Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:23

Кыргызстандык балбандар Албанияда рейтингдик мелдеште 9 медал алды


Раззак Бейшекеев Тиранада өткөн мелдеште финалда күрөшүп жаткан учур.
Раззак Бейшекеев Тиранада өткөн мелдеште финалда күрөшүп жаткан учур.

Кыргызстандык балбандар Албаниянын Тирана шаарында 26-февралдан 2-мартка чейин өткөн рейтингдик мелдеште 9 медал - эки алтын, үч күмүш жана төрт коло алды.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, грек-рим күрөшүнөн Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) жана Раззак Бейшекеев (67 кг) алтын медал тагынышты. Дөөлөтбек Чойбеков (63 кг) күмүш, Баяман Каримов (67 кг) жана Ырыскелди Хамзаев (72 кг) коло алды.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы жалпы командалык эсепте 15 мамлекеттин ичинен үчүнчү орунду ээледи.

Ал эми эркин күрөш боюнча Тайырбек Жумашбек уулу (65 кг) күмүш, Билол Шарип уулу (65 кг) жана Алмаз Сманбеков (57 кг) коло медалга ээ болду. Кыз-келиндер арасында 76 кг чейинки салмакта Айпери Медет кызы күмүш алды.

Бул кыргызстандык спортчулар үчүн 2025-жылдагы биринчи эл аралык мелдеш. Ошондой эле Кыргызстандын эркин күрөш жана грек-рим күрөш боюнча курама командаларынын жаңы машыктыруучуларынын биринчи турнири. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG