Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:09

Ирандын вице-президенти Мохаммад Жавад Зариф кызматтан кетти


Ирандын вице-президенти Мохаммад Жавад Зариф
Ирандын вице-президенти Мохаммад Жавад Зариф

Ирандын стратегиялык маселелер боюнча вице-президенти Мохаммад Жавад Зариф сот системасынын жетекчиси Голамхоссейн Мохсени Эжеинин «кеңеши» менен отставкага кетти. 3-мартта Х социалдык тармагындагы постунда Зариф Мохсени Эжеи аны сөзгө чакырганын, анын жүрүшүндө «өкмөткө болгон кысымды ырбатпоо үчүн академиялык чөйрөгө кайтуу кеңешин бергенин» жазды.

Мурдагы тышкы иштер министрин реформачыл президент Масуд Пезешкиандын өкмөтүндөгү бул кызматка дайындоо бир нече айдан бери чыңалууга жем таштап келатат.

Зарифтин сынчылары Америкада туулган уулдарынын кош жарандыгы бар болгону үчүн ал өзү мындай жогорку кызматты ээлей албай турганын айтып келишет.

Мунун алдыңкы күнү Ирандын экономика жана финансы министри Абдолнасер Хеммати кызматынан алынган. Ага инфляцияны ооздуктап, экономиканы өндөй алган жок деген доомат артылууда.

Мындай саясий олку-солку былтыр июлдагы шайлоону жеңген президент Пезешкиан үчүн чоң сокку болуп калды.

Экономикалык кыйынчылыктардын көбү АКШ киргизген санкцияларга байланыштуу болуп жатат. Президент Дональд Трамп бийликке кайтып келгенден кийин Тегеранга «максималдуу басым көргөзүү» саясатын жандандырды.

Шерине

XS
SM
MD
LG