Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:28

УКМК Фейсбуктун дагы бир колдонуучусу кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Фейсбуктун Жусуп Ботобаев аттуу колдонуучусу Бишкек-Москва каттамы менен Орусияга чыгып кетүүгө аракет кылган учурда “Манас” эл аралык аэропортунан кармалганын билдирди.

Атайын кызмат ага “өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана массалык баш аламандыктарды уюштуруу максатында Фейсбук социалдык тармагында чагымчыл маалыматтарды жарыялап турган” деген айып коюуда.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жусуп Ботобаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына камакка алынды.

Азырынча анын жакындары жана адвокаты менен байланышууга мүмкүн болгон жок. “Азаттык” алардын да пикирин берүүгө даяр.

УКМК февраль айында эле Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып коюп, Фейсбуктун дагы бир колдонуучусун кармаган.

Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн адамдарга иш козголуп соттолгон же камалып чыккан окуялар болгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG