Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:49

Тоңдо күчү 3,5 баллдык жер титирөө катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 3-март күнү саат 12:05те Ысык-Көл облусунун Тоң районунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди. Аймактагы Туура-Суу жана Ала-Баш айылдарында силкинүүнүн күчү 2,5 балл болуп сезилген.

Сейсмология институтунун маалыматында, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Январь айында өлкөнүн түштүк тарабында, Ош, Жалал-Абад облустарында бир нече ирет жер титиреген.

4-январь күнү Чүй облусунун аймагында да үч баллга жеткен жер титирөө болгону кабарланган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG