Орусиянын дрону Харьковдун борборундагы көп кабат үйгө сокку урганда кеминде сегиз киши жабыркаганын, арасында жашы жетелек бала болгонун мэр Игорь Терехов билдирди. Анын айтымында, үч турак жай зыян тартты.
Облус губернатору Олег Синегубов соккудан төрт киши жарадар болгонун жазды.
Учкучсуз учак Кривой Рог шаарына да чабуул койду. Аймактын башчысы Сергей Лысак көп кабаттуу үйлөр жана бир ишкана зыян тартканын маалымдады.
Украин куралдуу күчтөрү дүйшөмбүгө караган түнү Орусия 83 жанкечти дрон атты, 46сы атып түшүрүлдү, 31и радарлардан жок болду. Натыйжада Харьков, Сумы, Киев, Черкассы, Днепропетровск жана Запорожье облустары жабыркады.
Айрым жерелерде ишкана, турак жайларды өрт чалды.
Далилдерге карабай, согуштун башынан бери Орусия кошуна өлкөсүндөгү жарандык жайларды бутага алганын танып келатат.
Шерине