Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына караганда, 14-февралда Өзгөн райондук ооруканасына денеси көгала болгон мектеп окуучусу түшкөнү кабарланган.
Факт райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, тиешелүү экспертиза дайындалган.
"Окуя боюнча териштирүү учурунда, №34 мектептин 11-классынын окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, натыйжада К.Эни ур-токмоко алышып, денесине жаракат келтиришкен", - деп билдирди Ош милициясынын басма сөз кызматы.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-берене ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар көбөйүп жатат. ИИМдин маалыматына караганда, 2024-жылы балдар өлүмү менен коштолгон өспүрүмдөр мушташкан эки окуя катталса, 2025-жылдын башынан берки 1,5 айда үч окуя катталды. Бул иштер боюнча тергөө жүрүп жатат.
Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары катышкан бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.
ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Алардын жакындары балдары мектептеги чоңсунуудан улам суицидге барганын айтышса, милиция аны четке каккан. (ZKo)
Шерине