Улуу Британия, Франция жана Германия Евробиримдикте тоңдурулган орус активдерин конфискациялоо ыктымалдыгын эгер Орусия менен ок атышууну токтотуу келишими түзүлүп калса Украинанын коопсуздугунун кепилдиктеринин бири катары колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат. Бул тууралуу британиялык Financial Times гезити өз булактарына шилтеме кылып жазды.
Басылма белгилегендей, Евробиримдиктин ири өлкөлөрү юридикалык кыйынчылыктар жаралышы жана инвестициялык климатка терс таасир этиши мүмкүн экенин айтып, орус активдерин конфискациялоого көптөн бери каршы болуп келишкен. Бирок АКШнын Украинага карата саясаты өзгөргөндүктөн Франция менен Германия украин тарап үчүн коопсуздук кепилдигин камсыз кылуунун бир жолу катары ушул чараны карап жатканы айтылды.
Маалыматка караганда, Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү орус активдери тынчтык келишими түзүлгөнгө чейин конфискацияланбай турганын сунушташкан. Бирок Орусия ок атышпоо келишимин буза турган болсо активдеринен кол жууйт.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолукканда активдерди чукул арада конфискациялоо эл аралык мыйзамдарга каршы келерин, бирок бул маселе тынчтык сүйлөшүүлөрүндө талкууланышы мүмкүн экенин айткан.
Эл аралык бир катар медиа каражаттары Орусиянын тоңдурулган активдерин Украинаны калыбына келтирүүгө колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу жазышкан. Рейтер агенттиги өз булактарына таянып, эгер каражаттын бир бөлүгү Украинанын азыр Орусия көзөмөлдөп турган аймактарын калыбына келтирүүгө кетет десе, Орусия макул болушу мүмкүндүгүн жазган.
Активдерди конфискациялоо коопсуздукка канчалык кепилдик болуп бере алары жана Украина мындай схемага макулбу же жокпу, азырынча белгисиз.
2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден кийин тоңдурулган болжол менен 190 миллиард евро каражат Европа Биримдигинин аймагында, анын көпчүлүк бөлүгү бельгиялык Euroclear депозитарийинин көзөмөлүндө турат. Кээ бир каражаттар АКШда, Улуу Британияда да тоңдурулган.
Москва согуштан кийин айрым чет өлкөлөрдөгү активдеринин камакка алынышын кескин айыптаган. (AiA)
Шерине