Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Таласта Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды


Шектүүнү кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.
Шектүүнү кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн эки кызматкери кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын 4-марттагы маалыматына ылайык, аларга айып жайда турган автоунааны чыгарып берүү үчүн мыйзамсыз каражат алган деген айып коюлууда. Анын негизинде Талас облусунун Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн эки кызматкери (милициянын майору К.Н.Р. жана милициянын сержанты Н.С.Ж.) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара алуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Айтматов райондук ички иштер бөлүмү жана кармалган кызматкерлердин жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

УКМК Кыргызстанда коррупциялык кылмыш иштерине жаза күчөтүлгөнүн эскертти. Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.

Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG