Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Мамлекеттик мекемелерде да электр энергиясын үнөмдөө чарасы киргизилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети 6-ноябрда электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да киргизилгенин билдирди. Ага ылайык, бул мекемелер саат 18:00дөн 06:00 аралыгында жарыкты жана электр шаймандарын иштетүүнү чектейт.

Маалыматта айтылгандай мындай чектөөлөр стратегиялык объектилерге жана күнү-түнү иштеген, коргоону, коопсуздук, саламаттык сактоо, социалдык мекемелерге жана калктын жашоосун камсыз кылган түйүндөргө тиешеси жок.

Өкмөт мындай чектөөлөр ай сайын болжолдуу 40 миллион киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет деп күтүлүп жатканын кошумчалады.

Министрлер кабинети маалымдагандай, быйылкы тогуз айда Кыргызстанда электр энергиясын керектөө рекорд чекке жетип, дээрлик 1 миллиард киловатт-саатка көбөйдү. Бул жаңы өнөр жай ишканаларынын, социалдык жана билим берүү мекемелеринин ишке киргизилишине, ошондой эле турак жайдын көбөйүшүнө байланыштуу болуп жатканы айтылды.

Өкмөт ошол эле учурда Токтогул суу сактагычында суу былтыркыдан 2 млрд куб метрге аз болуп жатканын белгилеп, мындай абал суу жана энергетикалык ресурстарды сарамжал мамилени талап кыларын эскертти.

Ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда бир нече саат бою электр кубатын берүү чектелген. "Акылдуу эсептегичтерде" эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.

Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык абонент электр энергиясын колдонот. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр.

Ушул тапта өлкө аймагында жана борбор калаада жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жатат.
Буга чейин Энергетика министрлиги быйыл кыш оор болорун айтып, элди айрым техникалык мүчүлүштүктөр менен авариялык өчүрүүлөргө түшүнүү менен кароого чакырган.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG