Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү туура эмес деген оюн билдирди. Бул пикирин атайын кызматтын башчысы 3-мартта Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.
Анда өлкөдө орто мектептерде билим берүүнүн сапаты өтө эле начарлап кеткени, бул маселени чечмейинче башка системага өтүүнүн кереги жок экени белгиленген. Андан тышкары 12 жылдык билим берүүнү жактагандар бул чет мамлекетке окууга өтүү үчүн ыңгайлуу экенин айтып жатышканын, бирок Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 3-5% гана Европага, АКШга окууга кетип атканын кошумчалаган.
“Финансылык, экономикалык жагынан да өтө көп зыянга учурап калабыз. 30 миңден ашык кошумча мугалим, 200дүн тегерегинде кошумча мектеп ж.б. Биз алдыңкы мектептерди жоюп, арткы мектептерге теңеп салдык. Бул да чоң көйгөй болду”, - деп жазды Камчыбек Ташиев.
Парламенттин депутаты Камила Талиева Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 3-марттагы жыйынында 12 жылдык окууга өтүү иши жакынкы убакта ишке ашпай турганын айткан. Ал Билим берүү жана илим министрлиги АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID - ЮСАИД) каржылоосуна ишенгенин, бирок уюмдун 24 программасынын 22си жабылып калганын билдирген.
Министрлик 12 жылдык билим берүү системасына өтүү жараяны боюнча акыркы маалыматтарга комментарий бере элек.
12 жылдык окуу быйыл ишке ашып, 2025-2026-окуу жылында 5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй баштамак. Бала бакчага барган жана мектептердеги “Наристе” программасын өткөн балдар жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтүшмөк. (BTo)
Шерине