Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) чет элдиктерге кыргыз жарандыгын берүүдө “кыргызстандык аткаминерлер акча алат” деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Мекеменин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы бул тууралуу 3-мартта “Азаттык” үналгысынын кайрылуусуна жооп катында жазган.
“Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана аймактардагы бөлүмдөрү интернет булактарында жарыяланган бардык укук бузуу фактыларга, шек жараткан маалыматтарга туруктуу негизде мониторинг жүргүзөт. Шек жараткан, ошондой эле кылмыш курамын камтыган ар бир маалыматты ИИМдин кызматтары текшерип, тийиштүү чара көрүлүп келет. Болжолдуу айтылган “кыргызстандык аткаминерлер кыргыз жарандыгын алууда акча алышат” деген сөздөр чындыкка дал келбейт деген ойдобуз”, - деп жазылган ИИМдин катында.
ИИМ жазык-укуктук статистиканы түзүү, кылмыштуулук боюнча абалды болжолдоо жолу менен талдоо жүргүзүү жана эсепке алуу чараларын прокуратура органдары жүзөгө ашырарын кошумчалаган.
“Азаттык” үналгысы буга чейин “Кыргыз паспортун саткан орусиялык ортомчулар” деген аталышта иликтөө макаласын жарыялаган. Макала даярдалып жатканда журналисттер интернет булактарында, анын ичинде Телеграм, Фейсбук жана Ютуб платформаларында кыргыз жарандыгын 5 миңден 15-20 миң долларга чейинки каражатка алып берүүнү убада кылган жарыялар байма-бай чыгып жатканын көргөн. Кыргыз паспортун жарнама кылган “орусиялык фирмалардын” өкүлдөрүн сурамжылоодо аларга түшкөн каражаттын бир бөлүгү бул тармакты тейлеген кыргызстандык аткаминерлерге берилерин айтышкан.
Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары да кыргыз жарандыгын алган орусиялыктар көбөйгөнүн, кыргыз паспортун кыска мөөнөттө жана жеңил жол менен алып берүүгө кепилдик берген жарыялар көп чыгып жатканын айтышкан. Алар чет элдиктерди кыргыз жарандыгына кабыл алууда коррупциялык көрүнүштөр болушу мүмкүндүгүн божомолдошкон.
“Азаттыктын” журналисттери бул жарыялар боюнча Ички иштер министрлиги кандай иш алып барып жатканын жана орусиялыктарга кыргыз жарандыгын берүү маселесинде коррупциялык көрүнүштөр бар же жок экенин тактоо өтүнүчү менен кайрылган.
“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин алдындагы Калкты каттоо департаментинин берген расмий маалыматтарына ылайык, 2021-2024-жылдары 14 миңден ашуун орусиялык Кыргызстандын жарандыгын алган. Анын ичинде дээрлик 20% (2 729 адам) Орусиянын түпкүлүктүү тургундары болгон. Алар жарандыкты Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия ортосундагы төрт тараптуу келишимдин (26-февраль 1999-жыл) негизинде жеңилдетилген тартипте алышкан.
2022-жылдын февралында орус армиясы Украинага куралдуу кол салгандан кийин Орусиянын аймагынан чыгып кеткендердин массалык агымы пайда болгон. Бул тушта Кыргызстанга жер которуп келген орусиялыктардын, ошондой эле кыргыз жарандыгын алгандардын саны кескин көбөйгөн. Арасында Орусияда төбөсү көрүнгөн саясатчылар, аткаминерлер, ар кайсы тармактын белдүү өкүлдөрү да болгон.
Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынгандардын тизмеси 2022-жылдын соңуна чейин ачык жарыяланып келген. Коомдогу улам кызып бараткан талкуудан улам кыргыз бийлиги 2023-жылдан тартып андай тизмелерди ачык жарыялабай калган.(KbA)
Шерине