Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары жолугушту


 Адылбек Касымалиев жана Кохир Расулзода. Дүйшөмбү, Тажикстан. 4-март, 2025-жыл.
Адылбек Касымалиев жана Кохир Расулзода. Дүйшөмбү, Тажикстан. 4-март, 2025-жыл.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына сапарынын алкагында бүгүн 4-мартта Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту. Жолугушуу алгач өзүнчө жана андан соң кеңейтилген форматта өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Тажикстан менен кошуналык ынтымак мамилесин өнүктүрүүгө артыкчылык берерин белгилеп, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан тажик президенти Эмомали Рахмонго салам жолдоду.

Тараптар кызматташтык алакасын талкуулап, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүшкөнүн, негизинен ортодогу соода алмашууну 2030-жылга чейин 500 млн долларга чейин көбөйтүүнү белгилешти.

Кыргыз тарап Тажикстанда өндүрүлгөн товарларды Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагына сатууда өткөрүүчү звено болуп берүүгө даярдыгын билдирди.

Өкмөт башчылар мындан тышкары энергетика тармагындагы кызматташтыкты, "CASA-1000" долбоорун ишке ашырууну, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда авиа каттамдарды калыбына келтирүүнү талкуулашты.

Андан кийин кеңири форматтагы жолугушуу болуп, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттеринин Тажикстандын Кожент шаарында өтүүчү жолугушуусуна даярдык жөнүндө сүйлөштү.

Өкмөт башчылар эки өлкөнүн соода-экономикалык алакасын өнүктүрүү боюнча биргелешип иштөөнү белгилешти.

"Кыргызстандын Министрлер кабинети эки тараптын мамилесин жана экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Тажикстандын өкмөтү менен биргелешип иштөөнү улантууга даяр экенин баса белгилегим келет", - деди Адылбек Касымалиев.

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода өз кезегинде кыргыз-тажик кызматташтыгын жаңы деңгээлге алып чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар мындан аркы өнөктөштүк мамилени бекемдеп, бардык тармактар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө ишеничин билдиришти.

27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу келишим, эки өлкө ортосундагы жолду пайдалануу жана суу чарба, энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуунун долбоорлору колдоо тапкан.

Ага ылайык, Кыргызстандын Достук айылы Тажикстанга толук берилип, талаштуу болуп келген Төрт-Көчө нейтралдуу макамга ээ болуп, Кыргызстан менен Тажикстан аны бирдей пайдаланат деп чечилген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Достук айылында жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан 30 гектар жер алганын айткан.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG