5-март күнү Бишкектеги Кино үйүндө Тажикстандын Жерге-Тал аймагында жашаган кыргыздар тууралуу тартылган “Каратегинден кат” аттуу даректүү тасма көрсөтүлөт. Тасманы көрсөтүүнү "Тоторо" клубу уюштурууда, демилгечиси клубдун жетекчиси Султан Усувалиев.
Тасмада Жерге-Талдагы этникалык кыргыздардын күнүмдүк жашоосу, алардын тарыхый мекенине сагынычы, кусалыгы чагылдырылган. Фильмдин режиссеру Жаңыл Жусупжан. Анын айтуусунда, фильмдин максаты – жергеталдык кыргыздардын жашоосу тууралуу коомчулукту көбүрөөк кабардар кылуу.
Фильмде кыйынчылыкка моюн сунбай, Тажикстандагы жарандык согушка карабай музей куруп, балдарды окуткан каарман мугалим, нуска кебин айткан кадырман карыя, Кыргызстанга кеткен кыз-уулун үмүттүү күткөн ата-энени көрүүгө болот. Көкбөрү тарткан шамдагайлар да бар. Олобо жасап, устукан тарткандар камтылган.
Даректүү тасма Кыргызстандын “Чагалдак филмз”, Франциянын “Cinedoc” киностудиялары тарабынан Швейцария элчилигинин колдоосу менен тартылган.
Тасма алгачкы жолу Францияда "Жашоо издери" кинофестивалына жана Чехиядагы эл аралык кинофестивалдарга катышкан. Улуттук премьерасын 2016-жылы "Роза Отунбаеванын демилгелери" коомдук фонду кыргызстандык көрүүчүлөргө тартуулаган. Иш-чарага Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси катышып, тасманы "Достукка көпүрө болчу фильм!" деп айткан. (ZKo)
Шерине