Украин армиясынын жөө аскер күчтөрү Орусия тылдагы полигонго сокку урганын бышыктады. Каза тапкандар жана жараат алгандар бар деп кабарланганы менен алардын так саны келтирилген жок.
Маалыматка караганда, 1-мартта болгон окуянын чоо-жайы аныкталып жатат.
Украин жөө аскер күчтөрүнун командачысы Михаил Драпатый “ал күнү чечим кабыл алган жана чечимди өз убагында кабыл албаган ар бир киши жоопко тартыларын” эскертти.
Анын алдыңкы күнү Орусиянын Днепропетровск облусундагы полигонго сокку урганы, бир топ жоготуулар болгону тууралуу маалымат медиада, социалдык тармактарда тараган.
Орусиянын Коргоо министрлиги "Искандер-М" ракетасынын соккусунан ондогон киши набыт болуп, жараат алды деген видео таратты.
"Азаттыктын" украин кызматынын булактары маалымдагандай, окуя Черкасское айылына жакын жердеги чатыр шаарчасында болгон. Ал жерде такоолдогу 168-батальон жайгашкан.
Ыктыярчы Сергей Стерненко полигон фронт сызыгынан 100-130 км жерде орун алганын телеграм-каналына жазды.
Украинанын тиешелүү органы "ыктымал шалаакылык" боюнча кылмыш иш козгоду.
Мындай окуялар буга чейин да болуп келген. 2023-жылы 3-ноябрда Запорожье облусунда орус армиясы "Искандер-М" ракетасы менен тоодо чабуул коюучу 128-бригаданын өздүк курамына сокку урганда, бир нече киши каза тапкан. Бригаданын командачысы Дмитрий Лысюк кызматынан алынган. Ошондо ал жоокерлерге медаль тапшыруу аземине кечигип барганы кабарланган.
Шерине