Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:05

3-март: Бишкекте Фейсбук колдонуучу кармалды, Мангеймде машина топ адамды сүзүп кетти


Мангеймдеги окуя болгон жер. Германия, 3-март 2025-жыл
Мангеймдеги окуя болгон жер. Германия, 3-март 2025-жыл

3-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Электр энергиясынын баасын көтөрүү сунушталды

Энергетика министрлиги Кыргызстандын 2025-2030-жылдарга электр энергиясынын тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документтин маалымкат-негиздемесинде 2024-жылы 1 кВт саат электр энергиясынын өздүк наркы 2,72 сом болгону, бирок орточо коюлган тариф 2,11 сом экени, өндүрүлгөн электр жарыгы 0,61 сомго арзан сатылып жатканы жазылган. Энергетика министрлиги инфляцияны, жабдуулардын кымбатташын эске алып, калк үчүн 700 кВт саатка чейин 1 кВт саат электр энергиясынын тарифин 1,11 сомдон 1,37 сомго, башкача айтканда 23,8% көтөрүү, андан тышкары жыл сайын 20% чейин жогорулатып турууну сунуштады. Ал эми 700 кВт сааттан ашкандан кийин 2,39 сомдон 2,60 сомго чейин жогорулатуу (8,5 %) сунушу каралган.

Токтогул суу сактагычында 8 млрд 676 млн метр куб суу бар

3-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 676 млн метр кубга чейин азайды. Бул күнү суу сактагычка секундасына 171 метр куб суу кирсе, иштетилген суунун көлөмү секундасына 517 метр куб болууда. Энергетика министрлиги кыш айларында электр энергиясын колдонуу күч алганын билдирип, элди сарамжалдуу пайдаланууга чакырган. Министрлик былтыркы 12-декабрь күнү 3 612 мегаватт электр энергиясы сарпталганын, бир күндүк керектөө 78,931 млн кВт саатка жеткенин белгилеген. Маалыматка ылайык, ошол күнү Токтогул суу сактагычында да секундасына 932 метр куб суу иштетилип, сарптоо эң жогорку чекке жеткен.

Фейсбуктун дагы бир колдонуучусу кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Фейсбуктун Жусуп Ботобаев аттуу колдонуучусу Бишкек-Москва каттамы менен Орусияга чыгып кетүүгө аракет кылган учурда “Манас” эл аралык аэропортунан кармалганын билдирди. Атайын кызмат ага “өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана массалык баш аламандыктарды уюштуруу максатында Фейсбук социалдык тармагында чагымчыл маалыматтарды жарыялап турган” деген айып коюуда. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жусуп Ботобаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына камакка алынды. Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн адамдарга иш козголуп соттолгон же камалып чыккан окуялар болгон.

Жер кодексине нааразы болгондор президентке кайрылды

Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгондор президент Садыр Жапаровго кайрылып, парламентте кабыл алынган жаңы мыйзам долбооруна кол койбоого чакырды. Алар 3-мартта маалымат жыйын уюштуруп, аталган мыйзамда жарандардын менчик укугу сакталбай калганын айтышты. Мария Абакирова эгер мыйзамга кол коюлуп, ал иштей баштаса, Совет бийлиги учурунда мамлекет бөлүп берген жер тилкелеринин “кызыл китеби” жоюлушу мүмкүн экенин, кадастр аркылуу "каалаган жерди, каалаган кишиникин алып коюшарын”, реновация деген да коркунуч жаратарын айтты. Жогорку Кеңеш 13-февралда Жер кодексинин жаңы редакциясын кабыл алган. Садыр Жапаров 20-февралда “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин жана жеке менчик мүлк кол тийгис экенин билдирген. Мамлекет башчы документте “жеке менчик жерлерди алабыз деген ченем болсо, мыйзам долбоорун каршы пикир менен артка кайтара турганын” кабарлаган.

Германиянын түштүк-батышындагы Мангеймде машина топ адамды сүзүп, кеминде бир киши каза болду жана бир нечеси жараат алды

DPA агенттиги кабарлагандай, окуя шаардын борборундагы Paradeplatz аянтында болду. Полициянын басма сөз катчысы элге ал жерге барбай турууну эскертип, шектүү кармалганын билдирди. Биринчи болуп окуя жөнүндө Mannheimer Morgen деген жергиликтүү гезит жазган. Маалыматка караганда, катуу бараткан жеңил машина көчөдөгү кишилерди тебелетип кеткен. "Рейтер" агенттиги полицияга шилтеме менен бир кишинин набыт болгонун, бир шектүү кармалганын билдирди. Бирок анын окуяга тиешеси бар-жогу бүдөмүк калууда. Bild гезити эки киши кайтыш болгонун, 24 адам жараат алганын жазды. DPA тараткан маалымат боюнча шаардагы клиника чукул кырдаалда иштеп жатат. Тартип коргоочулар окуяны теракт же кырсык деп сыпаттаганы азырынча белгисиз. Германияда акыркы айларда бул өңдүү бир нече окуя болгон.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон: Абадан жана деңизден сокку урууну бир айга токтотууну сунуш кылдык

Le Figaro гезити менен маектешкенде Макрон АКШ жана Орусия макулдашкан жарашуу келишимине ишенбесин белгиледи. Ал альтернатива катары Франция менен Британия бир айга “абадан, деңиздерден жана энергетикалык түзүмдөргө” ок атууну токтотууну сунуш кылууда. Бирок ал жарашуу жердеги кармаштарга жайылтылбайт. “Майдан сызыгында ок атылбай жатканын текшерүү кыйын болот”, - деп түшүндүрдү президент. Андан тышкары тынчтыкка жетишилгенден кийин Украинага европалык бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү каралууда. Буга чейин британ премьери Кир Стармер "Би-Би-Сиге" берген интервьюда тынчтык планы толукталарын, АКШ менен талкууланарын жана алар менен бирге ишке ашырыларын айткан. Жекшембиде Украинада тынчтык орнотуу боюнча саммит өткөн.

Ирандын вице-президенти Мохаммад Жавад Зариф кызматтан кетти

Ирандын стратегиялык маселелер боюнча вице-президенти Мохаммад Жавад Зариф сот системасынын жетекчиси Голамхоссейн Мохсени Эжеинин «кеңеши» менен отставкага кетти. 3-мартта Х социалдык тармагындагы постунда Зариф Мохсени Эжеи аны сөзгө чакырганын, анын жүрүшүндө «өкмөткө болгон кысымды ырбатпоо үчүн академиялык чөйрөгө кайтуу кеңешин бергенин» жазды. Мурдагы тышкы иштер министрин реформачыл президент Масуд Пезешкиандын өкмөтүндөгү бул кызматка дайындоо бир нече айдан бери чыңалууга жем таштап келатат. Зарифтин сынчылары Америкада туулган уулдарынын кош жарандыгы бар болгону үчүн ал өзү мындай жогорку кызматты ээлей албай турганын айтып келишет. Анын алдыңкы күнү Ирандын экономика жана финансы министри Абдолнасер Хеммати кызматынан алынган. Ага инфляцияны ооздуктап, экономиканы өндөй алган жок деген доомат артылууда. Мындай саясий олку-солку былтыр июлдагы шайлоону жеңген президент Пезешкиан үчүн чоң сокку болуп калды.

ФСБ теракт даярдоого шектелген борбор азиялык жаранды атып өлтүргөнүн билдирди

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кызматкерлери метродо жана Подмосковьеде «жөөттөрдүн диний жайына» кол салууну даярдаган шектүү кишини жок кылышканын билдирди. Атайын кызматтын версиясына караганда, ал жардыргыч заттын жардамы менен теракт уюштуруп, андан кийин Ооганстанга кетүүнү пландаган. Каршылык көргөзүп, ФСБнин кызматкерлери менен атышууда «жок кылынганы» айтылат. Февралда Псковдо Борбор Азиядан чыккан үч киши жок кылынганы кабарланган. Ошондо ФСБ алар вокзалды жардырууну көздөгөн деп маалымдаган. "Мигрант Медиа" долбоорунун редакциясы өлтүрүлгөн үч киши тажикстандык экенин өз алдынча тактаган. 2024-жылы 22-мартта Москванын четиндеги "Крокус Сити" концерттик борборуна кол салуудан кийин Орусияда мигранттарга каршы бир катар мыйзамдар кабыл алынып, башка өлкөлөрдөн барган жарандар кыйын кырдаалга туш болууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG