Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары жолугушту
4-мартта Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйшөмбү шаарына жасаган иш сапарында Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода алмашууну 2030-жылга чейин 500 млн долларга чейин жеткирүү жөнүндө сүйлөштү. 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу келишим, эки өлкө ортосундагы жолду пайдалануу жана суу чарба, энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуунун долбоорлору колдоо тапкан. 2021-2022-жылдардагы чек ара чырынан улам эки мамлекеттин мамилеси начарлап кеткен эле.
Энергетика министрлиги элди электр жарыгын үнөмдөөгө чакырды
Министрлик 20-февралда Токтогул гидроэлектрстанциясындагы (ГЭС) №3 гидроагрегат реконструкцияга берилип, 300 мВт кубаттуулук азайганын кабарлады. 10-мартта Үч-Коргон ГЭСинин да бир гидроагрегаты реконструкцияга берилсе дагы 45 мВт кыскарарын билдирип, элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Министрликтин маалыматына ылайык, реконструкция иштери аяктагандан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу дагы 60 МВтка көбөйөт. Кыргызстан жыл сайын 17,5 млрд кВт саат электр энергиясын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет.
Майыптыгы бар балдардын ата-энелерине адвокат берүү сунушу
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер комитети 4-мартта "Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелерине же камкорчуларына акысыз кесипкөй юрист берүү тууралуу" мыйзам долбоорун 1-окуудан кабыл алды. Мыйзамды 19 депутат жазган. Депутат Айсулуу Мамашова “майыптыгы бар балдарга адвокат же кесипкөй юристтин кызматы анын ата-энесинин же камкорчусунун кирешеси канча экенине карабай көрсөтүлүшү керек” деп билдирди. Юстиция министри Аяз Баетов мамлекеттик адвокаттардын төлөмдөрү эки эсе көтөрүлгөнүн билдирди. Анын сөзүнө караганда, бул үчүн 2024-жылы республикалык бюджеттен 15 млн сом бөлүнгөн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин маалыматына караганда, Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын саны 37 миңден ашуун. Анын ичинен 15 миңге жакыны бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж.
Эки айда коомдук транспорт катышкан 34 жол кырсыгы катталды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Бишкекте жыл башынан бери коомдук транспорттун катышуусунда 34 жол кырсыгы катталганын билдирди. Маалыматка ылайык, андан бир адам каза болуп, дагы 50 киши ар кандай жаракат алган. “Бишкекшаартранс” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, муниципалитеттин балансында 1 407 автобус бар. Шаар боюнча жалпысынан 58 каттамдык линия тейленип, күнүгө 1 200 автобус жолго чыгат. Мекеме 2024-жылы 538 автобустун айдоочусу жол эрежесин бузгандыгы үчүн “кара тизмеге” киргизилгенин билдирген.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинага аскердик жардамды токтото турууну чечкени кабарланды
4-мартта AFP, Reuters маалымат агенттиктери Ак үйдөгү булактын "Президент тынчтыкты каалай турганын так билдирди. Өнөктөштөрүбүз да ошондой эле ниетте болушу биз үчүн зарыл. Биздин жардам маселени чечүүгө өбөлгө болуп жатканына ынануубуз үчүн биз аны токтото туруп, кайра карап чыкмай болдук", - деп айтып бергенин кабарлашты. Сөз жардамды таптакыр токтотуп коюу эмес, убактылуу тыныгуу тууралуу болуп жатканын Bloomberg жана Fox News жазышты. Fox News Трамптын администрациясынын "Бул таптакыр токтотуу эмес, бул тыныгуу", - деген сөзүн келтирди.
Орусиянын активдерин Украинанын коопсуздугуна кепилдик катары колдонуу ыктымалдыгы талкууланууда
Британия, Франция жана Германия Евробиримдикте камакка алынган орус активдерин конфискациялоо ыктымалдыгын эгер Орусия менен ок атышууну токтотуу келишими түзүлүп калса, Украинанын коопсуздугунун кепилдиктеринин бири катары колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат. Бул тууралуу британиялык Financial Times гезити өз булактарына шилтеме кылып жазды.Басылма белгилегендей, Евробиримдиктин ири өлкөлөрү юридикалык кыйынчылыктар жаралышы жана инвестициялык климатка терс таасир этиши мүмкүн экенин айтып, орус активдерин конфискациялоого көптөн бери каршы болуп келишкен. Бирок АКШнын Украинага саясаты өзгөргөндүктөн Франция менен Германия украин тарап үчүн коопсуздук кепилдигин камсыз кылуунун бир жолу катары ушул чараны карап жатканы айтылды.
Казакстанда дагы бир активист жүрүшкө катышканы үчүн 10 күнгө камалды
Казакстандын Алматы шаарынын административдик соту 3-марттын кечинде активист Акторгын Аккенжебаласын 10 күнгө камакка алды. Бул тууралуу “Феминита” уюму Instagram баракчасына жазды. Сот аны Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 488-беренесинин 7-бөлүгү ("тынч чогулуштарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө мыйзамдарды бузуу") боюнча күнөөлүү деп тапты. Ага 2024-жылдын май айында уруксат берилбеген жөө жүрүшкө чыкканы үчүн айып тагылган. Буга чейин Алматынын соту Акторгын Аккенжебаласына 22-январда Qaznews коомдук сатиралык баракчасынын автору Темирлан Енсебекти коргоп, пикетке чыкканы үчүн 196 миң 600 теңге (400 доллар) айып пул чегерген. Быйыл 28-февралда “Май маршы” үчүн "Феминита" феминисттик кыймылынын негиздөөчүсү Жанар Секербаева 10 күн камалып чыккан.
Өзбекстанда ички иштер министри Пулат Бобожонов кызматтан кетти
Бир күн мурун кызматтан кеткен Бобожонов президенттин кадр саясаты боюнча кеңешчиси Гофуржон Мирзаевге орун басар болду. 2017-жылдын сентябрынан бери Ички иштер министрлигин жетектеген Бобожоновдун кызматтан кеткени дүйшөмбүдө белгилүү болгон. Ушул эле күнү анын ордуна Ташкент шаардык полиция башчысы Азиз Тошпулатов дайындалды. Былтыр ноябрда Ташкент полициясынын жана Ички иштер башкармалыгынын бир катар жетектөөчү жана ыкчам кызматкерлери иштен алынган. "Озодликтин" булактары андай чечимди президенттик администрация башчысынын мурдагы орун басары Комил Алламжоновдун өмүрүнө кол салуу аракети менен байланыштырган. Бобожоновдун кызматтан кетишинин ал окуяга байланышы барбы-жокпу, азырынча белгисиз.
Шерине