Бир күн мурун кызматтан кеткен Өзбекстандын ички иштер министри Пулат Бобожонов президенттин кадр саясаты боюнча кеңешчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бобожоновдун кызматтан кеткени дүйшөмбүдө белгилүү болгон. Ушул эле күнү анын ордуна Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген Азиз Тошпулатов дайындалды. Буга чейин "Озодлик" радиосу өз булактарына таянып, Пулат Бобожонов президенттик администрацияга кеткенин жазган.
2017-жылдын сентябрынан бери Ички иштер министрлигин жетектеп келген Пулат Бобожонов президенттин кадр саясаты боюнча кеңешчиси Гофуржон Мирзаевге орун басар болду.
Өткөн жылы ноябрь айында Ташкент шаарынын Ички иштер министрлигинин жана Борбордук ички иштер башкармалыгынын бир катар жетектөөчү жана ыкчам кызматкерлери кызматтан алынган.
"Озодликтин" булактары мындай кадамды президенттик администрациянын мурдагы кызматкери Комил Алламжоновдун өмүрүнө кол салуу аракети менен байланыштырган.
Пулат Бобожоновдун кызматтан кетиши жогорудагы окуяга байланышы барбы, жокпу, азырынча белгисиз.
“Озодлик” укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, күч түзүмдөрүнүн ичинде "тазалоо" иштери уланып жатканын жазды.
65 жаштагы Пулат Бобожонов Ислам Каримовдун тушунда Хорезм облусунун губернатору, кийин прокурорлук кызматты да аркалаган.
Укук коргоочулар Бобожоновдун тушунда укук коргооо органдарында кыйноо фактылары көбөйдү деп сындап келген.
Милиция кызматкерлери тарабынан сабалгандан кийин каза тапкан бир нече кишинин окуясынан кийин активисттер Бобожоновдун кызматтан кетишин талап кылган.
Мындай чакырык, сындарга министр өзү жооп берген эмес. (AiA)
Шерине