Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:26

"Оскар" сыйлыгы: "Анора" тасмасы беш номинацияда жеңүүчү болду


 “Эң мыкты айымдын ролу” номинациясында "Оскарга" татыган Майки Мэдисон
“Эң мыкты айымдын ролу” номинациясында "Оскарга" татыган Майки Мэдисон

“Оскар” сыйлыгынын башкы байгесин режиссер Шон Бейкер тарткан “Анора” комедиялык драмасы алды. Ал эми Бейкер эң мыкты режиссер деп табылды. Бул фильмде башкы ролду аткарган Майки Мэдисон “Эң мыкты айымдын ролу” номинациясында жеңүүчү болду.

Мындан сырткары аталган тасма “Мыкты сценарий” жана “Мыкты монтаж” номинациясында да мыкты деп аныкталып, жалпы беш айкелчеге ээ болду.

“Анора” фильми Брайтон-Бичтеги орус тилдүү сойкунун жашоосун чагылдырган комедиялык драма. Ал буга чейин Канн фестивалында башкы байгеге ээ болуп, киносынчылардын жогорку баасына татыган. Фильмде роль аткарган орусиялык актер Юра Борисов “Экинчи пландагы актер” номинациясында “Оскарга” ээ болгон жок. Бул номинацияда “Чыныгы арман” ("Настоящая боль") тасмасында рол жараткан Киран Калкин жеңүүчү аталды. Бирок Борисов бул кадыр-барктуу сыйлыкка талапкер болгон алгачкы орус актери болуп калды.

Кино академиянын “Эң мыкты эркектин ролу” номинациясында "Бруталист" фильминдеги образы үчүн Эдриан Броуди, “Экинчи пландагы мыкты актриса” номинациясын "Эмилия Перез" тасмасында ойногон Зои Салдана алды.

“Мыкты чет элдик фильм” - бразилиялык режиссер Вальтер Саллестин “Мен дагы эле бул жердемин” тасмасы, “Мыкты даректүү тасма” деп Жакынкы Чыгыштагы палестин активисти менен израилдик журналисттин достугун чагылдырган “Башка жер жок”, “Мыкты анимациялык фильм” номинациясында латвиялык режиссер Гинтс Зилбалодистин “Топон” мультфильми табылды.

Тасмага жазылган мыкты ыр катары “Эмилия Перез” тасмасындагы El Mal деп аталган чыгарма тандалды.

97-сыйлыкты тапшыруу салтанаты Лос-Анжелесте 2-мартта өттү. Бул жолу Лос-Анжелесте токойлорду каптаган өрттөн улам номинанттар бир жума кеч жарыяланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG