляторуна жаап, жазасын беребиз. Мында соттолгондордун күнүмдүк эркин басып жүргөнү чектелип, бир суткадан 15 суткага чейин камера тибиндеги бөлмөгө камалышат.

8-түзөтүү мекемеси
8-түзөтүү мекемеси

8-түзөтүү мекемесинде жолугушууларга кирип-чыгып жаткан жарандарды көзөмөлдөп турган кызматкер Гүлмира Исманкулова жолугушууга келген айрым жарандар түрмөгө телефон алып кирүү аракетин көрүшөрүн четке каккан жок:

Гүлмира Исманкулова
Гүлмира Исманкулова

“Жакынкы эле арада табылды - сыртынан карасаң кадимкидей эле торт, ичинде болсо тыюу салынган телефонду ороп салып коюптур. Аны эч ким, биз дагы ойлобойт элек. Бирок бизде атайын текшерүүчү аппараттар бар. Ошолор менен текшергенде чыгып калган”.

Түрмөгө телефон алып кирүүгө аракет кылган жаран 17,5 миң сомдук айып пулга жыгылат.

Психологдордун баамында, шылуундардын кылтагына көбүнчө мурун зомбулукка кабылган же болбосо кичине чагында ата-энесинин мээримине толбогон, коомдун кысымына кабылган кыздар илинип калышы мүмкүн.

Бегайым Жамалбекова
Бегайым Жамалбекова

“Ал кыз түрмөдөгү жигитке турмушка чыкканда 30 жаштан ашып калган болчу да. “Ата-энем "Элдин баарына уят болдук! Качан турмушка чыгасың? Качан балалуу болосуң?" деп сурай берчү. “Эл эмне дейт?” деген сөздөрдү көп угуп, аябай тажадым. Анан менин башымда эртерээк күйөөгө чыгып, ошол элдин сөзүнөн арылсам экен деген ой жаралды” дейт. Коомдук басымды көтөрө албай, көбүнчө кыздар болочок жолдошуна көп маани бербей, турмушка чыгышат”, - деп билдирди “ОАЗИС” фондунун өкүлү Бегайым Жамалбекова.

“Коомубузда кибер коопсуздук деген түшүнүк жок экен. Кыздарыбызды тарбиялап жатканда социалдык тармактагы коопсуздук жөнүндө айтпайт экенбиз”, - дейт психолог Наргиз Субаналиева.

Малаке Кыдыралы
Малаке Кыдыралы

“Көбүнчө эгер атасы көңүл бөлбөй, карабай, чогуу убакыт өткөрбөсө, кыздарда боштук пайда болот. Ошол боштукту бир нерсе менен жабыш керек болуп калат”, - дейт психолог Малаке Кыдыралы.

Адистер айткандай, түрмөдө отургандардын бош убактысы арбын. Мындан улам алар кечке телефон аркылуу сүйлөшүп, жазышып, бал тилге салып, кыздарды бат эле азгырып алышат. Ал эми кыз-келиндер болсо дал ошол тынымсыз айтылган кооз сөздөргө азгырылып, аралыктан курулган мамилени идеалдаштырып алышат дагы, ал киши түрмөдөн чыкканда дагы сылык сүйлөп, аяр мамиле жасайт деп жаңылышат.

Абактагыларга алданып, ара жолдо калган кыздар
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:24 0:00

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG