Ушул жылдын 1-январынан 20-февралына чейин бензин жана дизел майынын ар бир литрине кошумча алынган 1 сомдон Жол фондуна 172 млн сом түштү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 3-марттагы жыйынында айтты.
Анын сөзүнө караганда, Жол фондуна акча 17 каржы булагынан түшөт. Жыл башынан бери ага 942 млн сом чогулуп, анын ичинен 646 млн сом жол курууга жумшалган. Бекназар Базаралиев Жол фондуна түшкөн каражаттан быйыл 227 чакырым жолго асфальт төшөө, ошондой эле жолдорду оңдоп-түзөө, көпүрө салуу жумуштары жасаларын кошумчалады.
“Жол фонду 2023-жылы толук ишке кирген. 2023-жылы 4 млрд 557 млн сом түшкөн. Былтыр 5 млрд 846 млн сом түшкөн. Ал эми 2025-жылы 7,5-8 млрд сом чогулат деп ошонун үстүндө иш алып барып атабыз”, - деди министрдин орун басары.
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан тартып бензин жана дизел майынын ар бир литрине кошумча 1 сом төлөнө баштаган. Бул каражат Жол фондуна түшөт жана автоунаа жолдорун оңдоого, салууга, реконструкциялоого пайдаланылат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, жолдорду тейлөөгө жылына 10 млрд сом керектелет. Бирок бюджеттен болгону 2 млрд сом бөлүнөт.
Кыргызстанда 1 млн 400 миңге жакын автоунаа катталган. Анын 1,1 миллиону – жеңил машинелер. Өкмөт автоунаалардын саны жыл сайын көбөйүп, жолдорду коопсуз абалда кармоого чыгым да өсүп жатканын билдирүүдө. Ал көбөйүп жаткан чыгымды айдоочулар төлөшү керек деп эсептейт.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда автоунаа жолдорунун узундугу 34 000 чакырым, анын ичинен 19 840 км жол Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында. Автоунаа жолдорунан жылына болжолдуу 98% жүргүнчү жана 96% жүк ташылат. (BTo)
Шерине