Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Майыптыгы бар балдардын ата-энелерине адвокат берүү мыйзамы биринчи окуудан өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер комитети 4-мартта Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелерине же камкорчуларына акысыз кесипкөй юрист берүү тууралуу мыйзам долбоорун 1-окуудан кабыл алды.

Мыйзамды 19 депутат демилгелеп алып чыккан. Депутат Айсулуу Мамашова майыптыгы бар балдарга адвокат же кесипкөй юристтин кызматы анын ата-энесинин же камкорчусунун кирешеси канча экенине карабай көрсөтүлүшү керек деп билдирди.

"Майыптыгы бар балдар көбүнчө энелери менен калышат, аталары андай балдарды көбүнчө таштап кетишет. Ошондуктан ата-энеси ажырашып жатканда, ата-энелик укуктан ажыратуу, алимент өндүрүү, баланын жашай турган жерин аныктоо жана башка укуктук маселелер талап кылынган жерлерде, сотто балдардын кызыкчылыгын коргогон адвокат акысыз берилиши керек. Мисалы, майыптыгы бар баласын карабай кеткен атасынан алимент өндүрүү үчүн адвокат керек, өзүңүздөр билесиздер, азыр адвокаттын кызматы кеминде 30 миң сом турат", - деди Мамашова.

Комитет жыйынына катышып отурган Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев мыйзам долбоору боюнча өкмөттүн корутундусу даярдалып жатканын, 2-окууга чейин ал парламентке берилерин белгиледи. Алиев ошондой эле өзгөртүлгөн мыйзам долбоорунун жыйынтыгында жарандык иштердин көбөйүшү каржылык чыгашаларды эсептеп чыгуу зарылчылыгын түзгөнүн да кошумчалады.

Жыйында катышып отурган Юстиция министри Аяз Баетов мамлекеттик адвокаттардын төлөмдөрү эки эсе көтөрүлгөнүн билдирди. Анын сөзүнө караганда, бул үчүн 2024-жылы республикалык бюджеттен 15 млн сом бөлүнгөн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин маалыматына караганда, Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын саны 37 миңден ашуун. Анын ичинен 15 миңге жакыны бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG