Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:29

Токтогул суу сактагычында 8 млрд 676 млн метр куб суу бар


Токтогул суу сактагычы. Иллюстрациялык сүрөт.
Токтогул суу сактагычы. Иллюстрациялык сүрөт.

3-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 676 млн метр кубга чейин азайды. Бул күнү суу сактагычка секундасына 171 метр куб суу кирсе, иштетилген суунун көлөмү секундасына 517 метр куб болууда.

Энергетика министрлиги кыш айларында электр энергиясын колдонуу күч алганын билдирип, элди сарамжалдуу пайдаланууга чакырган.

Министрлик былтыркы 12-декабрь күнү 3 612 мегаватт электр энергиясы сарпталганын, бир күндүк керектөө 78,931 млн кВт саатка жеткенин белгилеген. Маалыматка ылайык, ошол күнү Токтогул суу сактагычында да секундасына 932 метр куб суу иштетилип, эң жогорку чек болгон.

Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январына карата Кыргызстанда 1 млн 585 миң абонент бар. Анын ичинде 1 млн 472 миң 837 катардагы абонент 7,79 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот. 6,47 млрд кВт саат электр энергиясын өнөр жай ишканалары пайдаланат.

Кыргызстан жыл сайын 17,5 млрд кВт саат электр энергиясын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG